Эртеси алар кайра жолду улантат,
Жолочулар дагы алга сапарлайт.
Буурул кулун дагы калбай келатат,
Жол узак далайлары артта калды.
Торгой баатыр кулунду карап кеп салды:
– Кулунду кантип биз коштоп жүрөбүз,
Калса калсын ага көңүл бурбайлы.
Жол ыраак ылдам гана жүрөлүк,
Жолдо калбай конушка жете баралы.
Сургулт булут асман жактан түнөрөт,
Суу болуп жамгырда азап тартабыз.
Мейли эми эмне болсо, ошо болсун
Чаар кулунду карабай таштайбыз.
Жонок жерде аттарын камчылай,
Жолочулар сапар улай баратышат.
Жолдон бирөө мындай кеп салды:
– Атабек бизге шылдың ишти жасады.
Котур болгон кулун менен алышып,
Чоң түйшүктү такыр үйүп таштады.
Жолу жок кулунду такыр албайлы.
Дагы бирөө мындай кепти сүйлөдү:
– Мейли эми аны жесин карышкыр.
Таштайлычы бурулуп аны карабайлы,
Такыр эле бизден ыраак калыптыр.
Жолочулар катуу жүрүп баратса да,
Бирок дагы кулун артта калбады.
Арып-ачып котур болуп турса да,
Арт жактан жоголбоду карааны.
Кулун кээде окуранып кабар таратып,
Ал жаныбар бир нерсени айткансыйт.
Берки аттар артты карап дабыш таштайт,
«Ылдам бас жете кел»– деп жаткансыйт.
Алардын уланып келет сапары,
Жүдөө кулун арт тарапан калбады.
Адамдар аны кайра-кайра карады,
Баарысы бул сыйкырга таңданды.
Оңой эмес бул кулундун жүрүшү,
Жүдөө неме аттар менен тең келет.
Закым болуп бизге карай берилейт,
Жылаажын үн кээде назик шыңгырап.
Бул шыйкырбы же укмушпу ким билет?
Жол жүрүп анан алар конушат,
Кулун дагы ошол жерди байырлайт.
Эс алып бүтүп алар дагы аттанат,
Кулун калбай алар менен кошо чыгат.
Сапар басып эчен-эчен өр жерди,
Түпкө жолочулар жете келди.
Алар менен бирге келген кулун бар,
Чарчабаган асыл ыйык жаныбар.
Акыры алар айылга жетип келген
Жорголорду көрүп алып баардык эл,
Солтолордун берген сыйын жактырышты.
«Жеңил барып, оор келгенин айтышты.
Касиеттүү ошол Торгой атанын
Эң мыкты саяпкери бар эле.
Баатыр аны ар дайыма баалаган,
Кезинде далай күлүк таптаган.
Ата аларды жарыштарга чыгарган.
Саяпкердин аты Бакал деп аталган,
Дайындуу далай күлүк кармаган.
Котур болгон кулунду ошол көрүп,
Улам-улам көз салып көңүл бөлүп.
«Бул жандыктын энеси кайып экен,
Балким тууп талаага таштап кеткен.
Же жаратканым бирөөгө энчилеген.
Бул жаныбар карышкырга жедирбейт,
Көрүнбөгөн коргоочусу бар экен.
Муну жылкы пири дайым колдогон,
Жаныбардын ар дайыма жолу болгон
Ата кайып саяпкери дагы бар,
Котур кулун өз мезгили келгенде,
Жер үстүнө ийгиликти жаратаар.
Же болбосо улуу Торгой атанын,
Атагын ай-ааламга кабарлаар.
Айкөл Манас төрөлгөндө жле,
Жаратканым Аккуланы ыйгарган.
Алп баатыр энчисиз калмак беле,
Ал күлүк кайыбынан кабылган.
Коңурбай шер бу дүйнөгө келгенде,
Жаратканым энчилеген Алгарыны.
Жолой баатыр бу заманга келгенде,
Энчилеген Алла Таалам Ачбууданды.
Төштүк баатыр бул ааламга келгенде
Теңирим ага берди Чалкуйрукту,
Мунун өзү тагдырбы же буйрукпу.
Торгой атага ыйык энчи бергенди,
Эмнегендир жаратканым унуттубу.
Унутпады отуздардан өткөндө,
Ыроолоду жүдөп калган кулунду.
Энчиси ага кечигип сапар келген,
Кеч болсо да Теңиримен белек тийген.
Саяпкер кулунду кармап кубанды,
Эртеси эле эски жүнүн жулуп салды.
Котуруна кымбат дары сыйпады,
Ал жаныбар ылдам эле тыңып калды.
Бара-бара боюу чыгып келишкен,
Жаныбарым бир асылга айланды.
Бакал «Чаар кулунга көз тиет»-деп,
Эл көрбөс бир үңкүргө таптады.
Эки жыл өттү закым салып арадан,
Убакыт ушунчалык бат жылган.
Чаар кулун жал куйругу келишкен
Тоодой болгон жаныбарга айланган.
Көп жолу ал түштү алыс жарышка,
Адамдай эстүү акылдуу жаныбар
Ар дайыма жарап берген намыска,
Чекесинде күйүп турган шамы бар.
Чаар бууданга бүт калайык көз салган,
Баатыр жанга кайыбынан кабылган.
Эл чаар атка « Закым» деген ат койду.
Ошол бойдон «Закым» болуп аталды.
Закым күлүк кайып болгон жаныбар,
Анын эки капталында канат бар,
Канат жайса ак булутту аралар.
Каалаган жерге закымдап тез бараар.
Анын даңкы бүт ааламды аралаар.
Закым деген чындыгында закымбы,
Түптөн чыкса Көтмалдыга тез бараар.
Боом жерин ылдам өтүп аралап,
Керек болсо Чүй аймагын аралаар.
Алыс жерге чарчабаган жаныбар.
Атына окшош арыбаган даңкы бар.