* * *
Сен бийликте жогору көтөрүлсөң жөнөкөй адамдарды жерде калды деп эсептебе, аларды бийиктен карабай жердегидей эле жапыздыктан кара. Акыры жерге түшөсүң.
* * *
Акын айтты:
– Түн жымжырттык, мен анын кулумун, кул болгон соң мен эмгектениш үчүн жаралгам, ошол үчүн кулумун.
* * *
Жер үстүндө акыйкат бирөө эле, экөө болсо анда кандай болот? Эки акыйкат болот деп бир жерден эч убакта уккан эмесмин.
* * *
Улуу Карамолдонун комуз күүлөрү бир сонундук, ал жүрөгүбүздүн тереңинде жаралып, чоң кубанычка оролгон керемет. Керемет күүнү жараткан Карамолдонун жүрөгү деле керемет.
* * *
Күн батып баратып айтты:
– «Адамдар эми жакшы калгыла! Бүгүн эмне бакыт, эмне кайгы таптыңар. Ал силердин тагдырыңар. Мен эртең кайра төрөлүп келем. Ага чейин жакшы калгыла!»
* * *
Ар бир адамдын жан дүйнөсүндө ынак тоосу болот, ал жүрөгүндө жанган үмүтү.
* * *
Адамдар бири-биринин жардамына бел байлап ары жол улайт. Демек жашоодо берилүүчү жардам түгөнбөйт.
* * *
Адам уйкуга киргенде чарчоодон, чаалыгуудан азап-тозоктон кутулат. Ал эми түбөлүк уйкуга киргенде, түбөлүк азап-тозок армандан кутулат. Экөө тең болуучу кубулуш.
* * *
Жеңилип бараткан адам чындык менен адилеттикке таянды эле, ал жеңишке оңой жетти.
* * *
Өмүрлүк жарым айтты:
– Биз бир китеп жаздыкпы? – деди.
–Ооба жаздык, ал жашоо, турмуш, махабат китеби болчу, – дедим.
* * *
Бул дүйнөдө жакшылык өтө көп, эгерде жамандык андан көп болсо, биз азап тартмакпыз.
* * *
Биз келечекке бел байлайбыз, ал өчпөс жашоого бел байлайт. Өмүрүбүз бири-бирине бел байлап уланып жүрүп олтурат.
* * *
Ар кандай кубаттуу таланттын эки жагы бар: Өлбөстүк жана улуулук. Чыныгы даңаза ошол экөөндө.
* * *
Чыныгы атанын мээримине бөлөнгөн бала ата мээримин сезбей да калышы ыктымал. Ал эми ата мээримин көрбөй өскөн бала ошол мээримди сагынып куса болушу ыктымал.
***
Кит чоң балык, майда чабак кичинекей балык, чоң менен кичиненин айырмасын ушул экөө айтып турат.
* * *
Бир үйдүн жарыгы ошол эле үйгө тиет. Күндүн жарыгы бүткүл ааламга тиет. Жакшы хандын жарыгы бүткүл элине тиет. Элинин жарыгы ханга тиет.
* * *
Алысты көргөн көздө умтулуу ошончолук терең болот.
Ал улуулукту көрө билүүнүн негизги башаты.
* * *
Керексиз чыгармалардын унутулуп калышы арман. Анткени аларды автор керектүү болсун деп жаратпады беле. Демек керектүү деген нерсенин керексиз болуп жаралышы дагы арман.
* * *
Сууга чөгүп бараткан адам колун сунуп, адамдардан жардам сурайт. Чындыкты издеген адам башкаларв карап жардам сурайт. Демек адам сууда да кургактыкта да жардам сурайт.
* * *
Чындык касиеттүү анткени анын тамыры терең. Ошол үчүн анын заты негиздүү. Терең тамыр адамдын турмушуна, келечегине өтө керек.
* * *
Бактысыздыкка баткан адамдар башкаларга жамандыкты алып келбесе экен. Мен тааныган, тааныбаган адамдардын тилегеним эле ошол.
* * *
Акылман адам айтты:
– Ким эгерде чындыктын душманы болсо, ал менин да башкалардын да душманы.
* * *
Чыгып келе жаткан күн адамды көп жаңы нерселерге кубанычка жана бакытка чакырат. Анткени ал адамдарга бакыт таратып келе жаткан күн.
* * *
Катуу шамал булуттарды ыраак тарапка айдап салды.
Катаал тагдыр ата-энени баладан бөлүп салды.
* * *
Эртең менен эрте ойгонсом түн бою катуу шамал дарактагы жалбыракты күбүп салган экен. Башымда чачым жок аны жалбырактай кылып, карылык күбүп салганбы? Мага да даракка да, карылык кайдан келе калды?
* * *
Айтып койгулачы!Алар мага чындыкты көргөзбөй жатат. Ошол үчүн мага жардамдашкыла! Чындык жок менин үнүм силерге угулбай жана жетпей жатат!
* * *
Жылаңач адам алоо өрттү аралабайт, денеси күйөт. Чындыкты сүйгөн адам жалгандын отун аралабайт, абийири күйөт.
* * *
Узак ажырашуудан кийин эки дос жолукту. Ал убактылуу мезгил, же жүрөктөгү сагынычты жазаар мезгил.
* * *
Чындыктан корккон адам сөзсүз жалгандыкка жолугат. Жалгандыкка жолуккан адам дагы эмнеге барып жолугат?