– «Жалгыз таштабай жардамга келгиле», – деп силерди чакырып жатат.
* * *
Бакытты тоголок дешкени дагы чын. Көп адамдар аны колунан чыгарса, тоголонуп жоголоору дагы чын, ал эми мээнетти сүйрү дегени дагы чын. Ал бакыттай тоголонуп жоголбосу дагы чын. Демек адамдардын айтканынын баары чын.
* * *
Тоолорум бозомук тартты. Бул күз келгенинин жышааны, чачтарым ак чалыптыр, бул өмүр жашым улгайып жатканынын жышааны. Күз – булл мезгилдин аянычтуу жышааны.
* * *
Адырда койлор көп, койчу бирөө. Алкымда жайылып жаткан жылкылар көп, күлүк бирөө. Эл-журтту алга сүрөгөн баатыр бирөө.
* * *
Ат минип балалык өткөн жерлерден кетип баратабыз, жөн эле кетпей, өткөн өмүрүбүздү эстеп кетип баратабыз.
* * *
Жигит эрдикти жаратат. Эрдик элди атак-даңкка бөлөйт. Эрдик ошол элдин жеке менчиги.
* * *
Колдон түшпөй турган улуу китепти жаратуу да эрдик.
Анын колдон түшпөй окулуп турганы да түбөлүктүү эрдик.
* * *
Бала түшүндө энесин көрүп жатыптыр. Түшүндө көрүп, өңүндө таппай калгандык – бул жетимдик менен сагынычтын бириккен элеси.
* * *
Бөлүнүп, ажырашуу сагынычты жана кусалыкты жаратат. Албетте бардык эле адамды сагына бербейсиң. Сени ким сагынса, сага ошол адам сагынычты жаратат.
* * *
Тагдыр кандай болсо, жашоо ошондой, эмгек кандай болсо түшүм деле ошондой. Мугалим, ата-эне кандай болсо, тарбия деле ошондой.
* * *
Өмүрдүн көбү өтүп, азы калды.
Карыянын чымчыктай жашы калды. Жашообуз өттү, артыбызда эмне калды?
* * *
Чындык каякта болсо, кудай да ошол жакта. Кудай ар дайыма эл тарапта.
* * *
Пенде ойлонуп отуруп, кыялды жаратат. Кыял асманда учуп жүргөн эркин куш. Асманда учкан алгыр куш адамдарга эркиндикти жаратат
* * *
Чагылган түшөөрдүн алдында, түнөргөн айлана бир аз тынчып калды. Жолочулар жолго чыгаардын алдында бир аз эс алды. Сөөктү коюнун алдында журтту да, бир аз тынчтык аралады.
* * *
Балалык өткөн Балгарт дайрасы менен сүйлөшүп жаттым:
– Балалыгым кайда?
– Аны мен агызып кеткем.
– Эми аны көрө аламбы?
– Агып кеткен өмүрдү кантип көрмөк элең?
* * *
Элдин талабын коргоп чыккан баатыр кадимки эле адамга окшош пенде болот. Бирок ошол баатыр жараткан эрдиктин табына миңдеген адамдар жылынган болот.
* * *
Далай жылдар ачкалыкта жана жакырдыкта жашап, оңоло албаган өлкөнүн жетекчисинде же элинде бир мандем бар.
* * *
Туманда адашкандарды: «Сен каяктасың, бергелгин?»,
– деп үн берип чакырабыз. Турмушта адашкан адамдарды биз ошентип качан чакырабыз?
* * *
Биз үч нерсени кармай албадык: – Күмүш сындуу шыңгыр эткен балалыкты, өтүп жаткан өмүрүбүздү жана көл үстүндөгү күү-шаа эткен толкундарды.
* * *
Түн ичинде каякта от болсо чымын чиркейлер ошол жакка учат. Куштар күзүндө жылуу жакка учат. Мээримдүү жүрөк кайда болсо, сүйүү ошол тарапка учат.
* * *
Ар бир үй ичинен да, сыртынан да бекилет.
Ар бир өлкөнүн ички жана сырткы душманы болот. Сырткы душманга эл бар, аны журт менен тосуп сак бололу! Ал эми ички душман өтө коркунучтуу, ошондон да, сак бололу!
* * *
Жогорку окуу жайында окуп жүргөндө ыр жазып, атак-даңктуу чоң акын болобуз дегендерден он элек. Анан бир аз жыл өтүп сегизибиз калдык. Дагы бир аз жылдан кийин төртөөбүз эле калыппыз. Азыр болсо экөөбүзбүз. Азыр ошол эки чабандес акындыктын күлүк атын чапкылап келатабыз. Баардыгын мезгил таразалайт деген ушул тура.
* * *
Рухий дөөлөтүн жоготкон эл жылаңач. Жарды адам көрүнбөгөн жылаңач. Жарды элди башкарган хан жылаңач.
* * *
Рухий байлык бул көзгө көрүнбөгөн жан дүйнөдөгү байлык, ал алтындан баарынан өйдө турган байлык. Аны сага бирөө келип курап бербейт, сен өзүң курап, түзүп алышың керек.
* * *
Өзүм аябай ток болуп, кошуналарымын ачка болуп турганы жаман, ал эми туугандарымын ачка болуп жүргөнүн көрүп, көрмөксөн болгонум андан бетер жаман.
* * *
Деңиз жээгинде ойго батып турам. Күн Атам, Жер Энем болгон, Алдымдагы деңиз жашоом, андагы учуп жүргөн ак чардактар менин бир туугандарым болгон.