* * *
Жакшы акын туулган жеринин булбулу. Аны жараткан ата-эне таалайлуу.
* * *
Көзү өтүп кеткендерге куран окулуп эстелик тургузулуп жатыптыр. Демек ал жердин адамдары арбактарын унутпай эстеп жатыптыр.
* * *
Бир кезде адамдар куран да окуй албай эстелик да, койбой арбактарды унута баштаган. Бул арбактар үчүн эчтеке эмес тирүүлөр үчүн жаман жышаан.
* * *
Калп бул ойдон чыгарылган чыгарма же фантазия. Чыныгы калпты фантазиясы бар адамдар чыгарат.
* * *
Айылга жакын жерде чоң кара бак бар эле. Анда таш бака жашоочу. Бир күнү назик жел, – «Канча жашка чык-тың?» – деп ошол таш бакадан сурап калды. – «Мен балакезде, бул калың бак анан тигил таштак жол жок, бул аймак аңгыраган ээн талаа болчу. Андан бери канча кылым өткөнүн билбейм», – деп тиги таш бака жооп берген экен.
* * *
Эки жерде эки төрт дегендер бирөөнүн эмгегин жебеген ак ниет сатуучулар. Эки жерде эки беш дегендео алдамчы сатуучулар.
* * *
Журтубуздун саламатчылыгы биз үчүн чоң кубаныч анткени, элибиздин байлыгы ошол жактан башталат. Ал тоодой болгон алтындан артык. Алтының болгондон көрө, чын ден-соолугуң артык.
* * *
Энелер экиге бөлүнөт. Өз жана өгөй. Өгөй эне балага эч убакта өз энедей жылуулук бөлүп чыгарбайт. Бөлүп чыгарса ал өз энедей бактылуу болмок.
* * *
Чоң атам айтчу: «Энекемдин акысынан кутулган жокмун», – деп атакем да ошол сөздү айтып жүрүп өтүп кеткен. Улгайып баратам. энекемдин карызынан мен да кутула албай өтүп баратам.
* * *
Шайтан ээликтирсе адам накта шайтанга айланат, а жүрөгүн шайтан ээлеген адам эмнеге айланат?
* * *
Турмуш шарты оор болуп акын туулган жерине такыр бара албай калды. Бара-бара эли да акынды унута баштады. Бул эки тараптан тең утулуш.
* * *
Кудайды ким унутат? Элинен качып чыккынчы болгон кеткен жетекчи унутат. Жетекчини эл унутат. Ушинтип бири-бирин унутат.
* * *
Бирөөгө жаманчылык кылганыңды абийриң тескейт, ал тескебесе, адамдар тескейт. Алар тескебесе, жаратканым өзү тескейт.
* * *
Адалдыгыңды булактын суусу менен салыштырсаң болот. Анткени, булактын суусунун тунугунан түбүндөгү кумдар көрүнөт. Кум көрүнсө, кумдагы алтын көрүнөт. Алтын көрүнсө, аны менен кошо жылтылдап үмүт көрүнөт.
* * *
Айдын алтын шооласы жердеги төшөктүн үстүнө төгүлүүдө. Төшөктө бала менен эне уктап жатат. Бала эненин эмчегин ээмп, эми эле мемиреп уйкуга кирди.
Түн бейпил тынч. Айыл уйкуда.
Бардык жерде жымжырттык.
Ай гана тынчтыктан төшөк салып, бизди укта дейт.
* * *
Башыбызга оор күндөр келип жатат, бирок чындык биз тарапта, ал бизди азап-тозоктон коргоп жатат.
* * *
Карыялар жаштарды карап, биздин келечегибиз ушулар деп, болочоктон үмүттөнүшөт. Жаштар карыяларды карап кеңеш берээр, жөлөп таяр тообуз ушулар деп, болочоктон, баарынан үмүттөнүшөт.
* * *
Бир бай адам оор заманда энесин карабай кетти. Энеси ачкалыктан каза тапты. Эне сүтүн коргой албаган байлык өлгөн. Байлык менен кошо бала өлгөн. Байлык жана бала менен кошо эне өлгөн.
* * *
Уйку – жымжырттык, түш – жымжырттыктагы жүрүп жаткан кино. Түш кинону элестетип, андан жашоонун жана чындыктын элеси анча-мынча болсо да бүлбүлдөп төгүлүп турат.
* * *
Ар кандай иштин аягы, болот. Ал эми жакшы нерсеин аягы жок, чексиз уланып кетет. Эмнегендир адам баласы жакшылыкты жаратыш үчүн жаралгандай.
* * *
Багбан жемишти сугарат, жемиш ага түшүмүн калтырат. Адам – адамга жакшылык калтырат. Жакшылык да жемиш сыяктуу үрөнүн калтырат.
* * *
Жалгызга жаманчылык жасап кеттим деп сүйүнбө. Сенин жан дүйнөң да жалгыз, сен да жалгыз, жаманчылык да жалгыз. Баары жалгыз.
* * *
Ар кандай жалган бийлик жана арам байлык чындык менен эмгектен төмөн турат. Ошентип, жакшы жамандан баары бир өйдө турат.
* * *
Үйдөн чымындын ызылдап турганы жай мезгил жаныңда турганы, жакшы адамдын жаныңда турганы, коргоочуңдун жаныңда турганы.
* * *
Тоонун башына чыкканыңда, айланаң даана байкалат. Акылман адамдын жанында турганыңда, айкындыктын жүзү даана байкалат.
* * *
Чындык ачуу үн чыгарып чыңырып жатат. Ал байкуш: