Выбрать главу

* * *

Дөбө-тоого таянат, тууган-тууганга таянат, эр-элге таянат.

* * *

Абийир жүрүм-турумдун жакшы бөлүгү, жакшы жүрүм-турум тийген күндүн бир бөлүгү, күн нуру ак жашоонун өлбөстүктүн түбөлүктүү бөлүгү.

* * *

Жалкоолукка караганда эмгек бейиш, эмгектүү күндүн келечеги бейиш, келечеги бар адамдын өмүрү бейиш.

* * *

Жалгыз туяк атадан калган аманат.

Акын болгону бир ыр китеп жаратты, ал акындан айлына калган аманаты.

Ал балдарына бир үй салып каза болду, үй балдарына калган түбөлүктүү аианаты.

* * *

Денеңдеги оорунун кеткени кубаныч. Дене сергип адамдар менен аралашканы кубаныч.Таза дене менен эмгектенип, үй-бүлөңдү бакканың андан бетер кубаныч.

* * *

Өлүм өтө коркунучтуу окуя, бирок ал боло турган окуя.

Коркунуч да, өлүм да өтүп кетүүчү окуя.

* * *

Турмуш бир түрдөн экинчи түргө өтөт. Изденүү жолу да, бир түрдөн экинчи түргө өтөт. Ошентип жашоо жаңыланып жаңы түргө өтөт.

* * *

Талыкпаган эмгегиң – изденүү, жашоонун жаңы жолго түшүшү дагы изденүү, келечектүү жашоонун өзү изденүү.

* * *

Китепти жөн эле окуп койбогун, анын жан дүйнөсүн жүрөгүңө сиңирип ал, китеп ыйык- ал, ошол үчүн жаралган.

* * *

Жаз келеерде көзүмө жылкычы чымчыктын элеси көрүндү, анан жылкычы чымчыктын өзү көрүндү, анан көп өтпөй жадыраган жаздын өзү көрүндү.

* * *

Чындыкка күбө болуп акыйкат турду, ал эми калпка күбө эч ким болгон жок. Анткени ал иш болгон эмес, жөн эле ойдон чыгарылган калп чыгарма.

* * *

Күлкүнүн эки эле түрү бар. Биринчиси чын, экинчиси жалган. Чын күлгөндө адамдын ажары төгүлүп турат.Жалган күлгөндө эки жүздүүлүктүн элеси көрүнүп турат.

* * *

Миң гүлдүн ыргалган кооздугун эч убакта бир гүл бере албайт. Анткени миң гүлдө миң ыргакжашап термелип турган.

* * *

Талаанын көркүн бир түрдүү гүлдөр эмес, ар түркүн гүлдөр чыгарып көрккө бөлөйт.

* * *

Улуу ачылышты ким жаратам десе, ал улуу тобокелчиликке

бара берсин.

* * *

Тантык адамдардын арасында сүйлөбөй койгонуң ал улуу жеңиш. Алар ошол жеңишке ичинен суктанат.

* * *

Ар бир ойчулдун сөзү,сен окуучу улуу китеп.

* * *

Жаз айы – жаш чагың, кыш – улгайган убагың. Экөөнүн ортосунда бир топ узак жылдар созулуп жатат.

* * *

Айрым адамдар ушактан жип ийрип килем токушат. Ал килем кимге эмнеге керек?

* * *

Рухубуз жаңырса, биздин жан дүйнөбүздө чоң майрам башталат.

* * *

Бул өмүрдө элдин ак эмгегин жегендер көп, бирөөнүн ак малын уурдагандар көп, муштуму чоң зөөкүрлөр андан көп, алаасынан бузулган адамдар мындан көп, сага айтаар кеңешим ошолорго кошулуп жаман адамдардын жалпы санын арбыта көрбө!

* * *

Сонун кереметтүү обондуу ырларда бут да, кол да, дене да жок, ал кармалбай эле биздин жан дүйнөбүзгө өзү эле кирип кетет…

* * *

Көл жээгине келип ыр жазып жатам, эч ким мага тоскоол болгон жок. Ак чардактар гана:

– «Акын ырыңды жаза бер бул жашоонун өзү ыр», – деп ары-бери кайкышат.

* * *

Ар бир адам өз көлөкөсүн көргөндөй өз кемчилигин көрсө, кандай сонун болоор эле. Анда бул дүйнөнүн асылдык жагы көбөймөк.

* * *

Көз ирмемдеги эрдик кылымга сакталып калат. Бирок ошол көз ирмем тарыхта унутулбай айтылып калат.

* * *

Бүткүл элдин сезин алган өрт, учкундан эле тутанган.

* * *

Туз ачуу, шекер таттуу.

Дардаңдап эбин таппай көөп турган адамга ачуу мамиле керек, ал эми ындыны сууп, кайраты чөгүп турган адамга таттуу мамиле керек.

* * *

Жоокердин жалаңдаган курч кылычына караганда кызыл тил андан миң эсе курчтук кылат.

* * *

Көл жээгине келип:

– Ырларым кандайсыңар? – дедим.

Толкундун арасынан ырлар башын чыгарып:

– Биз мындабыз, талантың болсо ылдам кармап ал, – дешти.

* * *

Бизге улуу адамдар көп жаралса, ал алтын кылым болот. Алтын кылым улуу адамдары менен даңазаланат.

* * *

Өмүр сага берилген асыл белек. Ошону кастарлап жакшы күтүп, сыйлап өт. Ал сага болочокто түшүмүн төгөт.