Выбрать главу

* * *

Адам кандай болсо анын сүйлөгөн сөзү ошондой, сөз адамдын акылы менен анын ойлонуусунан жаралган керемет. Сөз эч убакта кармалбайт. Кереметтин учкуну көңүлдө гана кармалат.

* * *

Өзү өскөн жерине батпай калган күнөөлүү адамга, үйү да тар болот. Ага кенен көчөсү да, тар болот. Көчөсү эмес бүткүл айылы тар болот.

* * *

Күн алыс, бирок анын чачкан жарыгы биздин жүрөгүбүзгө жакын. Жалганга караганда чындык адамга жакын.

Алыскы жылдыздарга караганда ай жерге жакын.

* * *

Жакшы сонун жасалган буюм кичинекей эле болот. Ал ошонусу менен көркөмдүккө бөлөнгөн.

* * *

Талаанын турмушун өскөн шыбак айтып берет.

Тоодо өткөн турмушту койчу айтып берет.

Аты өлүп, талаада калган жолочу, башындагы арманын айтып берет. Кыскасы айтылбай калган нерсе болбоду.

* * *

Кытайдан качып келген Алманбет баатырдын арманы жалпы кыргыздарга сабак. Кыргыздар өз баатырын батырбай башка жакка качырса, ал андан бетер сабак.

* * *

Жакшы өнүккөн өлкөдө жакшы жаңылык бар, а өнүгө албаган жакыр өлкөдө эмне жаңылык бар?

* * *

Көз жаштын артында оор тагдыр жатат.

* * *

Сапар келип тоодогу таш короону көрдүм, Ата-бабамдын жашоосун көрдүм, анан өзүмдүн балалыгымды ккошо көрдүм.

* * *

Асыл ойдун касиети тоодой ойду ичине батыргандыгында, Тоодой ойдун улуулугу анын тереңдигинде.

* * *

Мээримдүүлүк менен достук болгон жерде сөзсүз бир жакшы нерсе башталат. Ар кандай сонун иштер бизге ошол жактан келип турат.

* * *

Чындык оңго, жалган солго кетти. Баардык китептеги жомок ошондой башталып, ушундай бүткөн.

* * *

Жек көрүү, арам саноо, көрө албастык жүрөгүмө кайдан келди, аны дагы изилдейин, жаркын үмүт, жакшылык, берешендик, кенендик жүрөгүмө кайдан келди, муну дагы изилдейин.

* * *

Мен ага эчтеке деген жокмун, ал мага бир нерсе айткан жок, биз үнсүз сөзсүз гана коштоштук…

* * *

Макоого менин айтканым түшүнүксүз, анын мага айтканы түшүнүксүз, экөөбүз үчүн бул дүйнөнүн баары түшүнүксүз

* * *

Элет жер. Бир гана куштар, бир гана тынчтык

– Куштар кандай жашооңор жакшыбы?, – дедим.

– Жакшы биз тынчтыкта жашап жатабыз, – дешти.

– Тынчтыгыңарга береке берсин силер тынч болсоңор биз да тынчпыз, – дедим.

* * *

Бир кары айтты:

– Бүтүндөй өмүрүм тоодо мал багуу менен өттү. Досум-жамгыр, иним-шамал, кошунам-туман, өлөң төшөгүм, асман менен жер. Ырчыларым: Бороон менен албууттанган дайранын үнү болгон, – деди. Ошол менин өмүр бою мал багып өткөн атам экен.

* * *

Кел жагымсыз жаман нерсени сүйлөбөй, жагымдуу бир жакшы нерсени ойлонуп отуралы!

* * *

Жаманчылыкты билбей туруп жаңылган адам күнөөлү эмес, билип туруп ошого барган адам күнөөлү.

* * *

Чындыкты айтса, жалгыз адамдын сүйлөгөн сөзү да оорундуу, миң адамдын атынан бир жалгыз адамдын сүйлөгөн сөзү да, андан бетер орундуу.

* * *

Бала энесин түшүндө көрсө, ал сагынычтын элеси, суук кышта жаздын жаркын элесин түшүндө көргөн, ал үшүгөндүктүн элеси.

* * *

Үшүгөн адам «Отун кайда?»-дейт, ачка адам «Тамак кайда?»– дейт, элинин каары жанып, жаалданган журттун эл башчысы «Тынчтык кайда?» дейт.

* * *

Бир жөнөкөй адамга жакшылык кылсаң жалгыз адам сүйүнөт, бир үй-бүлөгө жакшылык кылсаң ата – энеси сүйүнөт, жалпы элге жакшылык кылсаң журт атасы менен кудай сүйүнөт.

* * *

Улуу адамдын тиги дүйнөгө узап кетиши ошол элге келген жетимчилик.

* * *

Күндүн чыгышын токтото албадык, залим ханга каршы элдин толкунун токтото албадык, мезгилдин өтүшүн дагы токтото албадык.

* * *

Чынчыл киши өлгөн, бирок анын жүрөгүндөгү чындык өлгөн эмес.

* * *

Терезеден кирген желден эшик ачылат, пендеге жакшылык чачсаң ал адамдын жан дүйнөсү сага карай ачылат, өнөрдү барктап бааласаң сага таланттын эшиги ачылат.

* * *

Билгенимен билбегеним көп экен, айтканыман айта элегим көп экен, көрбөгөнүмөн көрө элегим арбын экен.

* * *

Жалган атак-даңктан көрө көзү өткөн жакшы адамды эстеген убак улуу, жалгыз бир адамдын чирип жаткан байлыгынан көрө, маңдай тер менен тапкан бир сындырым нан улуу, курк-курк эткен кузгундун үнүн уккандан көрө, булбулдун бир кайрыгын уккан улуу.