эми куранчы, анын арабча ыргагын угуп отуруу кандай жакшы нерсе. Ден соолугуң оңолуп, көңүлүң көтөрүлөт.
***
Атам кайтыш болсо да,
Атаман ынак агам бар.
Айылда аман жашасын,
Асылданып жаркындар.
Энем кайтыш болсо да,
Энемдей эле апам бар.
Эсил жанды жоктотпой,
Эсен болсун дагы алар.
Жамандык көрбөй жашасын
Жаркындардын баары аман.
Беккулу ата атын чыгарып,
Пейпил турсун эл аман.
Эрбең-сербең жүрөлү,
Эл ичинде биз да аман.
***
Жашоо ушундай элде баардыгын «аманчылык «жеңет» дейт. Аман болсок алтын аяктан суу ичебиз. Бири-бирибиз менен көрүшөбүз жолугабыз. Желмогуз Акаев менен Бакиевдин заманы бүттү. Биз ал кезде колдо каражаттын жоктугунан кыйналып айылга да бара албай калдык.Башыбыздан эмне деген гана оорчулук алааматтар болгон жок. Маянанын оордуна шекер, арак, ун алган күндөрүбүз
болду. Такыр акча көрбөй бир канча жыл жашадык. Ошонун оордугунан жакындарга жолго акча жок болуп, топурак сала албай күнөөгө баттык. Ошол жегичтердин капшабыбы азыр деле заман жакшы оңолуп кеткен жок. Каражат болсо туулган жерге барып эки-үч күн жүрүп келгим келет. Баягы жакшы адамдарга жолугуп алар менен аңгемелишп, туулган жердин ой-кырын баарын койбой аралагың келет. А түгүл алыскы балалыгың өткөн Тешик Көл, Чатыр Таш, жерлерине баргым келет. Бирок ага мүнкүнчүлүк кайда? Буюрса эл оңолоор. Жакшылыктан үмүт үзбөй туралы. Эл оңолбой биз оңолбойбуз.Ошол оор кезде туулган жер жөнүндө дастан жарата баштадым. Жаманбы, жакшыбы ал менин жүрөгүм аркылуу өттү.
***
«Мен»-деп дайым жүрөсүң,
Уят болот мен деген.
Жарык чачып бирге бол,
Жакындашып эл менен.
Бирге болсоң эл менен,
Өзүңү журт урматтайт.
Кабалаңдуу күндөрдө,
«Карааныңы» эш тутат.
Ойлогонуң аткарылат,
Ой-санааңда эңсеген.
Калк деген улуу деңиз,
Карааны чоң кеп-кенен.
Бирок беш кол тең эмес,
Кошоматчы короктоп.
Өкмөттү көрсө жүгүрөт,
Өзүнөн- өзү сороктоп,
Жолдош болбо шумпайга
Жолобой кач андайдан.
Жолун жакшы белендеп
Жол уласын ар бир жан.
***
Жаш улгайып, курак өтүп баратат
Туулган жерге калгамын бара албай.
Ала-сала жылдар өтүп шашылат,
Адамдар да мен тарапка каттабай.
Оор учурлар алыста калган айлыма,
Сапар барбайм каражаттын жогунан.
Жана дагы жердештерим, өскөн жерге
Жазган ырда, көргөн түштө жолугам.
ЧОҢ ТАШ СУУСУ
Жашасам да тиги алыс тарапта,
Жалын курак эске келип ар чакта.
Чоң-Таш суусу доош берип мен өскөн
Чогултат ой-санаама жашыл көктөм.
Көңүлүмө жакын болуп ар убак,
Эске түшүп өткөндөгү бала чак,
Ээ –жаа бербей тоо суусунча жаңыра,
Эркин элес түшүмдө да жаңырат.
***
ЖЕРДЕШТЕРИМИН ЭЛЕС, БЕЙНЕСИ
КАНА ЭМЕСЕ ТАПКЫЛАЧЫ!!!
Тигил эле мындан көп жыл илгери кээ бир жердештер жөнүндө ыр жаздым эле. Ошол ырларды бир сыйра карап чыгып, ушул китепке киргизүүнү ылайык таптым, анткени жердештеримин ыйык элеси унутулбай ушул китепте жаңырыктап жүрө берсин.
***
Улар атып аскадан,
Ушундай жигит башынан.
Туулган жерин бүт карап,
Турнабайын асынган.
Калыстык жагын баалаган.
Сүйкүмдүү сулуу кызга,
Үйлөнүп алган жашынан.
Каткырыгы таш жарган.
Бакылдап келип кеп салган,
Бул кайсы жигит ойлонгун?
Өмүш байкем болбосун.