Выбрать главу

***

Киши жасап цементтен,

Размерин тактап келтирген.

Кебетесин аныктап,

Гезиттерге сүрөт чийген.

«Өлбөс болсун атым»– деп,

Өжөрлөнө иштеген.

Өмүрүндө арак ичпеген,

Алкаш көрсө жине келген,

Акыйкат ишти баштаган,

Айткыла бул кайсы адам?

Чыгармачыл Мусажан агам бар,

Чыр ишти такыр жактырбаган,

Чыныгы ишкер адам башынан.

***

Өкүндүргөн кеби жок,

Өтө сүйкүм эң эле.

Тиштеринин баары алтын,

Сырын билген башканын.

Мугалим болуп жашынан,

Көп жумушту аткарган.

Ачууну албайт колуна,

Жутуп койуп пиводон.

«Ден соолук болсунчу» деп,

Крушканы көтөрөт,

Боюу узун койкойгон.

Сакмалчы болот чабандарга,

Ошол эле учурда,

Билимин берет балдарга,

Баардык ишин так аткарган

Жаман жакка барбаган.

Бармак түгүл карыш жылбаган

Бул кайсы ага айткылачы,

Жообун ылдам тапкылачы.

Эркиндик деген байкебиз,

Эмгегин дайым эстейбиз.

***

Кой баккан башынан,

Эмгекчил болуп жашынан.

Калыс болуп дайыма,

Жакшылык кылган баарыга.

Үйүнө барган адамдарга,

Сый көрсөтүп жандарга,

Куйрук, жамбаш жедирген,

Чыгдандагы баардык тамакты,

«Алдыга коюуп же» деген.

Ич жылытманы койкойтуп,

«Алып кой эми кел» деген

Маселенин эң башкысы,

Токтобек аганын өз бажасы,

Сырын билген башка жандын,

Бул Амантуру Аалынын.

***

Дагы кепти баштайлык

Жакшы тарбиялап балдарын,

Кебин айтып аталык.

Жогору жакка аттанып,

Жакшыларды колго алып.

Балдарынын баары чоң,

Кудайдын кулагы сүйүнсүн,

Иштеп дайым так жүрсүн.

Бири иштейт обкомдо,

Бири иштейт райкомдо,

Дагы бири кызматта,

Тигил эле борбордо.

«Капырай» деп эл таң калат,

Бийликке кантип жетип алат».

Чуңкур жерди баспаган,

Кадамын аяр таштаган.

Өмүр боюу ачуу сууну,

Колуна такыр албаган.

Мас болгон кишини

Мыскыл менен караган.

Атын айтып берейинби,

Бергиле мага сүйүнчү,

Бул Аалы атанын Түкүшү.

***

Ой менен жылкы айдаган,

Ойлуу гана жылмайган.

Көп санаа келсе адамга,

Көңүлдү улап жайгарган.

Тешик Көл деген жайлоодо.

Дайыма бирге болгонбуз.

Өткөн убак кайран чак,

Баарын кайра ойлойбуз.

Ак көңүл жайдары,

Жайгарып өткөн адамды,

Керимдин уулу Огой агам эсимде,

Жакшы адам эстен кетмек беле.

***

Короосунда, коюу көп,

Коюунан да уйу көп.

Өзү жүрөт талаада,

Жылкыларын көзөмөлдөп.

Көңүл бурган ар жанга,

Жакшынакай сөзү менен

Ар адамидын өзүнө,

Арыбас бакыт тилеген.

Эргүүлөнткөн ар жанды,

Бул адам бизге тааныш багы

Кадимки Таңыскожонун Сагыны.

***

Суу сугарып эгин айдаган

Сур атын улам камчылаган.

Жанында дүлөйлөр жүргөнсүп,

Катуу үн менен кыйкырынган

Күрөк түшпөй колунан,

Талаасы кетпей оюунан.

Жөнөкөй адам карапайым,

Эл үчүн эмгек сиңирген

Эмгегин унутпайлы алардын.

Бул кайсы адам эле,

Жооп бергиле тез эле?

Эстен кетпейт деги эле,

Бул Көбөк деген эр эле.

***

Жакшы багып балдарын

Камын көрүп алардын.

Эң жөнөкөй токтоо адам,

Жакшылык башталган,

Баардыгын тең санаган.

Кээде бек сүйлөп бакылдап,

Кээде акырын сүйлөп кыңылдап.

Эли үчүн эмгек кылып,

Ишин жакшы аткарган.

Айткыла бул кайсы адам?

Менден эмес кудайдан,

Ал агабыз кадимки Сулайман.

***

Өтө катуу сүйлөнбөгөн,

Катуу жини келгенин,

Такыр көргөн эмесмин,

Башкаларды боктоп-сактап,

Грам сөгүнгөнүн укмпагам

Боюу чыгып куркуюуп,

Ошонусу менен таанылган

Маданияттуу башынан,

Оору менен кармашып,

Келе жатты жашынан.

Бир атанын жалгызы,

Кыраан куштун алгыры.

Жакшынакай сүйүүсүн,

Балдарына арнаган.

Балдары да бактылуу

Бакыт жанган алардан,

Мен айтайын сен билбесең,

Бул Суксур деген абакем.

***

Алыс жакта жүрсөм да,

Дайыма келет эзиме.

Экөөбүз такыр урушпай,

Ойночубуз жаш кезде.

«Модоюум»– десем жаныма,

Чуркап келет берилеп

«Жүрө гой каралдым»– деп,

Жүрчүмүн дайым жетелеп,

«Байке» деп мага эркелеп.

Мындан көп жыл илгери

Кармап жута койчу эле

Кылт эттирип тигинден.

«Карып калган чагым» деп,

Аны такыр таштаптыр.

Абдан жакшы жазаптыр.

Мактоо ага жарашкан

Жароокер адам башынан,

Жакшы жүрөт жымыйып.

Жеңелерин көргөндө.

Күлүп коёт кылмыйып.

Бул кайсы жигит айткылачы?

Менин ыйык жан биргем,

Бул кайсы адам болот.

Поруму жүрүш турушу,

Асеке эле окшошот

Башкага такыр окшошпойт.