Выбрать главу

***

Ашып-шашып өтөмүн

Маамыт ата колотуна.

Мааратып койду айдаймын,

Үрөң-бараң атканда.

Маамыт ата кайда кетти?

Колоту калып өзү жок,

Кокуй тура мезгил шок.

***

Боордогу үйүр жылкыдан

Боз жорго чыгып бөлүнөт.

Жал куйругу жаныбардын

Жарашык чачып төгүлөт.

Асман жакты карасам,

Ак шумкар чыгып бөлүнөт.

Ай, жаныбар кыраан экен,

Айдыңы жерге төгүлөт.

Акбоз жоргосу эле,

Атыгай деген атанын.

Эң бир укмуш күлүк эле,

Элге жайган атагын.

Ак шумкар кыраан жаныбар,

Ысабек деген аңчыныкы.

Алыска аты таанылып,

Алып келди чоң атакты.

***

Тынай ата колотуна

Тынбай сапар каттагам.

Бутума кирсе тикенек,

Буйгат жерден ыр жазгам.

Кыйкырамын үн коштоп,

Бабалардан дарек жок.

***

Алтымышбай ата жылкы айдап,

Аркы өтөктөн келатат.

Алдында минген жоргосу,

Адамдарды кубантат.

***

Ысабек ата колоту,

Ырларымда жазылган.

Андан бери закымдап,

Арылдады көп заман.

Кыйла учурдун өзү жок,

Кылымдар учуп оболоп.

***

Боогачынын Кара Үңкүр,

Жаан жааганда жашынгам.

Сук арткам бала күнүмдө,

Суу кылбастан жашырган.

Боогачынын Кара Үңкүрү,

Бала чактын жомогу.

Өмүрдүн бир өткөнү,

Өкүнтпөй бизди коёбу.

***

Дандакенин кыясын,

Кыялагам бир далай.

Өткөндөрдү эстетет,

Өктөм учкан кыял ай,

Элестер сызып кетсе да,

Эсте турат өткөнүм.

Ушулардын баардыгын,

Унутпай эстеп жүрөмүн.

***

Алжанбай өтөк тигине

Жылдырып келип арылай,

Жылкы айдагам таң атпай,

Жылкыга жылдар кошулуп,

Жылып кетти таптырбай.

***

Өтөгү Жараш бабанын

Серепчилеп карадым.

Байкайын,– деп жатамын

Байыркынын караанын.

Карасам да таппадым,

Бабалардын караанын.

Ушулардын ысымын,

Унутпай эстеп жүрүү үчүн,

Бул дастанды жазгамын.

Кемчилдиги бар болсо,

Кечиргиле ар жагын.

***

Туулган жерим турагым,

Туурума келип коноюн.

Өмүрдүн сүрүп барагын,

Өзүң менен болоюн.

«Айлыңа барып келгин»-деп,

Ат мингизгем балам,

Балам болсо, жол улап,

Бая эле кеткен сапарга.

Балам жолдо сапарлап,

Айлына небак жеткендир.

Ата-энеси өскөн жерин,

Аралап небак кеткендир.

«Бабалар жолун билгин»-деп,

Балдарыма үйрөтөм.

Адырларда желдирип,

Ат чапканды үйрөткөм.

Жылаңайлак козу жайган,

Жылгаларды көрсөткөм.

Атам салган таш короого,

Айлуу түнү түнөткөм.

Алаш ата өткөн жерди,

Аралап барып көрсөткөм,

***

Төрөлгөн жерден «кет десең»,

Мага тынчтык бербесең.

Бул жерден деле кетейин,

Андан башка не дейин.

Тууганын сүрүп ийди деп,

Кеп болуп кеттиң башкага.

Бул жорукту жазабастыр,

Өзүңдөн башка бир жан да.

***

Кызыл атты желдирип,

Кыр ылдый келет сапарым.

Көздөн учуп карантат,

«Көзгө чабаар» тарабым.

Көрбөй калсам өскөн жерди,

Көңүлүм болот алагды.

Көп жерден ыйык көрүнөт,

Көнөчөк элдин айылы.

***

Белден туруп карасам,

Беккулу айлы көрүнөт.

Көп ирет тарткан өзүнө,

Көңүлүм ага бөлүнөт.

Көңдөй жерге жаадырап,

Көөхардуу алтын төгүлөт.

***

« Мени ким»-деп чакырат,

Канча атым бар айтайын.

«Кара көйнөк»– атым бар,

Каадалуу укмуш затым бар.

Көп элге болгон таанымал,

«Көзгө чабаар» даңкым бар.

Башкага бербей намысты,

Багындыраар жагым бар.

Жесең ширин татыган,

Көнөчөктө каймак бар.

Меерим чачкан Беккулу эл

Меймандостук жагы бар.

Көп элге эчак таанылган,

« Көнөчөк» деген атым бар.

Ушундай ыйык затым бар.

Башка элдер мен кургурду,

Дал ушинтип чакыраар.

***

Ыр жазбай чоң болуп калганымда,

Ылдам эле жыйнамакмын байлыкты.

Анда-мындай жарды болмок эмесмин

Ал учурда болмок эле баарысы..

Өлүм-өмүр катарлаш жыла басмак,

Өлүм тагдыр пенделер кайда качмак.

Билинбей басып келип акырын

Бир күнү ажал мага кылтак салмак.

Анда менин жыйган-терген байлыгым,

Акырындап кала бермек балдарыма.

Элдер мени келди-кетти унутмак

Эмнем жетмек ушунчанын баарына.

Көр оокат ушул дагы байлыкпы,

Көр пенделер ошого азгырылган.

«Эч белгисиз жашап өткөн адам» -деп,

Элең сөздү айтмакчы эле алар маган.

Сап-сап кылып ырларды чиймеледим

Саманыбы, жакшысыбы аны билбедим.

Байтак жолдор сапарлап алыс кетмек,

«Баягынын жазмасы» деп эл эскермек.

***

«Волба» деген машинанын

Ичине такыр кирбедим.

«Жип» дегени дагы бар,

Анысын да билбедим.

Эпеңдете желдирип,

Эшек болду мингеним.

«Ырыстуу Көңдөй элге» деп,

Ыр болуптур чийгеним.