* * *
Төрөлгөн күн сыяктуу эртеби кечпи, өлөөр күн келет. Бирок аны кантип тосуп алабыз? Ошол суроо бизге табышмак?
* * *
Адамдар! Мен өзүмдү-өзүм түзүш үчүн эмгектендим. Эмгектенип өзүмдү өзүм, таап алайын! Антпесем бул армандуу жашоодо изим калбай такыр жоголуп кетпейин!
* * *
Чындык, эрдик баатырды өлүмдөн сактайт. Ошол үчүн бул экөө адамдардын айныгыс ыйык досу.
* * *
Акылы жоктук көп жаңылыштык алып келет. Адамдарым, ошол кубулуштан сак болгула!
* * *
Дүйнөдөн кайтканда чириген бай деле, жыйган дүйнөсүнөн алып кетпеди. Болгону денесине орогонго кичинекей ак кепиндик чүпөрөктү алып кетти. Ал баардык байлыгын жер үстүнө таштап кетти
* * *
Сабакка такыр кызыкпай отурган окуучу класстагы ашыкча бала. Мугалим андан ар кандай тартипсиздикти күтө берсе болот.
* * *
Бул дүйнөдө бай адам да, кайырчы да жашап жатат. Экөө тең эле кадимки адам. Болгону бирөө жарды, бирөө бай. Аларды
бири-биринен байлык менен жардылык бөлүп турат.
* * *
Ар бир баланын мүнөзү ар башка. Муну мугалимдер да билиш керек. Алардан мурун ата-энелер да билиш керек.
* * *
Сокур менен дудук ээрчишип сапар жолдо келатат. Сокур жолду көрбөгөн менен кулагы угат. Дудук сүйлөбөгөн менен жолду көрөт. Демек экөө бир адам. Алар сапар жолдо илгерилей алат.
* * *
Өлгөндөр биз менен кош айтышып кетишкен. Өлбөгөндөр бул дүйнөдө жашап жатабыз.
* * *
Адам эмгекке тойбойт. Адам дүйнө-мүлк, алтынга тойбойт. Баарынан мурун, дагы жашасам деп, өмүргө тойбойт.
* * *
Жаны тынбас эмгекчил адамга ар бир таңдын атышы өзүнчө чоң майрам. Эмгек жаратып ошол чоң майрамдан эргүү, кубаныч алат.
* * *
Төрөлбөй калган адамдар жокчулук жана жакырчылык, ошондой эле тирүү пенделер жасоочу ар кандай кыянат кайым көрүнүштөрдү көрбөйт. Ошондуктан аларды жүрөгү наристе бойдон калган. Төрөлбөй калгандардын бирок арманы бар жок эле дегенде күндүн жарк эткен бир шооласын көрбөй калган.
* * *
Жашоодо кыйналып жүргөн адамдар этек жеңин делбелектетип шамал айдап бараткан жолоочуга окшошот.
* * *
Адамдын жүрөгүндөгү жылуулук кол менен кармалбайт, кол менен кармалса, пайда издеген соодагерлер аны жыйнап алып, башкаларга сатып байымак.
Жүрөктүн жылуулугун жүрөк гана кармайт.
* * *
Акын дүйнөдөн кайтып жатса, анын таланты кайра төрлүп жатат. Жакшы акын өлгөн күнү акынды жоктотпой, анын чыгармасы окуучунун жүрөгүндө кайра төрөлүп жатат.
* * *
Мейкиндик деген мейкиндик. Анын үстүндө сүйүү, кубаныч, эркиндик, талант кайкып учуп жүрөт. Эгер ошол мейкиндик тар болгондо, береги сонундуктар такыр батпай уча албай калмак.
* * *
Жерде адамдар бар, асманда жылдыздар бар. Жердеги адамдардын жүрөгү асмандагы жылдыздарга карай умтулат. Жашоонун кызыгы кайда? Жылдыздар жылдыздарга эмнеге умтулат?
* * *
Акыйкаттык, тазалык, жакшылык – бул тирүү нерсе. Жалгандык, калпычылык, жеп ичкендик, паракордук, жалган бийлик
– бул өлүү нерсе. Экөөнүн айырмасы байыркы кылымдан бери эле ушундай болуп келе жатат. Ошондой болгон, ошондой боло берет. Адамдар өлүү нерсеге умтулуп көп жаңылышат. Ал жаңылыштыктан кээ бири өлүмдү табат.
* * *
Жомокто эки дарак бар эле: Бирөөнөн жакшылык тамчыласа, дагы биринен жамандык тамчылап турат, – деп уламаларда башталат. Жашоо да, чындык, да жомок. Бирок адам баласы жомокто эмес жашоодо чындыкка умтулуш керек.
* * *
Жашоо табышмактуу нерсе, жашоонун сыры да табышмактуу нерсе, кыскасы өмүрүбүз бүтпөгөн табышмак.
* * *
Улуу адамдар дайыма ойлонуп жүрөт, анткени алар бир жаңылыкты жаратуунун алдында жүрөт.
* * *
Мен киммин? Мен бакыт үчүн эмнени иштедим? Ар бир адам өмүрүнүн акырына чейин ушул суроону берип жүрүп олтуруш керек.
* * *
Жүрөгүңдө жалын болбосо, башкаларды жылытам деп такыр ойлонбо!
* * *
Бир адам бу дүйнөдөн өттү эле аны жоктоп, көп адамдар кайгырып жатат. Демек ал адам ошолор үчүн өтө керектүү адам болгон.
* * *
Өлгөн адамдардын арасында тирүү пенделер бар экен алар бизге дайыма «Мындай жашагыла» деп жол көрсөтүп келе жатышат.
* * *
Бизге сенин көп, же аз сүйлөгөнүңдүн кереги жок. Кеп сенин сөзүңдүн маанисине болуп жатпайбы. Бизге ошол керек, сен ошону бидбей жатасың.