Выбрать главу

– Бул жерден эмнени издеп жүрөсүң?

– Кайтарган бир короо койуму издеп жүрөм.

– Изде, изде, жогуңу таап, ал бул кезде малчылар сыртка кетчү эле, малың балким Чоң Ашууну ашып сыртка кеткендир. Жогуму таап алайын деп үзүм-үзүм балалыгымын доорун эстедим. Тоо да, суу да баары эле баягыдай, бир гана мага тааныш жаркын адамдарым көрүнбөйт. Калдайып жайылган кой, уй, жылкы мал караандары көрүнбөйт. Аларды таппай келатам, таппай келатам. Мал карааны ашуудан ашып, сыртка Жылы Суу, Ийри Суу, Чатыр Таш, Кара Каман жайлоолоруна кеткендей сыяктанды. Кой жоголгон малымды, жаркын адамдарымы таап алайын деп ошол жакка сапарымы уланттым. Сапарымы улап ата-бабам ашып өткөн улуу дабан Чоң Ашууга чыга келдим. Ашуудан теребелди карадым. Менин алдыман көркөм дүйнө ачыла келди. Чоң дүнө ачыла келди. Ушул дүнөнү кимдер көрүп, кимдер көрбөгөн. Керемет табылгас дүйнө. Бул дүйнөнү көрүп көзүмөн жаш тегеренди. Кантип тегеренбейт, ушул жерден ушул дүйнөнү канча көрбөдүм. Көргөн сайын көргүм келет, такыр кумарым канбайт. Мен үчүн ашуудан кенен дүнө ачылат. Балалык өткөн өмүрүм жайнап ачылат. Ата бабамын баскан жолдору ачылат. Ушул жерден жаркындарымын жолдорун көрүп турам, баарын көрүп турам. Ушул жерден ашым өткөн жаркындарымын өлбөс элесин көрүп турам. Карасам Касиеттүү Ийри Суум, Жылы Суум, Кийик Төр, Миң Аркар, касиеттүү жайлоом Тешик Көлгө кеткен жолдор даана көрүнүп турат. Ийри Суу жыбылжып агып ата бабамын санатын айтып, Балгарт суусуна кошулайын деп агып сапарын улап жатыптыр. Бул жерди карап отуруп көзүмө ажайып бир көрүнүштөр чыга келди. Ата бабаларымын байыркы санжыра санат окуяларын миң эстеп, миң ойлонуп турдум. Кантип ойлонбойм, бул ашуудан кимдер гана ашпаган, кимдер гана сапар өтпөгөн. Менин балалыгым ата-бабам өскөн жерди көрүп көзүмө жаш тегеренди. Чоң Ашуудан сырт тарап менин алдыма мейкиндик ачып тургансыйт. Мейкиндикти карап артта калган балалыгыңды эсте дегенсийт. Тээ береги ойдуң түздө анча-мынча мал айдаган адамдар жүрөт. Аларды көрүп сүйүнүп кеттим. Буюрса жогум табылган экен деп сүйүнсөм, бирок алар такыр эле бейтааныш, башка тараптан келгендер экен.