Выбрать главу

* * *

Чыныгы эне үй-бүлөнү сакташ үчүн өзү жаккан очогун өчүрбөш керек. Ошондой жерде биримдик бекем болот. Анткени үй-бүлөнүн биримдигин очок эне сактайт.

* * *

Баардык кезде баардык замандарда сүйүү коомго жараша болот. Бактылуу коомдо бактылуу үй-бүлө жаралат. Андай жердин эли да бактылуу.

* * *

Өлкө башчысы канчалык мекенчил болсо, ал жерде ата-

мекенчил жаштар жаралып, мекен ыры жүрөктөрдү каалгып аралайт.

* * *

Каардуу, заардуу үн сүйүүнү жоготуп келген. Назик музыка, сызылган мукам добуш байыртадан бери сүйүүнү жаратып келген.

* * *

Адамдагы акыл эс эң башкы нерсе, анткени анын жашоосу ошого баш ийип турат.

* * *

Кандай жашадым тааныгандар аны да айтсын, кемчилдик кылдымбы, жашырбай муну да айтсын, жакшылык эмне? Жамандык эмне? Баарын так айтсын!

* * *

Мектептин балдары коңгуроону көрбөй эле анын үнүн угуп, класска кирип-чыгып жатышат. Коңгуроонун бардык болгон касиети кабар айткан жаңылыгында, жаңы шыңгыр үнүндө, ар бир адам мектептеги балалыгын эстесе коңгуроо каккан кишини да эстеп жатышат.

* * *

Өмүр бою көп нерсени үйрөнүп келатам. Дагы көп нерсени үйрөнөт окшойм. Жана дагы үйрөнүп бүтпөйт окшойм.

* * *

Адамдын денесинде ысык от жана жалын бар. От менен жалын өчкөн күнү пенденин жашаган күнүнүн бүтмөгү бар.

* * *

Сен тиккен дарактар сенин эмгегиңди даңазалап ыр ырдап жатат.

Ошонун үнүн укчу адамым!

* * *

Баланын эрдиги ата-эненин даңкына айланат, жүрүп отуруп, жалпы элдин кубанычына айланат.

* * *

Пенделерге кылган жакшылыгың сени менен болот. Сенин көзүң өткөндөн кийин алардын жүрөгүндө болот. Демек жакшылык түгөнбөс нерсе болот.

* * *

Улуулук түгөнбөйт, ал ошонусу менен таалайга бөлөнгөн.

* * *

Өсүүчү баланын атасы – акыл, энеси-эмгек, конушу -талант, минген тулпар аты-үмүт.

* * *

Бири-бириңерди сыйлай жүргүлө! Араңар алыстап баратат. Араңар алыстаса, баягы өзүңөр жараткан жакшылыгыңар өчүп, унутта калат!

* * *

Ата-бабабыз калтырып кеткен туулган жерди башка элге сата көрбөгүлө! Антсеңер, ата-бабанын аманат керезин аткарбаган болобуз. Асыл керезди аткарбай кийинки муунга уят болобуз!

* * *

Жалпы дүйнө элин оору каптаса, ал арман. Бирок дүйнө эди ал арманды жеңбей койбойт. Анткени дүйнө элинин биримдиги ал оорудан миң эсе күчтүү.

* * *

Бирөө келбей ага экөө келатат. Келбей калганы өткөн өмүрү. Келатканы карылык дагы бирөө келатат? Ал эмне эле?

* * *

Үчөө болчу, экөө келди. Бирөө күтүп отурат. Карылык, оору келди. Ал кишини дагы эмне күтүп отурат? Анын жайын азырынча кабарлабаш керек.

* * *

Эне тилим, ата мурасым – менин байлыгым. Менин байлыгым– элимин байлыгы. Ар бир эне-тил дүйнө элинин байлыгы.

* * *

Атасы кетсе баласы калат, баласы жок болсо ким калат? анда ата очогу ээнсиреп калган жатат.

* * *

Жардынын арманын кудай угат. Андан башка угуучулар барбы?

* * *

Бул дүйнөдө жакшылык бар экенин билдим. Бирөөгө жардамдашсам анын кайрымы бар экенин дагы билдим.

* * *

Үй-бүлөбүз кичинекей өлкө болот. Өлкөбүз чоң мамлекет.

Кичинекей өлкө бейпил жашаса, чоң өлкөдө кубанычы артат.

* * *

Ынтымакыз эл, келечеги жок өкмөткө кабылган.

Келечеги жок өкмөт болот, ал эми келечексиз эл болбойт.

* * *

Өкмөт чындыкты элден бир жолу жашырат, эки жолу жашырат, а түгүл жыйырма, отуз жолу жашырат. Ал эми жүз жолу кантип жашырат? Ошончо эл чындыгын кантип эле жоготуп жиберсин?

* * *

Үлгүлүү жүрүш-туруш адамды көрккө бөлөйт. Андан ары анын бүткүл өмүрүн көрккө бөлөйт.

* * *

Ийгиликтин дарагы талант. Аны дайыма сугарып турбаса куурап калат. Суусу – эмгек.

* * *

Башкаларга зыяны жок ак пейил киши уктаганда да сонун түштөрдү көрөт. Андай адам түшүндө жакшылыкка эрте жолугат .

* * *

Талант менен ширелген улуу эмгек, мезгил өткөн сайын эскирбей жаңылана гүлдөп, ажарына чыга берет.

* * *

Ал башкалардай эле ачка алсыз болуп жүрүп, улуу китепти жаратты. Улуу адамдар башка жактан келбейт. Элдин ичинде жүрүп, эле элден чыгат.