Тинттирип үй-короосун,
Тийишип жанын чыгармай.
Өрдөк менен көк турна,
Өкмөт менен партия,
Бийик учуп закымдап,
Билинбей өттү канча жыл.
Бир кезекте биздин элди,
Бир далайы башкарган.
Алар келип тинткенде,
Музоо торпок калбаган.
Кары-жашы аларды,
Каар төгүп каргаган.
Баккан малын алдырып,
Балдары боздоп ыйлаган.
Партия менен комунус,
Кылбаганды кылды го.
Жалгыздын жалгыз музоосун,
Жабыла тартып алды го.
Баардык элди кыйнашып,
Балакетти салды го.
Жаштарга көңүл бурбастан,
Жылуу сөздү курбастан,
«План, план,»-дей берип,
Төлөмөр болду канча жан.
Жең ичинен козу төлөдү,
Жел кириштин айынан.
Айылдагы жашоодон,
Азапты жаштар көп чеккен.
Жашай албай канча жан
Башка жакка жол кеткен.
Өз элин жеген кемирип,
Жок жерден издеп кемчилик.
Азапты чачкан элине,
Далайды алар көрсөткөн.
Атка минген бөрүлөр,
Дагы эле жүрөт өлбөстөн.
Пара берип бул кезде,
Майлуу, сүттү иштерде,
Жанын багат дагы эле.
Жору деген ушул атты,
Кайсы убакта таштамак.
Жорулугун таштап салса,
Ошол кезде өлүп калмак.
Пенделер, курган пенделер,
Көөдөндө көзү ачылбай.
Куу дүйнө көрсө качырмай,
Кубанат аны шап кармай.
Пенделер кайран пенделер,
Арам оокат жыям-деп,
Өзүнөн чоңго жагам деп,
Жакшыны ойлоп аткарбай,
Жаман ишти жасамай.
Убакыт улуу дарыгер,
Жаман ишпи, жакшы ишпи,
Элдин көөнү эсептеер.
Баарынан алып жыйынтык,
Өйдө- ылдыйы такталаар.
Так аныгы бааланар.
***
Кагылайын балам ай,
Үнүңү бас ыйлабай.
Каарды катуу салганы,
Кара малды алганы,
Каары көздөн куюулуп,
Кабак түйүп мулуюуп.
Кара Тоону айланып,
Камандарча дардайып,
Келе жатат Зиңирбай,
«Тайымы алып кетет» деп,
Ыйлаган бала басылган.
Музоосу бар адамдар,
Чакчайып көзү ачылган.
Кой, койгунуң балам ай,
Кой басылгын ыйлабай,
Кокуйлаганыңа карабай,
Кокуй күндү салганы,
Кой, козуну алганы,
Колоктоп келет Зиңгирбай.
Ай, Зиңгирбай, Зиңгирбай,
Ай, кудай ай, кудай ай.
Ашыгып келет Зиңгирбай,
Азап күндү салганы,
Акактап келет Зиңгирбай.
Огород жакка баралы,
Музоону үйгө каталы.
Сыртынан кулптап жашынып,
Кел, төркү үйгө качалы.
Кеткиче дымып жаталы.
Өтүп кетсин Зиңгирбай.
Эл жердин малын алып,
Эчен калдың каргышка.
Мал-жаныңан айрылып,
Малынып калгын азапка.
Ай, Зиңгирбай, Зиңгирбай.
Алып кеткен кара торпогумун,
Арбагы сени уктатпасын.
Кармап кеткен кара торпоктун,
Каргышы сени уктатпасын.
Ай, Зиңгирбай, Зиңгирбай.
ЖООР АТ
(жомок)
Күңгөй жактан бир бала,
Аттын жоорун тазалап.
Айылда жүрчү дайыма,
Жоор денени жышкылап.
Бет май менен майлоочу,
Марганцовка сыйпап денеге.
Марли менен таңуучу,
Аттар тыңып бул кезде.
Жоор аттардын жонуна,
Коно калчу сагызган.
Эт жегиси келип жатпайбы,
Арамза шайтан ай айбан.
«Айда, шүмшүк жогол»-деп,
Ал кондурбай айдаган.
Чокутпай карга, кузгунга,
Оорулуу атты кайтарган.
Суук тийип калат деп,
Суурдун майын сыйпаган.
Кум, топурак жукпасын,
Курумшу кийиз жаптырган.
Жоор аттар бүт айыгып,
Ырахмат айткан балага.
Кантип айтпайт алкышын,
Жоор дене кетсе айыга.
Айыгып алып жоор аттар,
Айыл аралай сызышкан.
Күлүк ат минип жаш балдар,
Күлмүңдөшүп чабашкан.
Жоор атты жүрүп тазалап,
Бактысы ачылып баланын.
Оорулуу козу кой бакты,
Камын көрүп алардын.
«Тирүү койду өлдү» деп,
Акти жазып чыгартты.
Ошентип түзө баштады,
Акырындап байлыкты.
Жоор тазалаган ал бала,
Санетирди кармады.
«Эчак өлүп калган»– дап,
Эчен койду жалмады.
Кой фарма болуп анан да,
Колоктото жеп кирди.
Байлык акча дегенде,
Башын сайып теминди.
Койлор өлбөй тирүү эле,
Маарап аны ээрчиген.
Курап алган байлыгын,
Чоңдор жакка жеткирген.
Көп барчу Чолпон Атага,
Оюу анын башкада.
Болгусу келчү ар дайым,
Элди бийлеп башкарма.
Пара артынан пара берип,
Болуп алды башкарма.
«Жетем деген бул ишке»
Жеткендей болду баарына.
Элдин баары айтышты,
Жоор тазалаган балага.
Ачылып анын бактысы,
Тапты накта таалайды.
Жоор тазалаган кара бала
Жомоктогу баатыр болгон.
Жоор тазалап жүрүп эле,
Жогору жакка обологон.
Жоор тазалаган ал бала,
Жакын болду байларга.
Такыр эле карачу эмес,
Колунда жок адамдарга.
Ашып-шашып өтүптүр,
Андан бери көп заман.