Выбрать главу

* * *

Акылман осуяттардын баары эле айтылып жүргөн сөздөрдөн турат. Бир эле айырмасы аны акылман жоготпой кагазга көчүрүп, китеп кылып, чыгарып койгонунда турат.

* * *

Кээ бир адам бир баскан жолун кайра-кайра бир канча жолу басып чыгат. Ал ошончо жолу жаңылыштык кетирген адам.

* * *

Акыл, ишенчи, токтоолук жана сүйүү өкүм сүргөн жерде, адамдын жан дүйнөсү, бузулбайт, жоголбойт, алданбайт баардыгы таза алтын сандыкта сакталып турат.

* * *

Турмуш даректүү жана дарексиз нерселерден турат. Дарексиз нерселердин жогору жагына дарактүү нерселер калкып чыгып көзүбүзгө даана көрүнөт.

* * *

Жаңы жыл өтүп, күн узарган сайын, жаз бизге: – «Шашпай тургула мен силерге жакында барып калам»,-деп кабар айттырып жаткансыйт. Адамдар ал кубурды угуп алардын жүрөгүндө кубаныч калкып жаткансыйт.

* * *

Жакынды жакын дейбиз, алысты алыс дейбиз, адамдар аралыкка карабай, бири-бирине мээрим чача байланыша жүрсө дейбиз.

* * *

Кайгы оор, оор нерсени көтөрүп жүрүү андан бетер оор, бирок адамдын жүрөгүндө кайрат жана ишеним бар. Алар адамды ошол оор нерсенин азабынан коргойт.

* * *

Жашоодо өмүр сүргөн эркек жана аял бар. Экөөнүн ортосунан жаралган мотурайган балдар, кыздар бар. Демек аягында бактылуу жашап жаткан таалайлуу үй-бүлө бар.

* * *

Эл башчы же өкмөт саясатты жакшы жүргүзө албай калганда, элдин баары баладан чоң кишиге чейин саясатты кобурап, саясаттычыга айланып кетет.

* * *

Карылат айтат: «Элибизди Көкчөкөз, Көзкаман, Тазбайматтар башкарбасын. Булардын жолу башка, элдин жолу такыр алардан башка. Бизди азыркынын баатыры Манас башкарсын ошону таап бийликти ошого берели!»– дейт

* * *

Саясатчымын деген адамдын жүрөгүндө элге болгон адилеттүүлүк, чындык, Ата -Мекенди сүйүүнүн жолдору көрүнүп турсун. Андан мурун ал адамда эне тилин, ата-бабасынын жолдорун сыйлаган урматы көрүнүп турсун.

* * *

Кээ бир саясатчылар өз караанын жалаң ак үйдүн ичинен көргүсү келет. Жок алар өз караанын элдин арасынан көрсүн. Ошондо элге да, өзүнө да эң жакшы болот.

* * *

Ар бир күн жөн эле өтпөйт, ар бир күндө адамдар бири-биринин жүрөгүнө коштошуу жана жолугуунун аянычын таштап кетип турушат.

* * *

Мен жүрөгүм менен Гиминимди, конституциямды жана желегимди сыйлайм алар менин ким экенимди, жашоодогу законумду жана туулган жеримдин үнүн менин жүрөгүмө угузуп шыбырап турат.

* * *

Түн ортосунда жолочуларды ташыган поездин үнүн угулуп жатат. Демек адамдар түн ортосунда да жолочулап, тынбай жашоосун улантып баратат.

* * *

Кечөө эле бийликке келип, өлкөнүн каражатын аябай жеп, колуна чынжыр тагынып, калган адамдардын караанын көрдүк. Биз бир көрүнгөн утурумдук жок болуучу караандарды көрдүк.

* * *

«Турмушта эмне ачуу, эмне таттуу?» деп балдардан сурасак. Алар « Шекер таттуу, туз ачуу» деп жооп беришти. Митаамдыгы жок алтын балалыктын жообу ушул.

* * *

Кээ бир саясатчылар айтат: « Саясат бул баланын ойну» деп, алар саясатты баланын ойнундай куурчак кылып ойноп кирсе, алар терең жаңылышат.

* * *

Саясаттын башында турган адам. «Бул меники, бул сеники дебей, Мунун баары менин элимдики», деш керек.

* * *

В.В. Радлов айтыптыр: «Кыргыз сөзү кулакка ырдай болуп угулуп, өтө жагымдуу жана назик» деп эскертиптир. Карагылачы касиеттүү улуу окумуштуунун кыргыз сөзүнүн кереметине маанисине тан берип, суктанганын. Бул улуу ойду биз да унутпай урматтап, жүрөгүбүзгө сактай жүрүшүбүз керек.

* * *

Байыркы биздин ата-бабаларыбыз, өзүнүн арман кубанычын, суукта жоголбос, чагылгандын отуна күйбөс, шамалда убаланбас таш бетине чегип сөздөрүн, осуяттарын бизге калтырган. Ошол ыйык сөздөрдөн биз байыркыдан кабар алып турабыз. Биздин киндигибиз байыркы бабаларыбыз менен байланыштуу.

* * *

Эл эне тилин сактап турат. Эне тили элди сактап турат. Ал жоголсо, ошол элдин улуттук идеясы кошо жоголот. Анда эли эмне болот? Ошону терең ойлонгулачы?!

* * *

Ар бир элдин ой жүгүртүүсү, философиясы, психологиясы, дүйнө таанымы, даанышмандыгы, саясаты, жүрүш-турум эрежелери ошол элдин эне тилинде чагылып, улуттук идеясын өлбөс болуп жанып турат.

* * *

Кыргыз элинин улуттун идеясы, улуттун руху. эне тилинде чагылып, ар бир адамдын жан дүйнөсүндө, жүрөгүндө тирүү жашап турат.

* * *

Түбөлүктүү улуттук идея ошол элдин байлыгын, биримдигин, чарбасын чыңап, ошол элди жоготпой түбөлүккө сактай алат.

* * *

Ар бир элдин эне тили ошол элдин байлыгы жана келечеги, аны аман-эсен сактап, алдыга алып барып, урпактарга тапшыруу ошол элдин колунда.