Выбрать главу

Көөнөрбөс Көңдөй жеринде,

Көнөчөктүн элинде,

Көөнөрбөгөн аты калды.

Асыл эмгек жолдору,

Адамды келет унуттурбай,

Эскерген мыкты ишмерди,

Элимдин салты ушундай.

***

Аляз аба даңктуу чабан,

Төшүнө орден тагынган.

Кажыбас эмгек сиңирип,

Карылардан бата алган.

Ал жашаган жайлоолор,

Чабанды эстейт сагынып.

Мезгил дагы токтоно албай,

Мемиреп учат чарк уруп.

***

Айланайын жарыктык

Далай ичтик аракты.

Азгырып тарткан өзүнө

Арак дагы тамакпы.

Ичкен сайын аракты,

Мүйүзүбүз чыкпады.

Мүйүзүбүз чыкканда,

Сүзгүлөй берип башканы,

Өлтүрмөкпүз далайды.

Жини келген адамдар,

Мүйүзүбүздү кыйратып,

«Куураган шүмшүк» атантып,

Кууп жибермек айылдан

Торсоюуп анда жүрмөкпүз

Токол эчки баштанып.

***

Көөнөрбөс Көңдөй жеринде,

Көнөчөктүн элинде,

Кой айдап, жыбыт жылгадан,

Кожокен абам өткөн жер.

Ээр белдей белестен,

Эсентур аба ашкан жер.

Ыбласан өтөктөн,

Ылоолонтуп жылкы айдап,

Ысыкен байке өткөн жер.

Берешен колу берекелүү

Бээ жетелеп жылкы айдап,

Бегимат байкем кеткен жер.

Берекелүү кыргыз эл.

Алдыдагы кең конуш,

Атадан калган ыйык бел.

Ылдыйкы аба Ыдырыс,

Ык салып бийик тоо жакка,

Малын айдап кеткен жер.

Таң калыштуу тынчтык аралайт,

Тааныштар өткөн элеттер.

***

Атан төөгө жүк жүктөп,

Аргамжы менен байлашкан.

Жамандык чачпай ортого,

Жар бололу сыйлашкан.

Учкаяк аттын жонунда,

Учкаша кетип бараткан.

Доо артпай ушул жашоого,

Дос бололу сыйлашкан.

***

Жан агам менин Мусажан,

Жакшы иштерди баштаган.

Ийлеп туруп цементтен,

Илибой кишини жасаган.

Көргөн адам күбүрөнөт,

Көзүнө сүртүп сүйлөнөт:

«Дал өзүнө оп-окшош

«Сүп» десе эле молдолор,

Сүйлөөчүдөй өңдөнөт».

«Эмгектерди чогулткун»– деп,

Эчен айткам көп жолу.

Ар кайсы жерде чачылат,

Айтканыма болбоду.

Анын баарын чогултса,

Кийинкиге болмок эстелик.

Адамдар аны карашып,

Дайыма жүрмөк эскерип.

Ак эмгек менен ал өзүн,

Келе жатат гүлдөтүп.

Сербелеңдеп өтө тың,

Сексенге чыгып калса да,

Секиртмеден так аттап.

Жеңелери кеп кылат,

«Завуч уул чарчабайт.

Баягы жаш чагындай,

Баарыбызды тамшантат».

Өнөрү менен өркүндөп

Өз эмгегин гүлдөтсүн.

Таланттуу адам жаралган,

Такыр эле өлбөсүн.

***

ЧОҢ –ТАШ СУУСУНАН КЕТЕЕРДЕ

Мен турамын тоо суусунун жээгинде

Күр-шар этип үнүн улап шар агат.

Жайнап учуп балалыгым көрүнүп,

Жаным болсо ушул сууга тартылат.

« Кеткиниң» дейт бул жерден тагдырым,

Кетким келбей бу аймакка тартылам.

Сонуркатып бешик ырын терметип,

Сонун-сонун эстен кеткис күн калган.

Ажырашуу, коштошуу да бар экен

Бул тарапка өз сапарым кайрылаар.

Шаар ачып өзүм өнгөн тараптар,

Шар суу үнү мен байкушту сагынтаар.

***

Эстегенде туулган жердин аймагын,

Эске келет алыстагы жаш чагым.

Көп дүйнөнүн артынан жете албай,

Көпөлөктү кууган тейден барамын.

Туулган жерди эстегенде кайрылып,

Агыш тоолор челип турат асманды.

Кочуштап ырдын кенин мага чачып,

Колума алтын калем карматтыбы

***

Темир Канат туулган жерими,

Картадан улам карадым.

Кичинекей ыйык мекенди,

Картадан да таппадым.

Же түшүрбөй койгонбу,

Кичине бир кыштак деп.

Түшүрүп койсо жарашмак,

Сыя менен белгилеп.

Денемде кичинекей жүрөгүм бар,

Аны ачып карта, атласын караңар.

Мага ыйык туулган жер мекенди,

Ал тараптан карасаңар табасыңар.

***

Коюн-колтук алышкан

Коонун түбү терең сай.

Аскасы асман тиреген,

Алыста калган айлым ай!

Жылкылар өйдө чубаган,

Жыбыттын түбү терең сай.

Жыпар жыттуу коолору,

Жылдыздуу менин айлым ай!

Жылдыздар келип түнөгөн,

Жылжып агат терең сай.

Көйкөлүп өскөн шибери,

Көөнөрбөс Көңдөй айлым ай!

***

Сайрап жатса торгоюу,

Сайран ырлар чубурган.

Шагылдуу тоонун боорунан,

Шаңдуу ырлар куюулган.

Эчки маарак, ызгыт куш,

Саз жактан учуп сабалайт.

Жайлоо ачып Иймегим,

Жаштык чагым шаңкаят.

Күрдөөлдү күздүн күнүндө.

Күн нур чачкан бир күндө.

Ушул жерде төрөлүп,

Дүйнөгө келгем бир убак.

***

Өмүр деген бир келет,

Энеден кайра төрөлбөйм.

Балалык өткөн Ак Кайкы,

Балким барып мен көрбөйм,

Не болсо да түбөлүк,

Туулган жерим шай болсун!

Турагын сүйүп жашаган,

Туугандарым бар болсун!

***

Комузчу черткен кош кайрык,

Мааниси сонун төп кайрык.