Кыпчактан бирөө келатат.
Аскербай жээним болбосун,
Ашыга белге көз салат.
Жоготуп семиз токтусун,
Жонокту карай бет алат.
Кер ити калбай акактап,
Келе жатат салпактап.
***
Кара-Каман, Кара-Каман суулары,
Катуу агат каардана окторулуп.
Агыны катуу айбаттансаң күрүлдөй,
Ак таштарды ала-сала омкоруп.
Адам Ата, Обо Энеден беркини,
Аңгемелеп күүгө салып жатпагын.
Жээк кемере албуутанып акканың,
Жээгиңде туруп кайратыңа таңдандым.
***
Сан жылкынын дабышы,
Сайлуу өтөктөн тараган.
Кербез тоолор заңкаят,
Кеңейип менин заманам.
***
Аралыгы алыс жаткан
Ак Кыя менен Көк Кыя.
Ат минип алсам жетембм?
Арасы анын канча ия?
Ак Кыяны аралап,
Ак бозчон жол тартам.
Көк кыяны аралап,
Көңдөйгө кетип баратам.
Ак Кыя менен Көк Кыя
Арткы күндүн карааны.
Талаа, тоону аралап,
Талбай барам сабалап.
***
Ат Жайлоо деген конуштан
Ак аргымак ат келди.
Аскаларга көз салып,
Айдыңдуу жерге сук артып,
Аттарды айдап жабылта,
Амандур деген эр келди.
***
Ак байпак күлүк ат минип,
Ак- Кыядан келатам.
Ата-баба тарыхын,
Аңыз кылып кеп таштайм.
Көк Кыядан келатам,
Көөнөрбөс Көңдөй жеримди,
Көркөмүн эстеп ыр баштайм.
***
Кара атына жүк жүктөп
Карач ата көч көчүрөт.
Кагылайын туулган жер,
Карааның ыйык көрүнөт.
Жер Үй суусу ташкындап,
Жээкке суусу чабылат.
Көөндөндө соккон жүрөгүм,
Көңдөйгө карай талпынат.
***
Кичинемде мен өскөн
Киндик каным тамган жер.
Жашыл шалбаа түзөңдө,
Жалыным жанып калган жер.
Асманда учкан ак шумкар,
Алтоо тура санасам,
Ажайып укмуш туулган жер,
Азгырылып сага баратам.
Көктө учкан ак куунун,
Уп-жубу мени каранткан.
Кудуреттүү туулган жерге,
Куса болуп баратам.
***
Ак бозуна жүк жүктөп,
Айман ата көч көчүрөт.
Карагер атка жүк жүктөп,
Канай ата жолдо өтөт.
***
Алыскы Көңдөй жеримин,
Айдыңы чыгып бөлүнөт.
Жар ылдый кеткен созулуп,
Жашыл көлгө каз конот.
Жаштыгым өткөн Көңдөйүм,
Жарашыктуу жер болот.
Тал түбүндө булагым,
Талбай агып үн созот.
Тарабы кенен Көңдөйүм,
Таалайга бүткөн жер болот.
***
Күлүктөрдү күүлөндүрүп,
Күн Тийбеске карай айдадым.
Зоолорун көрүп жергемин,
Сорок-Ташка жетип кайрылдым.
Толгон жерден жүрүп отуруп,
Топозду тоодон байкадым.
Агын суу, шалбаа аралап,
Ат Жайлоого жетип кайрылдым.
Теңир Тоону күүгө келтирип,
Тектирге жетип кайрылдым.
Жергемин кооз жерлерин,
Жетине албай ырга салдым.
***
Атасы жок бала такыр жөө калаар
Күлүк берип аны бирөө барктабас.
Күлүк берип барктаса да баланы,
Атасы жок ал күлүгү тапталбас.
Аталуудай тапталса да күлүгү,
Ашып келип чоң жарышта байге албас.
Энеси жок бала жүрөөр жылаңбаш
Калпак берип аны бирөө сыйлабас.
Калпак берип барктаса да баланы,
Чекесинен «Берекем»-деп сылабас.
Чекесинен сыласа да бирөөлөр,
Энекенин мээримине татыбас.
Өткөндөгү бала чакты эчтесем,
Жекшен деген жердешим эстелет.
Балалыктын басып өткөн издери,
Жомок сындуу жолдордон жылт этет.
***
Короодон кой бышкырат,
Койчуман бала ышкырат.
Кокту жакта өтөктү,
Коюу түтүн аралайт.
Бурулушта кыя жол
Буурул атчан келатат.
Буйгат тоону аралап,
Булуттар көчүп сабалайт.
***
Качкынбай деген жылкычы
Кадаланып ашкан жер.
Саламат деген жолочу,
Салт атчан ашкан белестер.
Тамшантып Таабий чоң ата,
Тажабай кебин айткан жер.
Таанылбай жаткан дагы көп,
Тарыхын ичке каткан жер.
Ылоолонто жылкы айдап,
Ысыкен байке өткөн жер,
Мунарык тоону аралап,
Мукаш абам кеткен жер…
***
Коюн-колтук алышкан
Коонун түбү терең сай!
Аскасы асман тиреген,
Алыста калган айлым ай.
Жылкысы өйдө чубаган,
Жылганын түбү терең сай.
Жыпар жыт чачкан тоолору,
Жымыңдаган айлым ай!
Жылдыздар келип түнөгөн,
Жылгадан ары капчыгай.
Көйкөлүп өскөн шибери,
Көөнөрбөс Көңдөй айлым ай!
***
Сайран ырлар чубурган.
Шагылдуу тоонун боорунан,
Шаңдуу ырлар куюулган.
Эчки маарак, ызгыт куш,
Саз жактан учкан сабалап,
Сайроон жакты аралап,
Жайлоо ачкан Иймегим.
***
Арпа Тектир, Ат Жайлоо,
Алгыр кушум ободо.
Арасында бадал четин бар,
Аралап басып барганда.
Адырдан качып кулжалар,
Айдыңдуу баба жерлерин,
Айтылуу айдың белдерин,
Аралап көрүп кайта кайт!
Алтынга бергис баасын айт!
Кара Каман, Чатыр Таш,