Выбрать главу

Теңелбейли эми ушуга.

***

Күлүк, чобур бир багылды

Күнөстүү жерге байланды.

Чаалыкпастан жем берип,

Чабандес келип таптады.

Чоң жарышка чапканда,

Чобурду күлүк калтырды.

Чобур деген чобур экен,

Чоң чабуулга жарабады.

***

Дагы бир менин таанышым,

Байлыгын айтып мактанат.

Кассага каткан акчасынын,

Кабарын айтып даңктанат.

Жыйган-терген байлыгы,

Өзүнө эле буюрсун.

Ар бирибиз көрөбүз,

Аркалап турмуш буйругун.

***

Аялын коргоп бир агам

Эркектерди кууратат.

Чуу чыгарат ар дайым,

Ар күнүнө үч убак,

Аялы жакшы болсочу,

Кейпи тиги тарбайып,

Чаап жаак болгон түгөткүр,

Чачы куудай агарып.

***

Ар жактагы айылда

Алайган тааныш бар эле

Аял алуу жагынан.

Республика боюнча,

Рекорд койгон башынан.

Далай сонун аялдарды,

Дагдаңдатып айдаган.

Акыры жалгыз картайды,

Билинбей күн өткөрүп,

Бир үйдө жалгыз жашады.

***

Дагы бир тааныш жадатты

Иче берип аракты.

Жаштарды жаш дебеген,

Жарытып кеп билбеген.

Калдайып кары турса да,

Каадасын көзгө илбеген.

Кара ит чыгып эшиктен,

Ак ит кирип тешиктен.

Эч нерсе келбей колунан,

Элең сөз чыккан оозунан.

А деле кемпай кургурум,

Арман күн ошол курусун.

***

Дагы-дагы бирөө бар,

Жүргөн жери ызы-чуу.

Ополоң менен тополоң,

Сактай көр кудай ошондон.

***

Белден ашып көрүнбөй,

Беккулу досум кеткенби.

Анын кетеер чагына,

Агылып мезгил жеткенби.

Көнөчөк элдин балдарына,

Билим бердиң айныбай.

Эл-жериңе меенет кылып,

Эмгектендиң бир далай.

Кара көйнөк калкына,

Кайттың бекен таарынбай.

Көңдөй элден кетеериңде,

«Кош бол жерим!» дедиң го,

Өткөн өмүр жыйырма жылың,

Өкүнтүп жүрөк эзди го.

Ак боз атка жүк жүктөп,

Ак Суулук досум кетиптир.

Андай жакшы досторубуз,

Арбын боло бербестир.

«Эр жигиттин бактысын,

Аял ачат»-деди эле.

Ушул улуу ыйык макал

Айтылып келет бүт жерде.

Бээ жетелеп мал айдап,

Беккулу досум кайтканбы.

«Ак Сууга эми келгин»– деп,

Ага тагдыр айтканбы.

Адамдын жакшы, жаманы

Кеткенден кийин айтылат.

Жакшы жандын артында,

Жагым чачып жарык калат.

Көңдөйлүк урпагыңдын,

Көп жылы калдың эсинде.

Аман-эсен узак жаша,

Ак –Суунун ыйык элинде.

Көнөчөк элди унутпай,

Сала жүргөн эсиңе.

***

Бордунун өскөн ышкыны

Божур-божур кеп салат.

Болуштун Тыным уланы,

Бордудан кетип баратат.

Белдин өскөн ышкыны,

Бежиреп шыбыш таратат.

Бектин уулу Жамаке,

Белде шашып баратат.

***

Бул өмүрдө не калат?

Көркөмү көздү суктанткан,

Көөнөрбөс ырдай уланган,

Улары үнүн улаган,

Укмуш күүнү чубаган,

Аркары Ат- Жайлоодо,

Аралап өтүп чубаган.

Көздөн учуп сагынткан,

Көөнөрбөс Көңдөй жер калат,

«Көзгө чабаар» эл калат.

Бул дүйнөдө не калат?

Жигердүү келип башынан,

Жигиттери ат чапкан,

Калыс жүрүп башынан,

Карысы каада сактаган,

Жашырбай ички сырларын,

Жаштары сылык башынан.

Эли келет эмгекчил,

Эрте-кечи талбаган.

Көздөн учуп сагынткан,

Көөнөрбөс Көңдөй эл калат.

Ой, Көөнөрбөс Көңдөй эл калат.

Белден ары көрүнгөн,

Берилип жерин урматтаган.

Бел кылып туугандыкты,

Бекем салтты улаган.

Бектер кетип, бел калат,

Бетеге кетип бел калат,

Берешен жана бай келген,

Беш энеден жылдыз жанган,

Беккул деген эл калат.

Беккулу ата тараткан,

Ой, берешен пейпил эл калат.

Бул дүйнөдө не калат?

Айдыңы алыс угулган,

Ала-сала жулунган,

Агыны күчтүү суу калат.

Жашарткан чөптүн тамырын,

Жакшысы болуп ааламдын,

Жайдын күнү агылган,

Жаап жаткан жаан калат.

Шашып өтүп тынч албас,

Шайыр-шаттуу тынчыбас,

Шагылдуу тоодо шуулдаган,

Күчүнө келип алганда,

Күнү-түнү дуулдаган,

Шамал калат зуулдаган.

Көзүнөт от көрүнүп,

Көргөн адам кубанган.

Күүлү маалы уланган,

Күмүш нуру чубалган,

Жакшылык жеңип жаманды,

Жаңылык каптап ааламды,

Күнүмдүк турмуш унутулуп,

Күн менен жылган ай калат.

Агылган ушул жашоодо,

Андан башка не калат.

Агала тоонун башынан

Ай нур чачып кайкыган.

Алтын нур жерге төгүлсө,

Агылжым төрлөр жаркыган.

Жашарткан чөптүн тамырын,

Жакшысы болуп ааламдын.

Жашоо деген бир укмуш,

Жаңылыгы көп замандын.

Адамдар айтып түгөткүс,

Акындар жазган ыр калат.

Абалтадан келаткан,

Андан башка не калат.

Ой, андан башка не калат.

***

Айылдаш менин таанышым,

Адамдын тапса айыбын.