* * *
Ийгиликке жеттим деп кубанба. Ийгиликтин учкуну гана көрүндү. Эми аны колуңа кармап кубануучу күн али алдыда. Баары алдыда.
* * *
Мен сени быягыңан карадым. Биягыңан карасам жаштыгың көрүндү. Тиягыңан карасам карттык кезиң көрүндү. Капырай мезгилдин шапата шаңы токтобос нерседей көрүндү.
* * *
Көл жээгине келип, шарп-шурп, шарп-шурп эткен толкундун үнүн эшиттим. Бул жышаан: «Адамдар, силер сыяктуу жаратылыш да, жашап турат, силер дагы аман-эсен жашагыла, биз дагы аман-эсен жашайлы», – деген белгини эшиттим.
* * *
Биздин жайлоодогу конушту карап, өткөндөгү сонун турмушту эстедим. Жайлоо. Тоо. Агын суу. Баардыгы эле ордунда турат. Бир гана атам, энем, агаларым , жеңелерим жок. Баягы биз баккан бир короо койдон дарек жок.
* * *
–Өмүрдүн кайсы учуру бактылуу, – деп бирөө менден сурап калды.
Мен ага ойлонбой туруп эле:
– Балалык, – деп айткам.
* * *
Кары адам таш үстүндө катуу ойлонуп отурган экен.
– Карыя эс алып жатасызбы? – дедим.
– Жок китеп окуп жатам.
– Колуңда окуган китебиң көрүнбөйт го?
– Басып өткөн жолумду ойлоп жатам. Өткөн өмүрүм китеп, ал китепти ичимен окуп жатам.
* * *
Шыбак өскөн талаада жыңайлак чуркап өстүм. Дүйнөдө мага шыбактын жытынан ашкан керемет жок. Анткени турмуштун ондогон сыры бар сыяктуу, шыбактуу талаада калган балалыктан ашкан керемет жок.
* * *
Бар менен жок, караңгы менен жарык, чоң менен кичине биздин ченибиз. Алар баарын өлчөйт.
* * *
Жамандык уялаган жерден чындык качып жоголот. Анан бир ишти адамдар жашыруун иштешет. Мен ошондон корком…
* * *
Мен көп жылы мектепте мугалим болуп иштедим. Кара көз тентек балдарга жылуулук учкунун чача алдым. Ошондой эле
кайра алардан от учкунун ала алдым го деген ойго батам. Өмүрүм бекер сая кетпептир деп кубанычка батам.
* * *
Балалыгым өткөн тоолорду көрбөй калсам, көңүлүмдө сагыныч, кусалануу болгон сыяктанат. Ал жерде калган балалыгым кол булгап чакырып жаткан сыяктанат.
* * *
Түшкө эмнелер кирбейт. Мындан эки жыл мурун каза болгон досум кириптир. Ал менден бөлүнүп уча качса да, элеси менден алыстай албай жаткандай шекилденет. Өткөн тагдыр эсиме келген шекилденет.
* * *
Улам кетирген жаңылыштыгыңы оңдоп жүрүп отур, ошодой эле өзүңөн жаман нерсени алыс ыргытып жүрүп отур.
* * *
Ал адамдын атак-даңкы тирүүсүндө эмес, өлгөндөн кийин жаңырды. Бир четинен ошонусу деле жакшы болуптур. Балким тирүүсүндө атагы чыкса, өз чыгармачылыгына манчыркап кетип, жакшы иштебей калат беле? Өлгөндөн кийинки атак-даңкы унутулгус өмүр эле? Ал атакка эч ким көрө албастык кылбайт.
* * *
Тигинде кашкайып тазалыктын жолу жатат. Ошол касиеттүү жол ар бирибиздин жан дүйнөбүздү араласа экен деп кудайдан тилек тиледим. Ал керемет жолдун касиеттүү ыйыктыгы ошол тазалыгында жатпайбы. Кашкайган касиеттүү жолум, ар дайыма аман бол! Ал жолдо биз дагы баарыбыз аман-эсен бололук!
* * *
Экөөбүз өткөн өмүрдү эстөө эчаккы жазылган поэманы окуп жатканга тете болду. Поэмадагы сонун кайрыктарды окуп жыргалга баттык. Армандуу жагын окуп кайгырдык. Ал поэманын шапата кайрыгы сага, мага гана түшүнүктүү болду.
* * *
Мен ага эчтеке деген жокмун. Ал мага эчтеке деген жок. Биз үнсүз-сөзсүз коштоштук…
* * *
Караңгыда аттын кишенегени жаңырып, анан эркектердин кобур-собур сөздөрүн эшиттим, Сапарга кеткендер аман -эсен келатыптыр. Кандай жаңылык айтышаар экен?
* * *
Ойгоо жүрүп уктап жаткандар бар. Ал эми уктап жатып, түшүрдө Менделеевдей өлбөс жаңылык ачкандар да бар.
* * *
Балаңа берген акыл насаатыңаны оңогондой болсун, оңоп эле койбой келечегиңе жол көрсөткөндөй болсун, ошондо сенин жан-дүйнөң тынчтангандай болсун.
* * *
Акылман сөздөрдү угуп турдум, акылман сөздөрдү жараткан адамды жанында отуруп аны көрүп турдум.
* * *
Акылмандар болгон жерде акыл болот, акыл болгон жерде баары болот.
* * *
Атам кат тааныбаган адам болгон, ал тизе бүгүп ойлонгонду жакшы көргөн адам болгон, ойлогон ойлорун кагазга эмес көңүлүндө жазып, бизге жомок кылып айтып келген адам болгон.
* * *
Суу жок болуп, бир гүл соолуса эчтеке эмес, миң гүл соолубасын, бирок миң гүлдүн соолушу ошол эле бир гүлдөн башталган.