Выбрать главу

* * *

Бөтөн аймактан туулган жеримдин бир ууч топурагы, төрөлгөн жеримдин бүткүл топурагынын касиеттүү элесин бергендей болду.

* * *

Сөздү кулак угат, окуяны көз көрөт, уккан жана көргөн нерседен адам бир жакшы жыйынтык чыгарганга аракет кылат.

* * *

Жакшылыкты көзүң көрөт, айтылган сонун кабарды кулагың угат, булардын баарына жүрөгүң кубанат.

* * *

Сынчылар жакшылыкты, жакшы китеп жазып кеткен таланттарды эскерсин, уулдар көзү өтүп кеткен ата-

энени эскерсин, кыскасы адамдар бири бирин унутпай эскерсин.

* * *

Баланы энеси кайгы, капа, муң, арман үчүн төрөбөйт. Ошону ар бир пенде эстей жана унутпай биле жүрүш керек. Кайгы, капа, муңду адамдар тагдырга өзү жаратат. Жакшы адам башкаларга жакшы сезимди жаратат. Ал ошонусу менен бактылуу.

* * *

Байкабай калып кырсык жараткан адамдын кемчилдигин кечирген бул улуулук. Бирок ошол кечиримдүүлүктү унутпай эстеп жүргөн дагы улуулук.

* * *

Күн, өмүр, суу, аба, үмүт, кубаныч, келечек, эмгек – ал биздин жашообуз жана ал биздин өмүрүбүз.

* * *

Бирөөнүн мага кылган жакшылыгына унчукпай коё албайм.

* * *

Сенин жүрөгүңдө башка бирөөнүн сүйүүсү жүрсө ал кубаныч.

* * *

Мейли Африкадабы, Азиядабы, Америкадабы ач көздүктү, көрө албастыкты, жек көрүүнү алып жүргөн адам жаман көрүнөт. Анткени бул үчөө жер жүзүндөгү баардык адамдардын душманы болот.

* * *

Арыздангандар айтты:

– Жаман адамдар пенделерди кор кылып ыйлатып жатат. Кудайдын көзү аны көрбөй кулагы неге укпай жатат?

* * *

Жеңилип бараткан адам кимге таянат. Кудайгабы? Адамдаргабы? Адамдарга таянат. Адамдар кудайга таянат.

* * *

Улуу эмгектен чыныгы жашоонун булагы менен чындыктын барагы ачылган.

* * *

Күн да узак, түн да узак алар бизге кайталанып кайра келе берет. А жашоодо эмне кыска. Адам пенденин өмүрү кыска. Анткени ал бир кеткен соң кайрылып келбейт.

* * *

Кары адамга жакшылык кылсаң, ал батасын берет. Ал бата сенин көңүлүңө кубаныч себет.

* * *

Таалайлуу өмүр узак болот. Ошол узак өмүр унутулгус эмгек жаратса ого бетер узак болот.

* * *

Өмүр бул: ден-соолук, а ден-соолук айлуу түндө капарсыз ак чөөлмөк ойноп жүргөн балалык.

* * *

Байлыктан мурун ден-соолук болсун, ден-

соолук болсо, байлыкты курап алыш колдон келет. Бирок байлык ден-соолукту чыңдаганга жардамга келет.

* * *

Айрым адамдар ден-соолугуна маани бербей эрте кеткен. Алар ден-соолугунан мурун, өздөрүнүн өмүрүнө маани бербей кеткен.

* * *

Жокчулук кайда десем ал биздин элде эле жашап жүрүптүр, эл башчысы, жогорку бийликтегилер, депутаттар элди тоноп алып жүрүптүр. Элдеги жокчулукту ошолор жаратыптыр.

* * *

Мээримдүү адамдар Жаратканга жана жакшы адамдарга жакыныраак болот.

* * *

Мен эмнени самасам, сен да ошону кааласаң, анда биздин үмүтүбүз бир жерден чыккан.

* * *

Адам энеден таза жылаңач, баё төрөлөт бирок, дүйнө, байлык, мүлк чогултам деп булганычты, арамдыкты кийин жаратат.

* * *

Алдуу сонун адамдын жанында жүргөн пенде, коркунучка учурабайт, аны жакшылык коргоп жатат.

* * *

Бирөөгө берген жакшы кеңешиң ал адамды бакытка чакырып, жаманчылыктан сактайт.

* * *

Өзүнүн өтөөрүн билген адам жарыкчылыкты карап туруп, бул дүйнөгө толгон муңду, көз карашы аркылуу таштап кетет.

* * *

Оорубай жашоо бул бакыт анын сырын ооруп азап тарткандан кийин билдик.

* * *

Жаңы жолго түшсөң, эскини ойлобо, эскини ойлогон, жаңылыктын даамын жакшы тата албайт. Ошону ойло!

* * *

Таз жору бийликке келип, элдин башына каран күн түштү. Анткени ал жорулук сапатын таштабады. Жорулук сапат менен эл келише албайт.

* * *

Биримдик болгон жерде, тынчтык болот, тынчтык болгон жерде, жашоо болот, жашоо болгон жерде, чыныгы турмуштун өзү болот.

* * *

Балдарың күлүп турса, үй-бүлөң бактылуу, үй-бүлөнү күлкү араласа, ата-эне бактылуу, таалайлуу ата-энеден эл бактылуу.

* * *