Выбрать главу

Ыргыштаган атын камчылайт.

Ылдам жыла сапарлайт.

Жамбашында дүрбү салактап.

Жамаке мерген келатат.

Чач мончогу кагылып,

Турна моюн кыз өтөт.

Ак элечек салынып,

Ак байбиче дагы өтөт.

Минген атын камчылап,

Адам эле шашмалак

Эки буту салактап.

Тамашалуу баян айтып,

Аскербай жээним келатат.

Турдубектин жалгызы,

Жыттуу чөптүн жалбызы

Суксур байке көрүнөт.

Көчтү карап сүйүнөт.

Короолу коюн улам кайрат,

Шашып-бушуп уюн айдайт,

Шамалдай байке тору атын.

Шашып-буша чапкылайт.

Улуу көчкө көз салып,

Адамдарга кеңеш айтып,

Баарысын тең башкарып,

Тукеш аба баратат.

Анын көчтө жүрүшү

Айтып бүткүс салтанат.

Арт жагынан балдары

Калбай ээрчип келатат.

– Биз дагы көч көчүрөбүз

Бул сөздү айтып кубанат.

Сырдуу тартып ат үстүндө,

Сыдыш абам баратат.

Этек жакка коюн кайрып,

Эсентур аба келатат.

Аскаттын ак калпагы,

Ар бир жанды каратат.

Эшен абам самоорун

Ат үстүнө артып алган.

«Ийри Суудан ары өтүп,

Ичебиз-дейт көк чайдан».

Анда-манда уктай коюп,

Абакир атам келатат.

– Ой, какмар көзүңү ач!

Абатай атам жемелейт.

Жолго чыгып алыска

Көчтүн башы Калак Ташта.

Көч аягы Жылуу- Сууда

Алыска сапар уланууда.

Укурук алып колдоруна,

Бака-шака үн салып,

Жылкычылар баратат.

Айт-уйт, айт-уйт,

Айт-уйт, айт-уйт,

Ишенбек ага баратат.

Кең өтөктөн жылкыны

Кененбай байкем кайырат.

Шам кулактуу жылкылар,

Шамалдай болуп баратат.

Куйрук жалы жылкынын,

Куюндап желге таралат.

Кула ат минген Муса аба,

Күлкүлүү бир баян айтат.

Жан жыргаткан сөздү угуп,

Жаш жигиттер каткырат.

Эки агам сапар келатат,

Кыдыр менен Төлөнбай,

Төлөнбай агам сырт жакка,

Почто тартып баратат.

Искен менен Мураттар

Асан менен Жапарлар.

Бериден атын желдирет

Бердугул менен Сагындар.

Калбай ошол көч жолун

Карагыла баарыңар!

Жагымдуу ырга бөлөнүп,

Жакшы ырды таап алыңар!

Кызыл-тазыл ушул көч,

Кырдан ашып баратат.

Сабак айтып биздикилер,

Салтанатты жаратат.

Бабалардын элеси,

Биз менен кошо баратат.

Колот өрдөп жөнөгөн,

Кой кошулуп баратат.

Колоктогон жаш балдар,

Койду тосуп алганы,

Колот өрдөп чабыңдар.

Шаршембинин Казагы,

Жамгырчынын Жакыбы,

Жаманактын Абдысы,

Боогачыдан Коёнаалы,

Желдеңдин Ысмайылы,

Токторбайдан Орозо,

Султангазынын Эшени,

Байшериден Турдубай,

Карап жаттым бу көчтөн,

Карааны ыйык чалдарды,

Кадыры бар жандарды.

Оозу бозо жыттанып,

Жеңелерге көз салып,

Кадыркул байке келатат.

Койгулап кара атын,

Конок байке чаптырат.

Артынан анын такымдап,

Алыбай байке жакындайт.

Жар чакырып бакылдап,

Жапас байкем келатат.

Бүркүтчүнүн колунда,

Каардуу бүркүт талпынат.

Ысмайыл ата боз кушун

Илбесинге агытат.

Жол жомогун улаган,

Жомокчу ушул балдар ай,

Торпок минип топурашып,

Өз алдынча кобурашып,

Марыбас жерден кеп баштап,

Манас айтып келатат,

Маңгибай менен Чаңгибай.

Келиндер келатат,

Бешиктерин. өңөрүп.

Тайчан балдар жарышат,

Бөктөрүнчөк бөктөрүп.

Ак бозунун үстүндө,

Кээ биринде үргүлөп,

Бир сөздү айтып күбүрөп,

Максүт жезде келатат.

Тайчан чабат жаш балдар,

Ал балдардын арасында,

Аңкай менен Шаңкай бар.

Ойноок далай балдар бар.

Кана баарың болуңдар!

Көчтү узатып жөнөтүү

Байртадан салтыңар!

Беккулунун көчү өрдөп,

Кара Тоону айланат.

Астыда жол тайгалак,

Ал жактан да аша алат.

Далай кылым ата көчү

Жолун улап келатат.

Көч көчүргөн аталар,

Ак элечекчен энелер,

Көчтү алдыга сүрөгөн,

Көч менен келген абалар,

Баарыңар аман болгула!

Ата-баба өмүр сүргөн

Журтка барып конгула!

Сапар алган улуу көчтү

Беккулу ата колдоп алсын.

Элечекчен Бугу эненин элеси,

Биз менен бирге жашасын.

Ар дайыма жардам берип,

Арбактар эми жар болуп!

Жараткан болуп колдоочу,

Пайгамбар болсун коргоочу.

***

Бул китепти ким окуса,

Ал да калат арманда.

А ким калса окубай,

А да батат арманга.

Жашоонун оор экенин,

Окугандар анык сезет.

Ата-баба тарыхын

Аз да болсо эскирет.

А ким калса окубай,

Бабаларын билбей калат.

Баш аягы чоң арман

Бабаларсыз кантип жашайт.

Ошол үчүн өмүр сүрүү

Айтып бүткүс чоң арман.

Жарыкка келбей калганың

Аның дагы бир арман.

ЭРТЕҢ МЕНЕН

Жан энекем уй саап жатат эшикте,

Таңкы сууктун илеби улам сезилет.