Выбрать главу

* * *

Таң атпай жаман сөз менен оозанба! Ал жаман жөрөлгөнүн башталган жышаанасы болот.

* * *

Бир адамды бактылуу кылганың – бул жакшы нерсе, көп адамды бактылуу кылганың – ал түбөлүктүү унутулбаган бакыт.

* * *

Ушундай деген ой туулат: Адам улуубу же тагдыр улуубу? Албетте адам тагдырды жаратат. Аны жакшынакай кылып жаратуу адамдын негизги милдети. Лемек адам улуу. Ал ачуу, таттуудан турат. Бир гана өтүп кеткен ачуу тагдырды кайра оңдоого болбойт. Ал эми таттуу тагдыр ал -кубаныч.

* * *

Жакшы адамдын жакшылыгы башкаларды нурдантып турат. Кеп ошол нурда, ал нур биз үчүн күн нурунан кем калбайт.

* * *

Күн бардык адамдарга нур чачат. Адамдарга нур чачуу жакшылыгы күндөн башталган дешет.

* * *

Жылдыз ыраакпы же ажырашып кеткен туугандар ыраакпы? Ыраакы жылдыздардын жарыгын көзүм көрөт. Ал эми ажырашып кеткен туугандардын жарыгын кантип көзүм көрөт?

* * *

Жайдын күнү жолдо баратам. Кулагыма чымын минтип ызылдайт: «Жай айланып келе берет. Мен тынымсыз ызылдай берем. Өмүрүм тынымсыз өтө берет».

* * *

Балам:

– «Ата, көл кантип куралат?»

– «Көл жаандын ар бир тамчысынан куралат». Ал таң калып:

– «Ар бир тамчыны чогулганча көп жылдар өтөт го», – дейт.

* * *

Ак карлуу тоону карап телмирем. Тоолор мени карап телмирет. Бири-бирибизди телмире караткан кандай сезим болду экен?

* * *

Ушул суроону көп адамдар кайта-кайта сурашат:

– «Адамдын ою узунбу же дарыя узунбу?»

– «Ой узун анткени, ал дарыянын баш аягын бат эле карыштап чыгып коёт», – дедим.

* * *

« Мен эми тынч жатып көшүлүп уктайын. Анткени бүгүн кээ бир адамдарга жакшылык жасадым»– деди аябай чарчап кеоген уста.

* * *

«Адамдар айткылачы, бакытка барчу жол кайда? Ошону издеп чарчадым. Байлыктабы? Даңктабы? Ачкачылыктабы? Же жакырлыктабы? Же жаңырыктабы?» Бул суроого ким жооп бере алат.

* * *

Атанын балага калтырган осуяты улуу мурас. Ал осуятты аткаруу баланын абийири.

* * *

Ооздон чыккан жалындуу ысык жакшы сөз көңүл менен жүрөккө сиңет. Ал эми жаман сөз каякка сиңет?

* * *

Кудай караңгылык менен жарыкты ажыраткан экен. А эмне үчүн адамдар чындык менен жалганды ажырата албай жаңылышат?

* * *

Кеч кирип, таң атат. Анан күн обого көтөрүлүп, кайра кеч кирип, түн өтүп, таң атат. Баары эле кайта-кайта кайталанат. Биздин өмүрүбүз эмне үчүн кайталанбайт?

* * *

Армандуу адам өзүнө кайгыны чакырды. Бактылуу адам бакытты чакырды. Демек адамдар деле кайгы менен бакытты өзүнө чакыра алат экен.

* * *

Балалыгыңдын жылдызы түбөлүктүү болбосо, сенин эсиңде жылдыз болуп жанбайт эле го?

* * *

Акылман адам бийикте туруп жерге көз салат. Жерде жаманчылык, ыпластык болбосо деп акмалап жол көрсөтөт. Анын иши ошол. Ыплас адам бийликте туруп элдин байлыгына көз артат. Анын иши ошол.

* * *

Улуу эмгек адегенде кыялдан жаралып, көркөм өнөр болуп, канат байлап асманга учат. Асманга учкан учкул кушту адам кармап алат.

* * *

Көп адамдардын жасап кеткен эмгеги көзү өткөндөн кийин бааланат. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек ээсин издеп баары бир табат

* * *

Коркунуч, коркунучту ээрчитип келсе, баатырдык

баатырдыкты ээрчитип келген. Коркунучту ошол баатырдык жеңип, элге кубаныч алып келген.

* * *

Баардык жерге жакшы үрөн себилсе, түшүм жакшы болот. Баардык жерде тарбия жакшы болсо, таалайлуу балдар көп болуп. эл бейпил жашайт.

* * *

Жашоо күндөн уланса, өмүр күлкүдөн уланаарын биле жүрөлүк. Күлкү – бул өмүр менен ден соолуктун булагы экенин да унутпай эстей жүрөлүк.

* * *

Жалгандык болгон жерде чындык жашоодон алыстайт. Андай жашоо болгон жерде адамдар чындыктан алыстайт.

* * *

Кыйкырынып сөгүнүп жүргөн адамдар алсыз болот.

Алсыздыгын ошол сапаты далилдеп жатпайбы.

* * *

Сен жаккан оттун табы өзүңдү эмес, башкаларды да жылытса, ошол бактылуулуктун үлгүсү. Бакыттан мурун адамкерчиликтин үлгүсү.

* * *

Менин эсимде эмне калды: Мага жасаган адамдардын жакшылыгы менен жамандыгы. Жаманчылык бат эле унутулду. Жакшылыгы унутулбай эсимде келатат. Адамдар ошол жакшылыгы менен заманыбызды байытып келатат.