* * *
Балалык күндүн бат өткөнүн билбей калыптырбыз. Ал бат окулуп, жабылган китептей экенин да билбей калыптырбыз.
* * *
Кээде көлөкөбүздү көрүп тирүү экенибизди сезип сүйүнүп калабыз. Ал эми күндөрдүн бир күнүндө биздин көлөкөбүздүн жоголуучу кези келет. Ошондо жоголгон көлөкөбүздү бизден башка ким жоктойт болду экен? Кантип эстейт болду экен?
* * *
Уйкунун бузулганы эчтеке эмес, түштүн бузулганы жаман белги болуп турат.
* * *
Күнөөлүү адамдар:«Кечирип койчу!» деп кудайга кайрылган болот. Бул туура эмес. Кимге зомбулук кылсаң, ошол кечирсин. Ошол кечирсе кудайдын өзү кечиргени болот.
* * *
Жакыр өлкөлөрдө байлар болот. Жакырлар андан бир канча эсе көп болот. Жакырлар байлардын байлыгына көз аркан болот. Ошол жаман. Жакырлар биригип кетсе, байларга андан бетер жаман болот.
* * *
Акылмандын сөзү кыска, жакшы адам менен сүйлөшүп баратканда жол кыска, жүз жашка чыксак деле өмүр кыска.
* * *
Бир адам кемчилик кетирсе, дүйнө бир сонун нерседен кемий түшөт.
* * *
Арманда өткөн жалгыздын ыры көрүнбөйт, өчкөн оттун жалыны көрүнбөйт, өлкөсүн таштай качкан хандын карааны көрүнбөйт.
* * *
Оор кезде кайрылбай кеткен пендени эстебе, келем деп коюп келбей койгон досту эстебе, бош өтүп кеткен армандуу күндү эстебе.
* * *
Жокчулукта таштап кетпеген достон ажырабайм, жарды болсом да, сүйгөн кесибимден ажырабайм, үмүт, сүйүү, достук үчөөнөн түбөлүккө ажырабайм.
* * *
Алтын аз, ошол үчүн кымбат, талант да өтө сейрек нерсе, ошол үчүн мага кымбат, өзүмө жаккан адамдын үнүн уккум келет анткени ал да мага кымбат.
* * *
Суук күз назик гүлдү картайтты, жаман бала ата-энесин эрте картайтты, тажаал аял эрин эртелеп картайтты.
* * *
Бир кишинин жеңиши бир үй-бүлөнүн жеңиши, элдик баатырдын жеңиши бүткүл өлкөнүн жеңиши.
* * *
Убада бере берип ишин аткарбаган падышадан түңүл, оор кезде таштап кеткен туугандан түңүл, ата-энесине кайрылбай кеткен баладан түңүл.
* * *
Асманда каркыралар үн салып учуп баратат. Алар менен кошо мезгилибиз кайда баратат? Мезгил менен кошо тең жарыша , биздин өмүрүбүз кайда баратат?
* * *
Адам өмүрүндөгү жашыруун сырдын шыбыртын ачкан сайын анын турмушу акырындап ажарына чыгып жеңилдене берет.
* * *
Карылыктан деле коркпойлу, ал келе турган нерсе, өлүмдөн деле коркпойлу, ал боло турган нерсе, адам тагдыры ошол үчүн татаал кубулуш.
* * *
Пенделер ал адамдын сүйлөгөн сөзүнөн, өңүнөн жакшылыкты көрүп турушту. Ал адамдын чыныгы жетекчи экенин көрүп турушту, Аягында ал адамдан өздөрүнүн келечегин көрүп турушту.
* * *
Жакшынын сөзү жаркын, сөзүнөн мурун өзү жаркын, өзүнөн мурун элге кылган кызматы жаркын.
* * *
Адамдын башкы байлыгы каякта деп сурасам ал айтты:
– Негизги байлык токтоолук, сабырдуулук бир нерсени тажаалданбай акыл менен калыс чечкендик.
* * *
Кайсы жерде чечкиндүү акыл, эмгек болсо, ошол жерде өсүш болот, өсүш болгон жерде үмүт аны менен кошо кубаныч болот.
* * *
Кубаныч – кубанычты чакырат, кайгы – кайгыны чакырат, а көңүл-коштук эмнесин чакырат?
* * *
Арамзалык өкүм сүрүп турган жерге сен чындыктын жолун көрсөттүң, демек, сенин жолуңа таалай нур төгүп жатканын көрсөттүң.
* * *
Жашоодон узаар адам күкүктүн үнүн угуп бир кубанды. Булбулдун сайраган үнүн угуп дагы бир жолу кубанды. Ошол үндөн өмүрүнүн акыркы кубанычын сезип жатабы? Же ошол үндү тиги дүйнөгө алып кетейин деп жатабы?
* * *
– «Дүйнөдө эмне таза, эмне улуу, эмне керемет»? – деп сүйүшүп жүргөн эки ынактан сурадым.
Алар уялып, баштарын жерге салып, ооздорун араң кбыратып, билинээр-билинмексен:
– «Махабат», – дешти.
* * *
Талант адамдар үчүн көп нерсени жаратты, ал бакыттын талаасынан өлбөстүккө карай жол кетип баратты.
* * *
Бактын ичинде, ак сакалчан карыя кап алып жалбырак чогултуп жүргөн эле. Көп өтпөй жалбырактар анын ийнине келип түшүп:
«Биз да сен сыяктуу карыдык сенин өмүрүң узак жылдарга созулду, биздин бир жылдык өмүрүбүз бат эле бүтүп калды», – деп армандуу шыбыраша түшүп жатышты.