Выбрать главу

Таалайлуу жан өңдөнүп,

Таза бойдон калса эмне?

Сенин балаң чоңойгондо,

Кандай болот ким билет?

Аңыраңдап тыңсынба,

Ал мезгил да бир келет.

Балаң начар болгондо,

Бармагыңды чайнаарсың.

«Ай бекер кылыптырмын»,

Арманыңды айтаарсың.

Ошол үчүн кеп уруп,

Эртелей эле шашылба

Тагдыр деген оор болот,

«Тамаша»– деп мактанба.

***

Нелер өттү бул дүйнөдө,

Учкун чачкан көңүлдө.

Абалап учкан баягы,

Алыстан учкан баянды.

Ай жаңырып таң аткан

Алтын ыргак таштаткан.

Абалкынын жомогун,

Айта албай баратам.

Келеер кезек бул өмүр,

Кейибесин бул көңүл.

Шашып учуп шаракап,

Шаттуу болсун бу көңүл.

Кейиште өткөн баянды,

Кеңири түрдө сөз козгоп,

Кеп сала албай баратам.

Шамал сындуу шарактап,

Шашылган бул өмүр.

Кээде бар да, кээде жок,

Кейиште экен бул көңүл.

Ата баба тарыхын,

Айткан соң бүтө албай,

Ак чач болуп баратам.

***

Темир Канат айылым,

Өмүрдүн алтын барагы.

Өткөндөргө көз салып,

Өзүңдү эстейм мен дагы.

Кулжалар жүрөт кумайда,

Куу турмуш өтөт бу маалда.

Күлүстөн жерге тартылам,

Күчкө толгон чагымда.

Аркарлар Арпа Тектирде,

Айдыңдуу жерди сагынам.

Туулуп өскөн турагым,

Туурума улам тартылам.

Текелер жүрөт тектирде,

Теминип агат чоң дайра.

Унутта калган өткөн чак,

Уланып келет санаама.

Чоң Ташымыдн дайрасы,

Чоо жайын алыс таратат.

Шибеңдеген назик жел,

Шиберин тарап жазантат.

***

Ордобай өтөк аралап,

Өйүзгө карай эл көчөт.

Өкүрөңдөтүп өгүзүн,

Өмүрбек деген бала өтөт.

Ийри Колот жерди өрдөп,

Имериле көч жөнөйт.

Шагылдуу жолду өзүнөн,

Шамырбек деген ата өтөт.

***

Топ-тобу менен мал айдап,

Тоодон малчы түшө элек.

Карааны чоң көрүнүп,

Кампага эгин толо элек.

Агарган тоонун башынан,

Ак булут жаанын себелеп.

Ашыккан куштар коштошуп,

Алтын күз өтүп бүтө элек.

***

Жоломан агам менен

Жорго минип жол келгем.

Жолду улам арбытып,

Жоргом жолдо тепеңдеген.

Жоломан агам мага,

Жол жомогун айтып берди.

Жолдош болуп жол арбыттык,

Жолубуз алга илгерлеп.

Асыл тура өткөн тарых

Айтылып жүргөн элдеги.

Жолду улам арбыткан

Жомоктор көп мендеги

Аңдабай өтүп баратыппыз

Ата-баба баянын.

Укмуш жагы көп экен,

Уламалуу санжыранын.

***

Көзүмөн учуп элет жер,

Көңүлүмөн ыр кылам.

Көбүрөөк кирген түшүмө,

Көңдөйүмө тартылам.

Ата-бабам өскөн жерди,

Санжыра кылып баратам.

«Ырыстуу жер экен»-деп,

Ырчылар сени мактаган.

Сууру шаңшып үн салган,

Суулары тоодон алкынган.

Суктантып кирет түшүмө,

Султанбай жезде отурчу,

Суук Төр сени сагынам.

***

Кытайдан келген кырма аяк

«Бирөөн алдап кеттим»-деп,

Айылдаш досум ырсаят.

Алдаса алдап кеткендир,

Алдамчы шүмшүк аталып,

Айлынан жүрөт ал качып.

***

Кечиргиле туугандар

Кемчилдик болсо жазмамда.

Кемчилдиксиз киши жок,

Келген ушул жалганда.

Баарыңарды мактасам,

Душмандарга кеп тарайт.

Мааниси жок таркылдак,

«Мактанчаак»– деп, шыбырайт.

Туура сынды айтамын,

Туугандар калыс өзүбүзгө.

Кемчилдиксиз болбот го,

Кереметтүү бул дүйнө.

***

Ыр түшүрө баштадым

Калем алып ак кагазга.

Ар бир жандын өмүрү,

Өзүнчө бир санжыра.

Санжыралап жердештерди

Баян айта кетейин.

Кайран өмүр өткөнүн,

Кайтадан бир эстейин.

Жердештерим санжырада,

Кала берсин эскерилип.

Айныбас өмүр өтөт го

Ар бир ырым эстелик.

***

Араба айдап келатат,

Ак көңүл агам Шалтабай.

Араба барат токтобой,

Аттар такыр чарчабай.

Биз дагы өмүр боюу,

Араба айдап келатабыз.

Аттар баспай калдыбы,

Астыга карай жылабыз.

Араба качан токтогондо,

Өмүр жылбай аяктайт.

Ашыккан өмүр чаалыктыбы,

Армандуу болот ошол чак.

***

Дүйнө алтын, байлыкка

Чынгыз ханда тойгон жок.

Албан журтту караткан,

Аксак Темир тойгон жок.

Наар татыбай дүйнө деп,

Наполеон да тойгон жок.

Искендер да жөн турбай,

Далай жерди жойлоду,

Сугун артып дүйнөгө,

Сулайман султан тойбоду.

Жердин жети түбүнө,

«Жетемин»– деп ойлонду.

Чөмүлүп Кум-Төр алтынына,

Байлык менен катынга.

Баарын берип тууганга

Бакийип дунган тойгон жок.

Калың журтту талатып,

Каркырадай жерин сатып,

Акайип каапыр тойгон жок.

Арман күн ай алыска,

Алар качып жоголду.

Опаасыз дүйнө экен го

Ошондой эле болмогу.

Алар тобой койгон соң,

Биз тоймок белек дүйнөгө

Ачылган оозу жыйылбас,

Арман тура бул дүйнө.

Тың жүрүп эл ичинде,

Аман-эсен жашайлы.

Биримдикте күч болот

Бир-бирибизди сыйлайлы.

Кыргыз эли аман болсун.

Дал ошону ойлойлук

Журт ичинде бар болуп,

Биз да аман бололук!

***

Алтынга бергис карылар

Алар да өтүп кетиптир.

Күүдөн тайбай уланып,

Күлүк мезгил безиптир.

Андан кийинки абалар,

Алар да карып калыптыр.

Арасында калып бир экөө,

Аларды оору басыптыр.

Агылып мезгил өтүптүр,

Агын суулар ташкындап.

Билинбей артта калыптыр,

Бир кездеги жалын чак.

Кечөөкү эле байкелер,

Ак чач болуп алыптыр.

Улгайгандык жөнүндө,

Улама кеп башташыптыр.