Выбрать главу

* * *

Сагынбай менен Саякбайдын бүткүл денеси ырдан турат го деп ойлоп калам. Баса ырдан куралбаса, мындай ченемсиз океан ыр алардын кичинекей башына кантип батмак эле деп таң калам.

* * *

Өтө кыйналып жашап жатсаңар да «Кандай жашап жа-тасыңар?» – деп сураса: «Жакшы, жаман эмес, кудай деп – өмүр сүрүп жатабыз» ,– дегиле. Анткени силердин үмүтүңөр алдыда.

* * *

Мен билгенди ал билбейт. Ал билгенди мен билбейм.

Ошол үчүн аны менен үндөшпөдүм.

* * *

Үмүтү, кубанычы сынып калган адам жалгыз калат.

Жалгыз калган адам таянычы жок, бат эле жеңилип калат.

* * *

Караңгыда жол жүрүп бараткан адамдардын алдынан жылтылдап от жанат. От үмүт болчу. Эми адамдардын жүрөгүндө ошол отко жетем деген жылтылдаган от жанат.

* * *

Бир дагы эне уулун бактысыз болсун деп төрөбөйт. Анда адам бактысыздыкка кайдан кабылат. Оор бактысыздыкка аны адамдар түртөт, же бир себептердин аркасы менен кабылат.

* * *

Түн кирип эс алаарда:

– Уйкуңар тынч өтүп, жай тургула! – деп бири-бириңерге каалоо айтууну унутпагыла! Ошондо жакшы эс алып,санааңар жайлана, сонун түштөрдү көрүп, эртең менен шаттуу ойгоносуңар. Майда болсо да ушуну унутпагыла!

* * *

Сүйүү болгон жерде эки көз дайыма жолугат. Ал көңүлдүн эң терең жериндеги ырахатты түшүнөт. Эгерде эки жаштын ортосунда мындай сезим жок болсо, эки көз эмнени түшүнөт?

* * *

Асманда чуру-чуу болуп куштардын тобу айланып жатышат. Адамдар ошол куштардын айланасындагы кара шумкарды кайра-кайра кеп кылып жатышат.

* * *

Көңүлсүз он түндөн бир түн артыгыраак, жүз коркоктон бир баатыр артыгыраак. Начар жүз ырдан бир ыр артыгыраак.

* * *

Жолочу болуп кетип бараткам. Түндөсү түнөгөн чоң даракка:

– Жакшы кал! Бул жерге кайра келемби же келбейимби, муну келечек тагдыр билет, – дедим.

* * *

Мен эмнени кааласам, сен ошону кааладың, демек биздин жүрөгүбүздө өтө жакындык сезим бар экен. Ал жакшылыктын, жаралышы экен.

* * *

Көзүбүз улам-улам чагылышып жатат. Ал жүрөктүн жалыны экени сезилип турат. Эки жалын бириккен жерде сүйүүнүн кудурети чачырап турат.

* * *

Сүйгөнүңдүн элесин күндүз жолукканыбызда көрдүм, түн ичинде уктап жатып түшүмдө көрдүм.

* * *

Аалы акынды мугалимим деп урматтайм. Анын лирикасы эмне деген кенч. Бардык эле акындар ушундай бийиктикке көтөрүлбөйт. Ал эми анын кара сөзүнөн кеменгерлик пайда болот. Талант менен кеменгерлик айкалышканда, акында өчпөгөн даанышмандык пайда болот.

* * *

Ийгиликке жетем деген кишинин санаасы ак. Жакшы кишинин башкаларга тилеги ак, ыр жазылган барактын өңү ак.

* * *

Күндөр кечээгүнкү, бүгүнкү жана эртеңки болуп бөлүнөт. Мындан кечээгүнкү, бүгүнкү күн эскирет. Эртеңки күн эч убакта эскирбейт. Анткени адам баласы эртеңки күнгө жетели деп, канат байлап баратабыз. Ошол үчүн ал жаңы, биз ошол жакка баратабыз.

* * *

Бала атасын элес-булас көрүп калган. Анда кандуу майдан күчөп турган чагы. Жоокерлер ат минип, батышка карай аттанып жатышкан. Бул окуя ошол жайдын сонун бир кечинде болуп өттү. Атасы энеси менен баласын жайлоого калтырып, жакага түшүп, андан ары майданга кетмек. Аларды жайлоого көңүлдөгүдөй жайгаштырды.

Жигит жары жана баласы менен коштошуп, чапкан бойдон батышка жөнөп кетти. Бала атасын көпкө карап турду. Жоокер кетип бараткан тарапка күн алоолоп батып бараткан болчу. Бала атасынан көзүн албайт. Ага бирде күн, бирде атчан чаап бараткан киши көрүнөт. Тигине узун бойлуу ак калпакчан жигит кетип баратат. Ат асман айга түйүлө туяктары, ай чапчып кишенеп жиберди.

Андан бери бир канча жылдар өттү. Бала атасынын өңүн эчак унутуп калган эле. Аны эстегенде күн батышка чаап бараткан атасынын элеси, эске келет. Атасы ага күн көрүнчү.

* * *

Он начар дос көтөрүп келе жаткан жүктү керек болсо, бир эле жакшы дос көтөрүп коёт.

* * *

Үй-бүлөнүн ысык сүйүүсүн катуу мыйзам жарата албайт аны бир гана ысык жүрөк жаратат. Мыйзам жарата албаган нерсени ысык жүрөк жаратат. Анткени адамдын, адамга болгон жакшылытын жүрөк гана жаратат.

* * *

Табыттын өлгөн кишиге кереги жок. Өлгөн кишини көмө турган тирүү кишиге керек. Чоң кишиге оюнчуктун кереги жок, аны ойной турган баласына керек.

Атанын балага айткан акылы, атага кереги жок, анын баласынын келечегине керек.