Выбрать главу

* * *

Романды окуп, андан роман тапкым келет. Аңгемени окуп, андан аңгеме тапкым келет. Өзүмдү окуп жатып, андан өзүмдү же чыныгы адамды тапкым келет.

* * *

Ар бир адамдын үйгө кирип-чыкканын, эшик кыйч-куйч этип эсептеп жатат. Ал эми ар-бир адамдын, өмүрүнүн өткөнүн, убакыт эсептеп жатат. Артыбызга эмне эмгек таштап кеткенибизди ким эсептеп жатат болду экен?

* * *

Кедейдин карызын бербесек болбойт, улуу адамдын осуятын аткарбасак болбойт, сапар узаар карынын акыркы сөзүн укпасак да болбойт.

* * *

Кайгычыл кишиге ар бир кадамы сайын кайгы жолугуп, учураша саламдашып турат.

* * *

Кайгычыл адамкайгыны чакырабы же, кайгы кишини чакыраб?, Экөө бири-бирин чакырат. Андай жерде кайгы ошол кишини оңой менен таштап кетпейт.

* * *

Жаратылышты башкаруунун купуя жашырын сыры бар ошол сырды жакшы өздөштүрсөк анда биз да, жаратылыш энебиз да капа болбойт.

* * *

Улгайганда акыл кирген адам, жолго кеч чыккан жолочуга окшош.

* * *

Тунук акыл далай жакшы нерселерге жол ачат.

* * *

Оома адам менен жолго чыкпа, бир күнү сени жолго таштап ооп кетет. Ошол үчүн адамдан да, оома сапат эң коркунучтуу. Ал жолдо келатып эде тең салмагын сактай албай ооп кетет.

* * *

Адамдын адамга жакшылыгы, бул тунук акыл аркылуу келет. Тунук акыл аркылуу жашоонун жакшы жагы келет.

* * *

Куураган дарактын өңүнөн анын келечеги эмес бүткөн өмүрү көрүнүп турат.

* * *

Акылман адам дайыма бийикте, ошол бийиктикке аны тунук акылы жеткирген.

* * *

Майда адамдын өмүрүн майда турмуш, майдалап жашоосун кемиреек кылганын өзү да билбей калган.

* * *

Кээ бир жетекчинин өмүрү, өмүр бою чындык менен кармашын өтүп баратат. Демек чындыкка каршы чыгып, өзүнүн таламын жактаса, ал баарыбыз үчүн коркунучтуу.

* * *

Өмүр өтүп жатканына кубанбайм, көп өмүр бекер өтүп жатканына кайгырам.

* * *

Учкул сөз жазган адам бул тоодой кумдун арасынан алтын иргеген адам.

* * *

Макоо адам баардык пендени өзүндөй көрөт. Ошол адам өзүнүн макоо экенин барып-барып өмүрүнүн көбү өткөндөн кийин түшүнөт. Ошонусу оорду толбос жоготуу.

* * *

Көптүн арасынан бир келесоо чыкканы өтө жакшы, анткени башка адамдар «Ошол келесоодой болуп калбайлы», – деп сактанып жашашат.

* * *

Кээ бир адамдар өлкөнү урук-тууганы менен күчтөп башкарып келет. Анан өлкөнүн байлыгын талап-тоноп башка жакка качышат. Мунун баары акылы жок, же ата-мекени жок келесоолор иштөөчү жумуш.

* * *

Жетилген тунук акыл адамды көп жаманчылыктан сактап келатат.

* * *

Үнөмчүл сарамжалдуу адам ашкере коромчулуктан корогоно алат.

* * *

Башкаларга акыл чачып кеңеш берип турган адамдар, ашкере таалайлуу пенделер.

* * *

Жашоодо трагедия, комедия бар. Адам өмүрү ошол экөөн аралап өтөт. Трагедия болсо, кайгырып ыйлайбыз.Комедия болсо, каткырып күлөбүз.

* * *

Карыяларыбыздын калыс, ойчул, кеменгер болуп жашаганы эле жакшы жаштар ошол сапатты үйрөнүп келечек жашоого умтулат.

* * *

Улгайган адамдардын жаштарга жакшы жол көрсөткөнү жакшы, антпесе карылык кадыр-барктын бир жери кемип калат.

* * *

Жазуучулардын бир жакшы сапаты бар, алар эч кимге көрүнбөй бекинип алып, бир асыл нерселерди жарата берет.

* * *

Эрдик жасаарда эң алды коркпой өлүмгө тике кара, антпесең баатырдык сага оңой менен жакындабайт.

* * *

Кээ бир адамдар мээсине караганда күчүнө көп ишенет. Алардын акылы өнүкпөй булчуң күчү мээнин кызматын аткарып калгандай туюм келет.

* * *

Үй-бүлөдө чыр-чатактын токтобой келатканы – ал ажырашуунун астын ала айткан белгиси. Же үй-бүлөнүн бузулаар белгиси.

* * *

Токтоолук эң жакшы сапат бирок анда терең ой жүгүртүүн болгону андан бетер жакшы сапат.

* * *

Бир канча никени башынан өткөргөн эркекте бир мандем же бир кыңыр шек бар.

* * *

Эл журтка билинбей түбөлүк дайынсыз жоголуу бул дагы өлүмдүн белгисиби? Же башкабы?

* * *

Залим сапатың айланаңдагы душманыңдын тобун көбөйтөт. Душмандарың көбөйсө ал өзүңө жаман.