Выбрать главу

Китебин чыгара албай бараткан акындын ыры муңдуу, жакшылыкка жетпей бараткан адамдын өңү муңдуу, баласыз өтүп бараткан тагдыр муңдуу.

* * *

Мына тарапка таң агарып, жарыктын шооласынын таралышы башталат. Бир аздан кийин айланага күндүн нуру себилип, тоо-талаага бадырайган күндүн элеси даана көрүнүп сапары башталат. Ушинтип ата-бабам өскөн жерде түндүн эс алуусу аяктап, күндүн жашоосу башталат.

* * *

Капага батчу күн болот, капа унутулуп жеңишке жетчү күн болот. Жеңиштүү эл, тынч өмүр сүрүүчү күн болот.

* * *

Шаардан койдун үнүн угуп айылымды элестеттим. Кой кайтарган балалыгыма жомок экем, аны да кошо элестеттим.

* * *

Согуш болгон жерде коркоктук тез көзгө чалдыгат. Бирок кимдир бирөө баатырдык жаратса, аны менен бардыгы даңктанат.

Эрдиги менен жалпы журт даңктанат.

* * *

Акыйкат, эркиндик экөө коркунуч менен бийликтен бийик турат. Оор кезеңде адамдар ошол экөөнөн жөлөк издеп турат.

* * *

Бизди кудай көрүп турат дегениң жакшы кеп болот. Бирок ошол кебиңдин тууралыгын тарбияң, жүрүш-турушуң жана жасаган ишиң менен далилдөө ишеничти жаратат.

* * *

Ааламда кудай бирөө болгон сыяктуу жердеги чындык бирөө. Эгерде экөө болсо, ал акыйкатка такыр сыйбайт.

* * *

Туулган жерде жар кыяда кетип бараттым. Жар кыяда өткөн балалыгым колун сербеңдетип туруптур. Аны кыя албай далай ирет кылчак-кылчак карап бараттым.

* * *

Бактысыздыкты деле, бакытты деле адамдар жаратат. Бактысыздан кара шамал уруп турса, бакыттан жан жыргаткан салкындыктын шапатасы бетибизди аймалай, кубанычтын демин жаратат.

* * *

Чындык дарбазадан кирип, үйдөгү шайтандарды кууганда, ал көрүнгүс болгон. Демек, мындан ары бул үйдө бакыт кушу уялайт деген бүтүм болгон.

* * *

Деңиз толкун чачып, иштеп жатат. Ай нур төгүп, иштеп жатат. Мен жээкте ыр жазып иштеп жатам. Эч кимдин колу бошобойт, баарыбыз иштеп жатабыз. Эмгектен ырахат алып жатабыз.

* * *

Бала чагымда көл жээгинде өстүм, көл толкунунун үнү эсимен кетпей калыптыр. Энекем мага жомок айтчу эле, ошонун үнү да көл толкунундай эсимен кетпей калыптыр.Жаш чакта жалгыз досум бар эле. Ошонун айткан акыркы керез сөзү оюман кетпей калыптыр. Туулган жерде бир саз бар эле, сууда бакалар чардоочу, ошолордун үнү да, көңүлүмөн кетпей калыптыр.

* * *

Эч кимге көрүнбөй адамга экөө келди. Бакыт жана шайтан. Адам кайсынысын ээрчитет, анысы тагдыры. Бакытты ээрчитип кетсе экен. Аны көрүп биз да бактылуу болсок экен.

* * *

Үй-бүлөнүн эркеги жаман болсо, ошол үй-бүлө кыйналат. Эл

башчысы жаман болсо, бүтүндөй журт кыйналат. Буларды көрүп туруп башка эл кыйналат.

* * *

Пара, акчага адамдар азгырылып кетти. Пара берген киши да, пара алган адам да арам. Пара болгон жерде өсүү болбойт, аны ойлогон адам да арам.

* * *

Бул жердеги адамдарын баары биригип актыкты өлтүрдү. Эми алар кара көйнөк кийип, каралык менен өмүр сүрүп жатышат. Катуу кооптоном, алар эмнени иштегени жатышат.

* * *

Ырайымсыз бийлик, байлык, ач көздүк уялаган жерде чындык менен акыйкат качып, шайтан уялайт. Андай жерди жакшылык кантип уялайт.

* * *

Балыкчылар балыкка, малчылар малына, окуучулар мектепке кетти. Үйдө жалгыз оору менен кармашып кары адам калып жатат. Ажал менен өмүр эки дөө карсылдашып кармашып жатат.

* * *

Алыс жакта жүрүп жылкынын кишенегенин, койлордун маараганын сагындым. Жайлоодо жүрүп ошол сыйкыр үндүн астында чоңойдум. Ошол артта калган сыйкыр үндү сагындым.

* * *

Адам эмгекке тойбойт. Жашоонун көркөм түгөнбөгөн маңызы ошол. Көркөмдүк болгон жерде жашоо аяктабайт. Анын жолу ошол.

* * *

Куштар каякка кетти? Мезгил эмне деди? Алар түштүккө кетти, эми силердин жерде тынчтык жапайт. Анан күз өтүп, тарапка кыш келип, айлананы кар басып, бейкуттук жашайт

* * *

Бири-бирин түшүнсө, ал үйгө тынчтык келип конот.

Үй-бүлөнү тынчтык уяласа ал жерге бакыт кушу келип конот.

* * *

Ата-журттун бир сонун аймагын келжиреген башкаруучу башка өлкөгө берип жиберди. Ал менин орду толбос кайгым. Туулган жерге болгон сүйүүмдүн бир бөлүгүнөн айрылган кайгым.

* * *

Адамдар айтты:

– Даанышмандык каяктан башталат, – деп

– Даанышмандык сенин жүрөгүңөн башталат, ошол даанышмандык башталган жерде таза жана тунук булак шылдырап агып жатат.