Выбрать главу

Алыс кеткен жолоочунун качан келээри түшүнүксүз, бош кеткен өмүрдүн өзү түшүнүксүз, биз билбеген нерсенин баары түшүнүксүз.

* * *

Акылмандын айткан кеби түшүнүктүү, эл үчүн берилген жетекчинин иши түшүнүктүү, эмгекчил адамдын келечеги түшүнүктүү.

* * *

Майданга узагандардын кээ бири кайра келбейт, убакыт мезгил өтсө кайра келет, бирок өткөн өмүрүбүз кайра келбейт, жүздүн ону кайра келбейт, маркумду узаткандар кайра келет, маркумдун өзү кайра келбейт.

* * *

Жайында атчан кетип бараткан жалгыз жолочуну жолдошу жок деп айтпагыла, жүрөктө жанган үмүтү–бир, асманда тийген күнү–эки, айланасында улам-улам согуп жаткан учкаяк салкын жели–үч, астында созулуп жаткан кашка жолу–төрт. Демек, ал жолоочу төрт жолдошу менен сапар кетип баратат.

* * *

Койлорго кол салган карышкыр койчуга айтып келген эмес. Карышкыр сыяктуу өлүм-өмүргө кабар айтып келген эмес.

* * *

Эркиндик болгон жерде жашоо, эмгек, өсүү бар, бир гана артка кетенчиктеген иштер жок.

* * *

Көпчүлүк күткөн үмүт аткарылбаса, ал жамаат үчүн аяныч.

* * *

Көз, сезими, жүрөгү курч кыраандар алысты көрөт. Андай сапаты жоктор эмнени көрөт?

* * *

Мага карылык келатканын башымдагы ак чачтарыман көрсөм болот. Өмүрдүн бүтүшүнө канча жыл, канча күн, канча убакыт калганын кайдан барып көрө алам?

* * *

Убакыт келгенде мээримдүү, жакшы адамдарга жолугабыз, жакшы ыр жазган акынга жолугабыз. Алдыда келаткан мээримдүү күндөргө жолугабыз. Аягында жаадыраган жазга жолугабыз.

* * *

Күндүз жетпеген нерсеге түн ичинде жетебиз, өңүбүздө жетпеген нерсеге түшүбүздө жетебиз.

* * *

Эрди-катындын бири-бирине таза болгону эле жакшы. Тазалыктан дилдин тазарганы жакшы. Дил таза болсо, жашоо таза, баары жакшы.

* * *

Жаш чагыбызда өмүр эки жолу берилбей, бир эле жолу берилээрин байкаган эмеспиз. Эгер эки жолу берилсе,

кемчилигибизди оңдоп, мынчалык аянычка чөкмөк эмеспиз.

* * *

Ар бир пенденин жарыгы өзүнө жетет. Жетпесе башкалардан жарык алат. Адам – адам үчүн жашайт деген кеп ошол. Анткени адам бири-бирине керек.

* * *

Чыгармаларым – менин балдарым. Кудайга тобо! Алар жок мага кандай көңүлсүз болоор эле. Кудайга тобо! Аз болсо да, эмгегим бар экен деп, кубанып калам. Кудайга тобо! Адам деген түзүүчү тура, ошол түзгөндөрүм менен көңүлүм эргип, жашоом алдыга умтулат. Кудайга тобо!

* * *

Таланттуу адам оң жагына – өжөрлүктү, сол жагына – эмгекти, жана жүрөгүнө кайратты жоготпой алып келатат жолочу.

* * *

Кечээ күнкү окуя бизден алыстап кеткен окуя, бүгүнкүбүз болуп жаткан окуя, алдыңкы күндөрүбүз боло турган окуя. Демек биз үч окуянын аралыгында жашап келе жатабыз.

* * *

Акылмандын сөзү улуу, анын үлгү көрсөткөн жүрүм-туруму улуу. Демек, бул турмушта бардык жакшы нерселер улуу.

* * *

Адамдар колу менен техниканы, китепти, жаңы ачылыштарды жаратат. Жаралган буюмдар эскирип, адамдар жаңысын жаратат. Аларды жасаган адамдар да жок болот. Бирок алардын ачылыш жасаганы жөнүндө жазылган жаңылыктары кылымдан-кылымга эскирбей оордунда кала берген болот.

* * *

Уруп, согууну, зордуктоону бактысыз адамдар жаратат. Алар ошол жагымсыз кылыгы менен көп пенделерди өзү сыяктуу бактысыздардын катарына кошуп жатат, же бактысыз адамдар бактысыздыкты жаратат.

* * *

Деңиз үстүндө пайгамбарлар кайык айдап баратса, улуу эмгекчил адамдар ага жетели деп чабак уруп баратат. Жээкте аларды эл карап турат.

* * *

Осуятта айтылган пайгамбарлардын болгону да чын. Жер каймактап, жаралгандан бери пайгамбарлар элди, чындыкка, бакытка үндөп келатканы дагы чын.

* * *

Журт самаган адилеттүүлүк болгон. Ошол адилеттүүлүктү элге жеткирген жетекчи болгон. Береги адилеттүүлүктүн шарапатына жыргап өнүгүп өскөн эл болгон.

* * *

Сен чындык, акыйкат тарапта экенсиң. Анда кудай өзүң жакта, кудай сен жакта болсо, жеңиш өзүң жакта.

* * *

Чындык -чындыкты төрөйт, жалган – жалганды төрөйт. Экөөнүн балдары аралашып кетсе да, ак – ак бойдон, кара – кара бойдон калган.

* * *

Жалган ушактын өмүрү жок, ал унутулат, жалган атактын келечеги жок, бул да унутулат, калптын жаны жок, анткени ал да унутулат.

* * *