Выбрать главу

Карагер ат мингени,

Кайтадан бизди карантат.

Каптал менен ары жөнөйт,

Карач ата көрүнөт.

Беш ат минген жолочу,

Кулгуна ашып келатат.

Кула атчан алдыңкысы,

Кубантып мени карантат.

Жар Кыяны караса,

Жаркыбай ата өңдөнөт,

Жарашык чачып бери өтөт.

Беш ат минген жолочу,

Абласан ашып келатат.

Алдыңкы ак бозчону,

Азгырып мени карантат.

Алдыдагы келаткан

Айман ата өзү экен

Өзү эмес кара көзү экен.

Койлор өткөн кыядан

Коктудан бери чубады,

Баягы эле беш атчан.

Беш атчандын алдында,

Жарашып бирөө келаткан.

Баардык элге белгилүү,

Байбото ата өңдөнөт.

Басыгы сонун ат минип,

Баягы жолдон бери өтөт.

Уктап жатып ойгонсом,

Түш көрүпмүн жанатан.

Пейли кенен берешен

Беш тууган тура санасам.

Беш атчан ошол түштүн,

Силерге айтам баянын.

Сапар тартып келаткан,

Менин тура туугандарым.

Учурда кебим ушундай.

Кыйладан келет куралып,

Кылымдык достук уланмай.

Ураалы, шоңко, бүтөбай,

Саруу, кыпчак баарысы,

Кадырлуу көңдөй жеринде,

Канча уруу бар саначы.

Беш колдун беш салаасы,

Бешөө тең сүйкүм карачы.

Беш энебиз Көңдөйдө,

Байыр алып жашашат,

Беш атанын баласы.

Белден учкан шумкардын,

Бешөө тең аман карасам.

Бешөөнө тең ыр арнап,

Берешен болуп баратам.

***

Көп сырын ичке каткан,

Көбүрөөк мени каранткан.

Көкө Теңир алдында,

Көк Сеңирдин жанында,

Көп жерге аты угулган,

Көңдөй деген айлым бар.

Жүргүнчү болуп дуулдап,

Жүрүшкө чыктык бу өмүргө

Жакын тели, теңтуштар!

Жакшы көргөн адамдар!

Жандай көргөн жаркындар!

Жалындатып өмүр байрагын,

Жашайлы бу дүйнөгө!

***

Карылар көчүп кетти эле,

Кара Каман жолун кыялап.

Байыркыны айткансыйт,

Бабалар тарткан кыл кыяк.

Арпа Тектир конуштан,

Агалар кетти алыстап.

Абалкыны кабарлайт,

Апалар каккан ооз кыяк.

Кыл кыяктын күүсүндө,

Кылымдын үнү жашынган.

Такталбай кеткен бабанын,

Таржымалы дагы ачылган.

***

Жайыктан ары Жар Кыя,

Жар Кыяда чубама.

Койлор өтчү маарашып,

Өткөндүн баары эсимде

Өкүнүчтүү канчалык.

Өткөнсүп кечөө эле

Өмүрүбүз көчүптүр,

Жар Кыядан чубашып

Койлор өңдүү маарашып.

***

Адырдан жылкы айдап,

Айдар атам өткөн жер.

Эчаакыны эске салып,

Ээнсирейт элеттер.

Алды жактан көрүнүп,

Ачылып жаңы мейкиндер.

***

Ийри Суунун аймагы,

Балалыгым анда калган.

Каадалуу ата конушуна,

Качандыр бир кайрылам.

Ийри -Суум ыйык жер

Түндөрү мага керемет.

Ырыстуу өткөн жылдарым,

Ыр сепкендей сезилет.

***

Тайлак ата өтөгүнөн

Тайларды айдап келатам.

Жанымы кыйнайт суу кылып,

Жаан себелеп бир жактан.

Тайлар кетти таптырбай,

Тайлак баатыр өзү жок,

Өзү эмес кара көзү жок

Убай-чубай чубашып,

Убакыт кеткен кайрылбай.

***

Жантай чалдын Шиш Дөбө

Баардыгынан бийик дөбө.

Улам кагып канатын

Учкан куштар айланган.

Учурунда Жантай чал,

Ушул жерден акмалап,

Айланага серп салган.

Андан бери закымдап,

Айланып учкан көп заман…

***

Сыйкыр орноп калгандай,

Сыймыгы болуп эл жердин.

Аңгеме кылып өз жерин,

Атыгай баба өткөн жер

***

Сүйөр ата өтөгүнөн

Сүрүлтүп жылкы айдадым.

Арасы менен келатам,

Аркырап аккан сайлардын.

Ата-баба жерин аралап,

Айдыңданам шаңдардын.

***

Көрүнгөн тоону кыялап

Көп жерден сапар өткөмүн.

Көөнөрбөй жаткан ыр ырдап,

Көңдөйдөй жерди көрбөдүм.

Көк кашка атты желдирип,

Көп элди далай аралагам,

Бершен сонун ыры бар,

Беккулудай элди таппагам.

***

Бурулбай өтүп жашоодо,

Бу турмуш кызык өңдөнүп.

Бүлөсүнө кам көрүп

Бүтөбай ата өткөн жер.

Буулугуп булут калкылдап,

Буурул таңда көчкөн жер.

Шоорат чачып өмүргө,

Шоңко атам өткөн жер.

***

Топоз багып төрлөрдө,

Толкуп жатат тоолу эл.

Толгон баян жаратып,

Торгой атам өткөн жер.

***

Кулет ата өтөгүндө

Мал-жан деле көүнбөйт.

Жалгыз жанган чырактын,

Жарыгы неге төгүлбөйт?

Журтун таштап Кулет баба

Кай тарапка жөнөгөн.

Тынчтыкка өтөк бөлөнгөн.

***

Алаш ата Иймегинен,

Аралай басып келемин.

Араласам көргөнсүймүн.

Бабамын баскан издерин.

Жолдору турат тигинде,

Бир кезекте өзү өткөн

Айдыңдуу Алаш бабанын

Алда небак көзү өткөн.

***

Өтөгү турат тигинде

Бабабыз Шаабай аганын.

Өкүнүчтүү сезилет,

Өткөнү далай замандын.

Өтөгү деп Шаабайдын

Унутпай эстей жүрөлү,

Урматтап ошол атаны,

Чыгаралы атагын.