Выбрать главу

* * *

Жүрөгүнө таза тунук сүйүүнү алып жүрбөгөндөр, көзүмө шектүү адамдардай туюлду.

Оорду менен сүйлөп, оорду менен жүргөн адамдар, көзүмө кандадйдыр бир маданияттуу адамдардай туюлду.

* * *

Бирөөнүн жакшы акылын угуп, аны өзүңүн акылыңа кошуп алганың жарым байыганыңа барабар болот.

* * *

Жардылык жоголгондон кийин, адамдардын жашоосу оңолуп, анан рухий байлык мен быяктамын деп өзүнөн өзү келет.

* * *

Адашпай жүргөн адамдар бар, жалгыздыкта жүрүп буюуккандар бар, өзүбүз менен бирге эле жүрүп буюугуп адашкандар да бар. Адамдар силерге ошол адашып жүргөндөрдү оң жолго салып койсоңор алардын алкышына татыйсыңар!

* * *

Жакшы адамдын жан дүйнөсү деле кооз жаратылыш, табяттын кооздугу жакшы адамдын жан дүнөсүндөгү жаратылыш.

* * *

Чындыктын жүзүнөн эл үчүн иштеген кишинин өңү көрүнөт, а жетекчинин жүзүнөн чыныгы турмуштун өзү көрүнөт.

* * *

Мен силерге көргөндөрүмү гана айтам, эгер бир нерсени көрбөй туруп көрдүм деп айтсам, анда калпычы болом.

* * *

Жаңы министр келсе, эски министр кетет бирок жаңысы эскисинин кетирген кемчилдигин оңдой албаганы эң жаман. Анда эл үчүн эскиси да жаңысы да эң жаман.

* * *

Жакшы адам болуп, ата-энеңин үмүтүн актаганың ал чоң кубаныч, ал эми жалпы элиңин күткөнүн актаганың ал аябаган эле зор атак даңк!

* * *

Шакирт менен устат жолукса алардын ортосун талант даарыйт, жинди менен дардаңбай жолукканда жин даарыйт, ушакчы менен ач көз жолукса бузукулук даарыйт.

* * *

Жашоодо эки жүздүү адам жаман. кошоматчылык эң жаман, кыянаттык, жүзү каралык андан бетер жаман.

* * *

Бийликке жетем деп дүрбөлөңдү саясатчылар баштайт, бирок анын азап- тозогун эл көрөт.

* * *

Жашоодо адамга өлүм жана ачарчылык коркунучтуу. Ушуларга элине алып келген өлкө жетекчилери андан жүз эсе коркунучтуу.

* * *

Эрке жел эч убакта токтоп калбайт, ал токтоп калса, адамдын бетин сылаган назиктик менен боорукердик жоголот.

* * *

Акылмандык болгон жерде акылсыздык болбойт, аны акыл «Ары бол, бери бол!» деп оң жолго салып турат.

* * *

Бир жөнөкөй адамдын баласы чоң кызматка көтөрүлгөн экен. Атасы баласын оңурая карап: «Менден тууган баланын ушундай чоң болот ,-деп, өңүмдө эмес түшүмдө да элестеткен эмесмин»– деп баласын улам-улам тиктеп аябай таң калыптыр.

* * *

Мен элди башкарган жетекчилерге собол кеңеш айткым келет:

«Ааламда бир эле күн бар, эгерде сенде эки күн болсо, ого бетер жакшы, Асмандагы күн сени жылытсын, сенин жүрөгүңдөгү күн сен башкарган элдин жүрөгүн жылытсын. Ошондо элге да сага да бейиш күн келет.

* * *

Тамгадан сөз, сөздөн сүйлөм, сүйлөмдөн чыгарма түзүлүп, китеп пайда болот.

Ал эми мүнөттөн саат, сааттан күн,күндөн жума, жумадан ай, айдан жыл куралып адамдын өмүрү түзүлгөн. Чындыгында китеп да адамдын өмүрү да кичинеден куралып отуруп түзүлгөн.

* * *

Бир нерсени өтө көп билгениң абдан жакшы бирок ошол билгениңди турмушуңда пайдаланганың, андан бетер жакшы.

* * *

Көп окугандыгың сага байлыкты алып келбейт, бирок жан дүйөңдүн байлыгын түзүп тураарына бекем ишен.

* * *

Тоону карасам, ашууларды ашкан ата-бабалардын жолу жатат. Биз басчу жолдорду ошол бийиктикке алып барган ошол ата-бабаларыбызга чын жүрөктөн ырахматыбыз айтылат.

* * *

Китепсиз билим жок, кайсы китеп бактылуу баардык кылымдарда окулган китеп бактылуу.

* * *

Адам бир ийгиликке жетсе, дагы бир ийгиликке жетем деп аттанат антпесе жүрөгүндөгү күрөш жолу токтоп калат.

* * *

Жашоодо коркунуч жана баатырдык бар. Адам коркунучту аралап жүрүп отуруп, баатырдыккажеткенин билбей калат.

* * *

Жүрөгүбүздө эрк, кайрат, эмгектин деми кайнап жатат, демек биз күчтөнүп жан рухту жыйнап жаткан адамдарбыз.

* * *

Бала бирде жыгылат, бирде чуркайт, бирде күчүк болуп үрөт, ал жашоонун сырын жаңыдан үйрөнүп келе жаткан кичинекей адам.

* * *

Чындыкка жетели деп, күрөштүк дагы алдыбызда сонун күндөр бар, ошондо чындык үчүн кан жаныбызды берип, дагы аябай күрөшөбүз.

* * *

Адам улгайган сайын айланасындагы майда барат ыпыр-сыпырды даана көрөт. Анткени ал жашоону бийиктиктен карап калган болчу.

* * *

Бийиктикте күн улуулук, сулуулук, даанышмандык нурун төгүп турду. Адамдар ошол асылдыкка жетели деп, канат издеп турду.

* * *

Бул дүйнөгө келип жашоонун сырын түшүнүп жана түшүнбөй кеткен адамдар бар. Сен кайсы жагына киресиң ошону айтчы замандашым!?