Выбрать главу

Биздин жашообузду поэзия жана проза аралап жүрүп отурат. Поэзия жаштык кубаныч жана эргүү баскан өмүр. Ал эми проза саламактуу, турмушту өтө олутту караган чагыбыз.

* * *

Жөлөк бала турганда, ата-эне бактылуу, үмүтү ишке ашкан жигит бактылуу, эли токчулукта жашаган, хан бактылуу.

* * *

Калыстык, тынчтык барда, көңүл аман, көңүл аман болсо, журт аман, журт аман болсо, заман аман.

* * *

Жымжырттыкта туруп, алып кимге жаманчылык кылдым, кимге жакшылык кылдым ошону эстеп жатам.

* * *

Кээ бир пенделер адамдарды иштеген ишине, даражасына, байлыгына карап сыйлашат, андай адамдар чыныгы адамдар кайда экенин билбей жаткандыр, же ошол адамдар алардын көзүнө кудай сыяктуу көрүнүп жаткандыр.

* * *

Жүрөгүмө жаманчылык жана, жакшылык кирем дейт.

Кайсыны кийирүү ал менин эрким.Албетте мен чыныгы адам болуш үчүн жакшылыкка жакындашым керек.

* * *

Алыска аккан дайранын жолу узак, кайгылуу жанга кыштын түнү узак, бирөөнү зарыгып күткөн мезгил узак.

* * *

Көл тамчыдан куралат, акча тыйындан куралат, ар бир жыл сааттан куралган сыяктуу, сенин өмүрүң эмгектен куралаарын унутпа!.

* * *

Жоголоор эл тилин жерийт, түшөөр хан элин жерийт, кетээр аял келген жерин жерийт.

* * *

Аарынын чакканы ачуу, балы таттуу, чындык менен айтылган сын ачуу, кээде жалган мактоо таттуу.

* * *

Ай күндөн алган нурду жерге чачат. Колубуз менен кармаганда анын нуру муздак. Бирок анын жылуулугун жүрөгүбүз сезип эле тургансыйт.

* * *

Башында ийгилик менен башталган нерсе ийгилик менен бүттү, а ортосунда изденүү, жаңылуу, жаңылануу жакшыруу кубулуштары сөзсүз болуп өтөт.

* * *

Жүзүңдү чындык менен акыйкаттыктан буруп кетпе!

Эгер буруп кетсең, кайсы жакты карайсың!

* * *

Жазуучу, акындар бардык окуяларды жазып бүткөн. Бирок, жаза турган нерселер өтө арбын. Эскирген турмушту жаңыртып такыр башкача кылып жазыш керек болуп жатат.

* * *

Ар бир адамдын оң, сол буту бирөө, оң, сол көзү бирөө, анын оозу бирөө, аягында анын өмүрү бирөө.

* * *

Көктө жылдыздар миң, жерде адамдар миң. Алар асманда, жерде миң болгон менен ар биринин тагдыры ар башка жалгыздык. Ар биринин өмүрү бул дүйнөгө келип-кеткен жалгыздык.

* * *

Күкүк сайрап жатат, жай бүтө элек экен. Адамдар ырдап жатат, той бүтө элек экен. Акын жаңы чыгармаларды жаратып жатат. Картайса да, кайраты кете элек экен.

* * *

Өткөн өмүрүңдү унутуп баратасың анын эске салаарлык жакшы жагы жок болду беле? Көңүлгө салып эстеер жагы жок болду беле?

* * *

Денени таза көңүлдү куунак кармайлы. Ошентсек өмүрүбүз тунук жана байымдуу болот.

* * *

Заман оңолбой калган жерде, миңдеген сүйүүлөр кыйрап жок болот. Андай жердеги жетекчилер сүйүүнү ойлонгону мындай турсун өз жанын араң ойлоп калган адамдар.

* * *

Бири-биринен өч алуу үчүн жашап калган үй-бүлөдө сөзсүз арман өкүм сүрөт.

.

* * *

Ичкилик жана нашаа болгон жерде сүйүү болот деп уккан эмесмин. Андай жерде армандуу жашоо мен быяктамын

деп кылтыйтып жүзүн чыгарып турат.

* * *

Жашыруун сырлар эмгекте көп эле болот, бирок аны ачып, турмушка колдоно билиш керек.

* * *

Туура айтып түз жүргөндөр бир гана чындык менен коргонот.

* * *

Жакшы адамдын кеңеши, сенин жүрөгүңдө сакталат.

Демек, кымбат акыл кымбат жерде сакталат.

* * *

Адам чындыкты жүрөгү менен негиздейт. Жүрөгүндө чындык болгон адам ак жашоонун өчпөс келечегин негиздейт.

* * *

Ар бир адам өз жолун бийиктиктен алып өтөт. Бийиктиктеги жол бактылуу жол, айлананын баары даана көрүнөт. Күн жолу да, ошол бийиктиктен көрүнөт.

* * *

Улгайган адамдын башынан ак чачтар көрүндү. Ал ак чачтар өмүрдүн жыйынды уланышы болууга тийиш эле.

* * *

Катуу оору адамдын шайын кетирип, кемирип жеп келатат. Катуу кайгы адамдын жүрөгүн алсыратып келатат. Ошентип экөө тең кыйнап келатат.

* * *

Такыр келбейм деген уул, өз үйүнө кайтып келди. Бирөөнө жакшылык кылдың эле, жардамы сага кубаныч болуп кайтып келди. Күн кайра өз уясына эс алганы кайтып келди.

* * *