* * *
Эч бир пенде «Мен чыныгы адаммын» – деп айткан эмес.
Антип айтса өзүнүн адамкерчилигине шек жаратат.
* * *
Чоң сыйда белгилүү адамдардын арасында отуруп, катуу кычышкан жериңди обу жок тырмана албайсың, антсең адамкерчилигиң шектентет.
* * *
Пенделердин арасында отуруп, эч бир адам «Мен баатырмын», – деп айткан эмес. Антип айтса, ал баатырдыкка шек келтирип уят болот.
* * *
Дарыянын суусу ар бир көз ирмем сайын жаңырып туруш керек. Антпесе ал соолуп калат. Ошол үчүн жашоону улап дарыя болуу да кыйын.
* * *
Алыстагы душманыңа караганда, жаныңдагы тууганыңдын душмандыгы эң жаман. Алар сага эрте-кечи тынчыңы ала берип бат эле карытып жиберет..
* * *
Аңчы адамдын досу мылтык, аңчы менен мылтык бир жаныбарды өлтүрөйүн деп баратат. Бул жерде бир шектүү кыіыр иш иштелген жатат
* * *
Алсыз адамды жеңүү эрдик эмес. Аны аё зарылдыгы туулат.
* * *
Адамга акыры бир өлүм келет. Бирок кээ бир адамдар өлүм жөнүндө аз ойлонуп: «Мен жашап турайын, мага өлүм өтө кеч келет, менин оордума башкалар өлүшү мүмкүн» деп да ойлонушу ыктымал.
* * *
Өмүрдүн кемчил жерин эмгек толтурат. Анан ага талант кошулат. Эмгек, талант адамга керектүүнүн керектүүсү.
* * *
Айрым адамдар эмнени ичип жегенин, бирөөлөрдү алдап кеткенин, алаасындагы денесин иштеткенин, жана башка майда барат кылыгын эрдик катары пенделердин тынчын алып кобурана берет. Ал жүрүш -турушу өзүнөн башка эч кимге керек эмес . Алардын сүйлөп жаткан сөзүндө, же өзүндө бир шектүү кемчил мандем бар.
* * *
Улуу китеп жука эле болот. Бирок анын ар бир сабында ааламга сыйгыс акылман ойлор батырылган болот. Демек адамдар суктанган улуу китеп жука эле болот.
* * *
Кээ бир адамдарга караганда жакшы жазылган китепти жакшы көрөм. Бирок ар бир адам жаманбы, жакшыбы ал баари бир өзүнчө китеп.
* * *
Акбоз ат минген киши жайлоодон бир нерсени көрдү. Ал балалыгын карап жүрүптүр. Балалыгын таба алган жок. Бирок анын шыңгыр издери даана элестетип көрдү.
* * *
Дайранын жээгинде турдум эле. Көп өтпөй жамгыр аралаш шамал болуп келди. Ушул кезде кулагыма бирөө шыбырады:
– Өмүрүң карматпаган дайра жамгыр жерге сиңип кеткен -атагың, шамал-өткөн күндөрүң, анын изи да, жиги да калган жок.
* * *
Жол менен келатып бирөөнүн чакырыгын угуп калдым. Эки жагымы карасам эч ким көрүнбөйт. Мага үн берген ким болду? Алыстагы досумбу? Касымбы? Ырларымбы?Же шашып бараткан мезгилимби? Же согуп жаткан шамал досумбу? Баардыгы иште деп чакырык таратып жатабы ия?
* * *
Мындан көп жыл өткөндөн кийин азыркы жазгандарыбыздын көпчүлүгү унутулат. Замандын шамалынан өтүп генийлер гана калып өз орунуп ээлешет.
* * *
Ар бир тирүү пенде өмүрүнүн аягына чейин көрүнбөгөн китеп жазып жүрүп отурат. Китебин жашоосу бүткөндө гана аяктайт. Анын турмушу ошол китепте жазылган. Дурус жактары үлгү, жаман сапаты тез эле унутулуп дарексиз жоголот.
* * *
Асман дагы, ай да, асыл жер да, күн да бирөө. Жана жер үстүндө адамдар жашап жатат. Ошол үчүн асманды да, айды дагы, күндү дагы алтын жер энебизди дагы капалантпай күтүп алалы. Анткени алардын ар бири жалгыздан экен.
* * *
Кызга күзгү да тарак да керек. Күзгү, тарак менен сулууланат. Демек жаштарга сулуулук керек
* * *
Ал акын келечекте бир улуу китеп жазам деп жүрөт. Азырынча жаза элек. Балким жазып калаар. Ар бир ишти келечекте үмүттөнүүнүн өзү эле улуу китеп экенин биз эмне үчүн ушуга чейин билбей жүрөбүз.
* * *
Бир кичинекей кыз колундагы баракка куштун сүрөтүн тартып алып, көрүнгөнгө «Бакыт кушу мына», – деп көрсөтүп жүрдү. Балким ошо кыз ошо колу менен бакыт кушун кармап алгысы бардыр. Эмне болсо да аны келечекте көрө жаталычы.
* * *
Оордон жеңил артык, жамандан жакшы артык, өлбөгөн жанга өмүр артык.
* * *
Кыргыз менен казактын акындары, комуз менен домбрада кол ойното чертип, ырларын төгүп-төгүп жиберишет. Бул өнөр аларга
тээ байыркы ата-бабаларынан калган. Кээде адамга сөз таап сүйлөө өтө кыйын болсо, ал эми ырды көркөм мазмундуу уйкаштырып, төгүп-төгүп жиберүү укмуштуу эле жаңылык болсо керек. Эки эл бул өнөрдү кантип үйрөндү деп баш катат.
* * *
Улуу китепти окуп бүткөн адам чыгарманын эң аягында көп жакшылыкты алып калат. Чыгарманын жыйынтыгы ошол. Биз алчу сыйкырдуу нерсе дад ошол.
* * *
Биз көргөн, көрбөгөн адамдар бар. Биз көргөн адамдар бактылуу болсун. Биз көрбөгөн адамдар да бактылуу болсун. Алар бактылуу болсо, биз чогуубуз менен бактылуубуз.