Выбрать главу

* * *

Чөмүч жоголсо, суу толбой, табак адашат. Табак адашса, чара адашат, чара адашса, тамак бышпай казан адашат. Ошентип, баары бу дүйнө чакчелекей будуң-чаң түшөт. Үй-бүлөдөн ата кетсе, адам эне адашат, эне адашса, бала адашат. Ошентип үй-бүлөнүн баары адашып чакчелекей түшөт.

* * *

Күздүн муңайымдуу көрүнүшү адамдын жүрөгүн уялап алган. А өтүп жаткан мезгилдин элеси кайда уялап алган?

* * *

Мен киммин? Сен кимсиң? Аны элге сиңирген эмгегибиз айтып берет. Элге эмгегибиз сиңбесе, анда ким айтып берет?

* * *

Бүткүл айыл той үстүндө туруп бир жакшылыкты күтүп жатат. Мунун өзү айыл үчүн бактылуулук. Эгер ошол жакшылык аткарылса, бир киши эмес, бүткүл айыл кубанат.

* * *

Адамдар бир акындын китебин өмүр бою окуп келе жатат. Демек, китеп да бактылуу, китепти жараткан акын да бактылуу. Аны окуган баардык эл бактылуу.

* * *

Көркөмдүк менен сулуулук бир өзөнгө куят. Же экөө бир тууган жана бири-бирине жөдөк

* * *

– Кайсы учурда үйүбүздө тартип болот? – деп сурады эне.

– Ата-атадай, уул-уулдай, кыз-кыздай, келин-келиндей болгондо бул үйгө ырыскы уялайт, – деп жооп берди ата.

* * *

Талант өзүн-өзү даңктап келет, анын даңазасы ошондо.

* * *

Ителгинин учкаяктыгы, каармандыгы, кайраткерлиги, эч нерседен коркпостугу анын даңазасын мактайт. Ал даңаза эрдикти аныктайт.

* * *

Үкү айтты:

– «Мен караңгы түндүн кожоюнумун». Бакыт айтты:

– «Мен жакшы адамдардын жүрөгүнө келген кожоюнмун». Кайгы айтты:

– «Мен капалуу адамдардын жүрөгүнө жашаган кожоюнмун».

* * *

Жакшы адамдар караңгынын арасынан жарык нур таап, жашоосуна жалын жаратат.

* * *

Бир адам көп окуяны кобурады.. Бирок өзү жөнүндө эч нерсе айтпады. Бирок ал баяндын баары эле өзү жөнүндө экенин кыраакы адамдар байкап койду.

* * *

Адам өзүнүн иштеген ишинде кубаныч ырахат албаса, ал начар иш. Начар иште эптеп убакыттын жылышы керек.

* * *

Эмгегиң артыңда калган – өмүрүң, кеп ошол эмгегиңдин маани-мазмунунда жатат.

* * *

Китеп даанышманды жаратканбы же даанышман китепти жаратканбы?

Даанышман китепти жаратып, аны адамдар окуп даа-нышмандыкты ошол китептен таап алды десек болот.

* * *

Жүрөктүн үнүн угуп, ага жакшы жооп берген адам – жакшы адам. Үнүн угуп, жооп бербесе – ал башка адам.

* * *

Табияттагы жым-жырттык адамга асыл ойлорду түзөт.

Асыл ой пенденин ойлонуу жөндөмүн арттырып, ички жан дүйнөсүн түзөт.

* * *

Улгайган адамдардын саны бара-бара суюлуп баратат. Бара-бара биз дагы суюулгандардынкатарына кошулабыз. Ошентип өмүрдөн арман көрүнөт.

* * *

Ар бир адамдын жан дүйнөсүн изилдеп үйрөнүү, көп китепти окуп жыйынтык чыгарганга барабар.

* * *

Катуу ооруну айыктырганга караганда астын ала дарылаган жеңил, Баланы жаш чагында тарбиялаган жеңил, Элдин ысык-суугуна көнбөгөн эл башчысын эртерээк эле алып салган жеңил.

* * *

Карызгага баткан адам – береселүү адам. Элине көп эмгек сиңирген адам – журту ыраазы болгон адам. Өлгөн адам журту менен бир жолу коштошуп кеткен адам.

* * *

Балдардын келечеги жакшы тарбия менен бекемделет. Тарбияда ата-эне менен мугалим урагыс чеп соксо, ал түбөлүктүүлүк менен бекемделет.

* * *

Жаз – жаратылыштын көркү, өнөр – таланттын көркү, баатырдык – эр жигиттин көркү.

* * *

Бир адамдын кубанычы миң адамды кубантса, ал жакшы төрөлүш болгон.

* * *

Ыр жазгандын баарысы эле акын эмес,

Эл бийлегендин баарысы жетекчи эмес,

Өткөн окуялардын баарысы тарых эмес.

***

Балдарды начар тарбияга

ата-энелер да үйрөтүшү мүмкүн, анткени балдар алардын сөзүн ылдам кабыл алат. Ошондуктан тарбия өтө татаал нерсе десе болот.

* * *

Адамдын үмүтү күн сайын жаңырса, жаңы жаңырыкты жаратат. Антпесе жашоонун жаңырыгы жаңырбай калат.

* * *

Мен эзелки досумду эстеп жатам. Анткени анын мага жасаган жакшылыгын унутпай эскерип эстеп жатам.

* * *

Адамга тынчтык жана жымжырттык бергиле! Ал ойлонуп эртеңки жашоосуна жаңылык жаратсын!