Выбрать главу

* * *

Соккон жүрөгүм нурланып, жаратканым жакшы каалоо ийгилигин, жүрөгүмө киргизип турса, менин жашоом жакшы жагына ооп бараткандай сезилет.

* * *

Адам пендесине өлүм келе турган кубулуш, келсе көтөрөбүз. Ал кандай жол менен келет биз ошону билбей жана сактана албай жатабыз. Келсе аны да көтөрөбүз.

* * *

Кээ бир адамдар айтат: «Күндү кантип жүрөгүбүзгө батырабыз» деп. Батырабыз жүрөгүнө күндү батырып, адамдарга кайра нур чачкан улуу гений адамдар толуп эле жатпайбы.

* * *

Аркандын бир учунда сүйүү, экинчи учунда жек көрүү турат. Жүрөгүмө «Кайсынысын аласың десем?», «Сүйүүнү эле аламын» дейт. Албетте сүйүүнү алган жүрөк башкаларга бактылуу нур тарата алат. Ошол үчүн жүрөк жашап, жана жакшынакай иштеп жатат.

* * *

Адам деле пенде эмеспи, сүйүп да, жек көрө да, билиш керек. Сүйүүнү жана таза жашоону булгаган кишини жек көрүш керек. Ал эми тазалыкка, сүйүүгө, акыйкат чындыкка умтулган адамды жакшы көрүш керек.

* * *

Маанисинде жалыны, таланты, ачылышы, чындыгы жок адабият чындыкка такыр дал келбейт.

* * *

Элдин демине журтка каршы багытталган адилетсиздикти жана жалган ушакты жеңип, чындыкты жарата алган адам баатырдыкты деле жарата алат.

* * *

Чындыкты садага чапкан адамдын жанында жүрүү коркунучтуу жана опурталдуу

* * *

Элди ээрчитип келеткан эл башчынын жолу дайыма алдыда болуш керек, ал токтоп калса, же баса албай эмне кылаарын билбей кетенчиктеп артка карай жылса, артындагы күргүчтөп келаткан журт аны тепсеп кетсе жок болушу ыктымал.

* * *

Жашоо канчалык сулуу көрүнгөнү менен ач көз, митаам адамга кандайдыр бир жери жетпей турат.

* * *

Ыр жазып баарыбыз акын болдук деп турабыз, бирок таланттуу ыр жазып качан Алыкулдай чыныгы даанышман болууга жете албай арманда турабыз.

* * *

Өсүп турган роза гүлүнүн сулуулугу каргага керек эмес, сулуулукту даңазалап оболотуп ырга салган тигил булбул менен акынга керек.

* * *

Бул оорчулук, жокчулук заман акыры бизден бир күнү кетеерин билип эле турабыз, бирок тетиги элдин канын соргон жетекчинин кайсы күнү иштен кетеерин такыр билбей турабыз.

* * *

Ырас эле адамдарга өмүр бир эле жолу берилиптир, эки жолу берилсе, Напалеон сыяктуу адамдар, бул дүйнөнү азга болсо да, кайтадан бийлеп алайын деп ааламды будуң-чаң кылмак экен.

* * *

Бийликтен жетип элдин башкарам дегендер өтө көп болуп жатат. Бийликке жетип элимдин турмушун кантип оңдойм дегендер такыр эле жок болуп жатат.

* * *

Өлкөгө эркиндикти эл алып келет. Ошол эркиндикти пайдаланып кээ бир адамдар эл башчы болуп, өз жанын жана жакындарын жыргата туйтуна баштайт. Анда биздин элге такыр эркиндик жеткен эмес. Эл мурункудай эле жакыр жашап келет.

* * *

Элге арналган кубанычты, сүйүүнү, бакытты, өлүмдөн коркпогон бир баатыр гана жаратты. Бизде ошондой баатыр бар үчүн кубанычтабыз.

* * *

Бала чагымда туулган жердин бобереги тоолоруна атам экөөбүз дайыма кой кайтарып жүрчүбүз. Азыр дагы кой кайтарып турам. Бирок атам жок жалгызмын. Атамын ошондогу элесин сагынып, ойго батып турам… Мен мезгилдин өтүшү менен атамы, балалыкты, койлоруму андагы күндөрдү баарын кайда жогототтум?

* * *

Тоодо кой кайтарып жүрүп, кузгундун куркулдаганын, карганын каркылдаганын, суурдун аңкуштаганын, койлордун маараганын жана жымжырттыктын көшүлгөн үнүн уктум. Булар мен угайын деген жаратылыштын өлбөс -өчпөс сыйкыр үндөрү эле. Бул үндү бала күнүмөн бери угуп келатам. Ал менин сагынып, эстеп калайын деген үндөр эле.

* * *

Ачка курсакты тойгузуу баарынан жеңил, а бирок ага тамак табуу кандай кыйын жана оордукка турат.

* * *

Жаштар үйлөнөөрдө аябай катуу ойлонуш керек, үйлөнгөндөн кийин эсине келген өтө кеч болуп калат.

* * *

Күн алоо кызарып батып баратат, келгиле адамдар күн батып кеткенге чейин карап туралы, ага жылыналы, алоо нурду жүрөгүбүзгө киргизип, башкаларга чачууну ойлонолу! Жана жашообузга күн жылуулугу сыяктуу жаңы нерсени кошолу!

* * *

Оттун жылуу табы деле адамдын жүрөгүндө жаралып күйөт. Ал ошол жаралган жеринде эле тура бербей жүрөктөн-жүрөккө өтөт. Анын сыйкырдуу керемет жылуу илеби ошондо.

* * *

Түбөлүктүү нерсе ар дайыма энеден төрөлгөндөй жаңы жана коозддукта турат. Ал ошонусу менен жоголуудан сактанып турат.

* * *

Байыркы ата бабаларыбыз эне тилибизди унутпасын деп: «Манас, «Эр Табылды», «Курманбек», «Эр Төштүк», «Олжобай менен Кишимжан», «Кожожаш» деги койчу санат жеткис элдик чыгармаларын урпактарына калтырган. Ошолордун тилегин унутуп, эне тилибизди сүйлөбөй унутсак бизди алардын арбагы кечиреби?