Выбрать главу

* * *

Бирөөгө мээрим чачсаң, анын мээримине сөзсүз кабыласың. Көп адамдар ушул сырды билбей башканын мээримине кабылбай жүрүшөт. Алар такыр ушуну түшүнбөй жүрүшөт.

* * *

Күн эртең менен чыгып, кечинде батып кетти. Дагы бир күн сапар кетти.. Өмүрүбүздүн кечмелиги токтобой өтүп кетти.

* * *

Адам болгон жерде, аласа жана бересе болот. Аласа болгону жакшы, сен – байсың. Бересең болсо – жардылыгың.

* * *

Сылык мамиле мээримдүү жүрөктөн жаралып, башка адамдардын жүрөгүнө ошол мээримди жоготпой өтүп, кубанычты арттырат

* * *

Падышанын кампасында алтын күмүш ар түрдүү кымбат нерселер катылып, аны куралдуу жоокерлер кайтарып турат. Кайтарбаса бирөө уурдап кетет.

Ошондой эле улуу китептерде улуу кенч катылып жатат. Аны окуучулар окуп, жүрөгү, аң сезими акылман нерселерге чулганат. Себеби ал жалпы адамзатка арналган улуу байлык аны эч ким уурдай албайт. Уурдап алып окуса, уурунун жан дүйнөсү жашарып, уурулугун таштайт. Бирок ал байлык падышанын алтын зергерлеринен миң эсе артык.

* * *

Ичпеген адамдар кандай бактылуу. Алар кайгы, капа масчылыктан алыс болушат. Эң башкысы алар оору, сыркоодон алыс болушат. Алар таалайга жана жакшы ден-соолукка жакын болушат.

* * *

Адам дайыма чек аранын жанында жүрөт. Ар жагы чөл жамандык, бери жагы жайкалган жашыл бактуу кереметтүү талаа – жакшылык.

* * *

Адамдар майда барат жана түбөлүктүү иштерге бел байлайт. Бирок майда барат нерсе түбөлүктүү өмүрдүн өзөгүн түзөт.

* * *

Пенделер болбогон нерселер менен алектенет. Негизги нерсе унутулуп, өмүр сая кетип жатат.

* * *

Кылым өтүп, кылым оошот, ар бир кылымдын кара жана ак жагы болот. Карасы – ошол кылымдын арманы, агы – ошол кылымдын кубанычы.

* * *

Байкап карасам ыраак калган өмүрмдөн үл-бүл этип жакшылыктын жышааны көрүндү. Анда мен алыс калган жаркын өмүрүмү көрүп жатам.

* * *

Деңизден ары кургактык жатат, тоолордон ары түз жер жатат, каарман эрдиктен ары өчпөгөн улуулук созулуп жатат.

* * *

Мен ага эчтеке деген жокмун, ал мага эчтеке деген жок. Биз үнсүз, сөзсүз коштошконбуз. Биз бири-бирибизге кереги жок адамдар окшойбуз.

* * *

Элде мындай сөз айтылат: «Кемпири өлгөн чал жетим, энеси өлгөн бала жетим, ээси жок аңгырап калган үй жетим», – мен деле ошол сөздү айтам.

* * *

Кээ бир адамдар жанындагы адамдарды сыйлабай, «Кудай, кудай», – деп эле кудайга сыйына берет. Кудай айтат «Сен жаныңдагы адамдарды сыйлап анан мага кайрылсаң ошондо сага чыныгы бакыт келет», – дейт.

* * *

Ар бир нерсенин башталышы, бүтүшү болот. Иштеген ишибиз жакшы баштадык эле эми бактылуу бүтсө экен деп кудайдан тилеп турабыз. Ошол тилектен үмүтүбүздүн акталышын күтүп турабыз.

* * *

Акындын ырларынан жылдыздар чачыраса, ошол жакшы жышаан. Анын чыгармачылыгы түнкү жылдыздуу дүйнөгө окшогон жышаан.

* * *

Көп адамды ыйлатып байып алган байлыгың, оорду толбос жоготуу деп, ойлосок болот, анткени, кайгыдан чогулган көз жашты кайра ордуна кантип коюуга болот.

* * *

Түндө айылдын четинде бир кырсыктуу окуя болуптур. Аны иштеген шайтандар качып кетиптир. Кылмыш иликтөөчүлөр адамдардын арасынан, ошол шайтандарды издеп жүрүшөт. Адамдардын арасынан аларды издеп табуу оңой иш эмес. Шайтандар да карматкандай бала эмес.

* * *

Кайгы баасы канча десем эч ким жооп бере алган эмес. Ал акча менен эсептелбейт. Оорду толбос жоготуу акча менен алмашса, жашоо мынчалык армандуу болмок эмес.

* * *

Кээ бир жетекчилер атка мингенде эле ээрге кыйшык отурат. Ээрге кыйшык отурган киши атты жакшы бастыра албайт. Анын үстүнө кыйшык отурган адам тең салмагын сактай албайт. Жини келген ат мөңкүп-мөңкүп кирет. Тигил адам денесин башкара албай чаң топуракка башы менен жерге сайылат. Аны көргөн жалпы эл күлгөнүн токтото аябай каткырышып боору эзилет.

* * *

Өмүрдө эки эле китеп болот. Эмгектенип өткөн өмүрүбүз окулуучу китеп, экинчиси бош өткөргөн өмүрүбүз окуйлу десек да окулбаган актай китеп.

* * *

Кышкы түн канчалык узак болгон менен эсептей келсек ал деле кыска, бийик улуу тоолорго чыгалы дейбиз, бирок өмүр кыска.

* * *

Үйгө эшик да, терезе да керек. Эшиги жок үйгө, конок кире албайт, терезе жокто жарык кире албайт. Муздак жүрөккө мээрим кире албайт.