Выбрать главу

Калтырбай жаз деп санжыраны,

Кабар келди булардан

***

Саймалуу калпак башымда,

Сапаты менен жазалган.

Саан койду айдап кайыргам,

Сайлуу өтөктүн алдынан.

Кокту менен мал айдап,

Койчу болгом жашыман.

Койчу эле болбой жашыман,

Кой жууратын кошо татыгам.

***

Жылга жыбыт жериңден,

Жылкы айдап өткөн болчумун.

Кокту-колот сеңрден,

Кой жайып өткөн болчумун.

Урчук-урчук жериңдеп,

Уй чүдөп өткөн болчумун.

***

Сабалата мал айдап,

Сатар досум кеткен бел.

Кара сумка асынып,

Калкынын малы жазылып,

Ферма болуп журт башкарып,

Ылым санап эл журтка,

Ыдырыс абам кеткен жер.

Калак Ташка мал айдап,

Калтырбай баарын чогу айдап,

Шашып-бушуп көч шайлап,

Шамалдай агам кеткен жер.

Агама тынбай жардамдашып,

Асыл сөздөн кеп салып,

Өктөөсү толуп турмуштун,

Өмүрбай иним келген жер.

***

Бир эркек бар билемин,

Аялдарды көп айтат.

«Тигинин аялы тигинтет,

Мунун аялы мынтет».

А өзүнүн сүйкүм аялы,

Өзү жокто жымыңдап.

Чоёк атат түгөткүр,

Чоочундарга көз ымдап.

***

Бир агам бар эле

Мага деле тийишет.

Тим турбай катүгүн,

Тигиге деле тийишет.

Жармашып алтымышка,

Жашы деле картайды.

Ар кимге эле тийишсе

Апжып болуп калганбы.

***

Атыр жыттуу абасы,

Аркырап согот жондордон.

Туу байлап жүрөм өзүңө,

Тууган жерим аман бол!

Темир Канат элет жер,

Тереңинде жүрөктүн.

Өзүңдөй болбос бөтөн жер,

Өмүрлүк менин сүйүктүүм.

Көктөн учкан сагызган,

Көбүрөөк мени каранткан.

«Көнөчөк» деген айлымды,

Көрөйүн деп бараткам.

***

Балгартты бойлоп келемин,

Жээгин кечип кайрадан.

Күлмүңдөп көрктүү көрүнгөн

Гүлдөрдү көрдүм жайнаган.

Балалыгым өткөн жерден,

Кете албай кайра аланам.

Мелмилдеп аккан дайрадан,

Ыр издеп турдум кайрадан.

ТАШ КОРОО

Атакем салган таш короого,

Кээде келип көз салам.

Бала чакты эске салып,

Кете албай айланам.

Таш короо эбак чачылган,

Чачылбаска арга барбы.

Аянып улам кармалайм,

Атакем тизген таштарды.

Ушул турган таш короого,

Менин уулум кайрылмак.

«Чоң атамын таш короосу»,

Анын уулу жомок кылмак.

Атакемин таш короосу,

Баладай жетим калабы.

Өтүп кеткен убактын,

Баары эле бизге арманбы.

***

Хан бектердин катаалдыгын айткан ыр

Качанкы бир байыркыдан калган ыр.

Бал-балдардан балбылдата күү члып,

Бабалардан баянын дагы айткан ыр.

Алыс жакты серепчилеп карадым,

Көчмөндөрүм улантышат сапарын.

Аны карап барактарга жазайын,

Аталардын үл-бүлдөгөн караанын.

***

Кара Каман кандуу суу

Калдайтып ташты агызган.

Кара жээкти жанчыган

Ыргыштата көккө серпип,

Ыр чыгарган тамчыдан.

Кара Каман кандуу суу,

Калдайып кара таш турат.

Каарданган кара суу,

Кара ташты ургулайт.

Ойго батып баратам,

Кара ташты карасам.

Караан учат, ой козгоп,

Табылды менен Чалкалмактын,

Баяны учат оболоп.

Карааны тоодой бул баатыр,

Калмакты айдап сүргөн жер.

Кабалаңдуу кармашта,

Кайратты кайра алган эл.

Табылдынын өз аты,

«Карач баатыр болгон»– дейт,

Калмакты сүргөн эр табылып,

Табылды болуп аталып,

Ыйык аты ырда калып.

Байыркыдан кеп козгоп,

Бапырап учуп токтобой,

Жомоктор жондо оболоп,

Жоромол айтам боолголоп.

***

Санжырачы Саадабай,

Сабалатып тарыхтан,

Санжыра айтып келатат.

Өйдөдө калган аянды,

Өткөн-кеткен баянды,

Өктөм сүйлөп келатат.

Кургуйга кеткен аянды,

Курумшудан калган баянды,

Куйулуштуруп айтып келатат.

Таптырбай кеткен аянды,

Таанымал Таабий чоң ата

Тастыктап айтып келатат.

Түбү узун санжырадан

Түмөнбай деген чоң ата

Түгөлдөп айтып келатат.

***

Күчтөн тайып карыганда

Күлүк дагы ташыркайт.

Дайым эле даңкталып,

Дабандардан аша албайт.

Бирок ошол тулпардын,

Күлүктүгү унутулбайт.

Атак наамы унутулбай,

Албан жылдар айтылат.

Ээликкен күлүк тулпардай,

Эр жигитке даңк жанды,

Учуп-күйүп сабалап,

Узун жолдо сыналды.

Учурунда эр азамат,

Эмгек менен даңк алды.

Эр жигит бирок картайды.

Картайса да аты калып.

Калың журтка даңк жанды.

***

Шамырбектин Куттубек,

Депутат болуп катталды.

Берешен эмгек жаратып,

Беккулуга аты калды.

Түмөн эмгек алп урушуу,

Түйшүккө салды баатырды.

Кыйла эле эмгек сиңирип,

Кыргыз элге аты калды.

***

Чекирдин уулу Ырысбай,

Ченемсиз эмгек жасады.