Выбрать главу

* * *

Мактанчаак адам жалгандын үйүндө жүрсө, чынчыл адам бакыттын үйүндө жүрөт.

* * *

Майда адамдын айланасында айкөл адам жашайт. Бирок, майда майдалыгы менен айкөл айкөлдүгү менен айырмаланат.

* * *

Кетип бараткан жолочу бар, келаткан жолочу бар. Экөөнүн жолуккан жеринде ал жайда сурашып, саламдашкан жагы да бар.

* * *

Бийлик-бийлик бойдон калат. Жалган-жалган бойдон калат. Бийликти жалган жол менен башкарсаң, ал дагы ошол жалган бойдон калат.

* * *

Шайтан көпөлөк жарыкты издеп табабы? Жээ жарык шайтан көпөлөктү табабы? Жок жарык ордунда эле турат. Шайтан көпөлөк жарыкка умтулат.

* * *

Жакшы адамдын оозунан анткор, алдамчы сөз чыкпайт.

Андай сөздөр анткор адамдын оозунан чыгат.

* * *

Алдамчылыкты кадимки эле адамга окшош пенделер жаратат.

* * *

Жаз айын жалгыз чабалекей алып келбейт аны бүткүл келгин куштар жана мезгил алып келет.

* * *

Бир үй-бүлө, бала чаканын ажырашканы, заман үчүн да оор, биз үчүн да оор. Эл үчүн андан бетер оор.

* * *

Кайырчыны аяган адам боорукердин боорукери.

* * *

Кубанычтын эшигин ачалы, ал эми кайгынын эшигин колубуздан келсе, жаап салалы.

* * *

Булганган адамдын жан дүйнөсүн тазартыш үчүн жаңы жүрөктү, жаңы бийиктикти табыш керек. Ошолор табылабы? Баары эле табылат. Балким табылып калаар.

* * *

Өткөн ишибизден сабак алып, келечекке канат байлап жатабыз. Жакшы жашоого умтулуп жатабыз.

* * *

Жолдун башы үйүңдөн башталат. Бузулбас бекем сүйүү сенин бекем жүрөгүңдөн башталат.

* * *

Жолдогу дарактын карааны жакшы, караанынан дагы ысыкта, жамгырда жолоочуну коргогону жакшы, баарынан кең талааны жалгызсыратпай өсүп турганы жакшы.

* * *

Бактылуу балалык, бактылуу жомокко айланган балалык.

* * *

Адамдын жан дүйнөсүн өлтүргөн адам киши өлтүрбөсө да ошого карай жакындаган адам.

* * *

Күнөө кылып, анан жаманчылыкка барбай тазалыкка аттанса, ал жомоктогу оң жолго бараткан караан.

* * *

Акылсыздык болгон жерде далай сонун нерселер артка чегинет.

* * *

Рухий духу жогору адам бай болот. Анын жанындагы адамдар кошо бай болот.

Анын өзү эле бай болбой ал жашаган дүйнө бай болот.

* * *

Баары эле акылдуу эмес, жакшылыкта жашоону, турмушка ашырган адам акылдуу.

* * *

Жакшылык жүрөктө жашайт, сулуулук көздө жашайт.

Жүрөк менен көз адамдын күзгүсү.

* * *

Кышкы күн канчалык узак болгон менен эсептей келсең ал деле кыска, бийик улуу тоолорго чыгалы дейбиз, бирок өмүрүбүз кыска.

* * *

Биз Жаратканга баш ийебиз, Жараткан бабаларыбыздын өткөн жолун сактап турат.

* * *

Ар кандай жаман сапаттан жакшылык бийик турат.

Ошол үчүн анын жолу бийик жана үлгүлүү.

* * *

Чыныгы талант, эмгек бар жерде түбөлүктүү жашоо бар.

* * *

Адамдын карап турган эки көзүн алтын, асыл таштар менен тойгуза албайбыз, бирок рухий байлык менен тойгуза алабыз.

* * *

Улгайган кишинин өзү болуш керек, өзүнөн да жакшы сөзү болуш керек. Сөзүнөн да калыстыкты байкаган эки көзү болуш керек.

* * *

Жаштык улгайган адамды өзүнө чакырат, ошол үчүн ал кооз жана керемет.

* * *

Узак жол да жакшы, узак жолдо өмүр сүргөн да жакшы, узак жолдо узак жашка барган андан бетер жакшы.

* * *

Ден-соолугу бар адам бай адам. Бай болуп туруп, денсоолугу жок адам жарды адам.

* * *

Каза болгон адамды жоктоп бир үй-бүлөө ыйласа, ошол үй-бүлөө үчүн керек адам. Миң адам капаланса, ал жакшы адам. Ал эми бүтүндөй өлкөнүн эли жоктоп ыйласа, ал бактылуу өлбөс улуу адам.

* * *

Араа арааланып, балка урулуп жатса, ошол жерде бүтүп жаткан жакшы иштер бар.

* * *

Жашоодо эмгек керек. Ишти бүтүрүш үчүн жумушчу керек. Баарынан ошол жумушчуга ден соолук керек.

* * *

Миң койлуу адам да, коюу бар адам, бир коюу бар адам да, койлуу адам. Болгону бирөө бай, экинчиси жардыраак адам.