Выбрать главу

***

Билим берип балдарга,

Үлгү болгон жаштарга.

Кээде кытмыр сөз айтып,

Жанындагы адамды,

Жанын койбой жылмайтып.

Калжыңдаган кеп айтпай,

Калыс болгон баарына.

Эрдик кылып майданда,

Мекен коргоп жаш чагында

Сыйлаган кары жашыбыз.

Бул кайсы адам айткылачы,

Ал биздин Саяк агайыбыз.

Жаңылбай анын ысымын,

Жаштарга айта барабыз.

***

Эстүү десе эси бар,

Акылдуу десе акылы бар.

Куудулдантып күлдүргөн,

Купшуң-купшуң сөзү бар.

Калк алдында берилген,

Калыстык жагы бар.

Айта берсек түгөнбөгөн

Мактай берчү жагы бар.

Математиканы бат чыгарып,

Жаңылбай жат чыгарып.

Өз ишин так иштеген.

Өркүндөткөн балдарды,

Жакшынакай билим менен

Бул кайсы адам айткылачы?

Ал Карагул агайыбыз,

Көзү өтүп кетсе да,

Урматтап аны сыйлайбыз.

Даңктуу атын унутпайбыз

***

Ары токтоо маданияттуу

Жаш кезде элге алынган.

Көп жылы мектепти,

Солк эттирбей башкарган.

Эч бир адам ал жөнүндө

Жаман кепти айтпаган.

Жакшыдан жакшы кеп калган.

Айткылачы бул кайсы адам.

Аскар айтат «иним» деп,

Ал Казак атанын Медербек.

***

Токтоо адам жөнөкөй,

Кыйкырынып ал адам.

Кобур-собур күлдүрүп,

Комедия баштаган.

Анын сөзүн уккан адам,

Санын чаап каткырган.

Жанындагы адамга,

Жомогун айтып бакырган.

Ал агамын айтканына

Арсалаңдап каткыргам.

Жашап өттү эл менен

Жан дүйнөсү эл деген.

Бул Дүйшөнбай абакем,

Уят болот билбесең.

**

Бизде эки адам бар,

Аты уйкаш жаралган.

Аттары уйкаш жаралып,

Экөөнү эл мактаган.

Латипанын жолдошу

Ал менин класташым,

Ал аганын атын тапкыла,

Ылдамыраак айткыла?

Ылдыйкы Качкын турбайбы,

Өйдөөкү Качкынга агага

Аты уйкашып калбайбы.

Ал экөөнү билбесек,

Бизди кудай урбайбы.

Экөө бир айылдан кыз алып,

Бажа болот турбайбы,

Бул экөөнү билбесек,

Бизди кудай урбайбы.

Аман болсун Качкындар,

Жашап далай замандар.

**

Үтүровдон агайдан жакшы окуп,

Үтүр, чекитин бүт токуп,

Чоң окуудан окуса,

Математик болуп жашынан.

Мугалим болмок башынан.

Жамангул, Карагул агайларындай болмок,

Алардан ашпаса да

Порум, формуласы ошолорду тартмак.

Же илибой мугалимден кыйын болмок.

Стаканды колго алып,

Чертип койгон тигинден.

Теңтуштарын көргөндө:

«Барбы дейт бирдемең».

Күлүп дайым каткырып,

Кайгырып такыр көрбөгөн.

Кадыркул байкем болбосун,

Ошонун өзү өңдөнгөн.

***

Актив болуп жашынан,

Фкрма болуп башынан.

Кой кайтарган малчыга

Короолу койду тапшырган.

Колоктотуп сумка асынган,

Койдун саны жазылган.

Койду сойсо чабандар,

Жалаң майды чайнаган.

Жумуш кылып талбастан,

Жумурай журтка таанылган.

Кежир сөз чыкпай оозунан,

Керимсел жигит созулган.

Өтө эле арык эмес,

Өтө эле толук эмес,

Өзүн фигурный кармаган.

Бүт районго таанымал

Ылдыйкы жакта жашаган,

Ылдыйдан чабандарга аттанган.

Ыдырыс деген агам бар.

***

Боюу узун далдагай,

Буттары чоң бир далай.

Чап кенедей асылып,

Тамашалуу сөз айткан.

Беттери тартып чап жаак,

Кыймылы кетет калдактап.

Алдында турган адамды,

Арсактата каткырткан.

Күрөк түшпөй колунан,

Эгинге карай суу бурган.

Эмгеги менен жан баккан,

Эмгектенип элге жаккан.

Айткылачы бул кайсы адам,

Бердигул агам маа жаккан

***

Жеңеме бозо салдырып

Бордоп малын семирткен.

М алда жүрүп дайыма,

Бакыт тапкан эмгектен.

Жанында жүрүп абамдын

Кайгырганын көрбөгөм.

Жайкы кечтей созулган.

Жакшы адам эле көөлдөгөн.

Бул кайсы адам тапкылачы,

Атын ылдам айткылачы,

Жапас байкем көрүнгөн,

Карааны чыгып бөлүнгөн.

***

Колгозго аты таанылып,

Далай жылы уй айдаган.

Сайгактап качкан уйларды,

Сабалапр жетип кайырган.

Кожоюун болуп эмгекте,

Колгозго аты таанылган.

Үйүнө келген адамды,

Үйрүлө түшүп сыйлаган.

Сыпаа сылык сөз айтып,

Сылык адам башынан.

Бул Ишенбек абам турбайбы,

Бул адамды унутсам,

Мени кудай урбайбы.

***

Буту ооруган жылкыны,

Буудан кылып таптаган.

Абалата желдирип,

Ат үстүндө чайпалган.

Арбын болуп менчик малы,

Жалаң куйрук чайнаган.

Калибеттүү адамдарды,

Кадырлап келип колго алган.

Жакшы жашап эл менен

Жаркын эмгек сиңирген.

Чечкиндүү эле мүнөзү,

Денсоолук абам бул өзү.

***

Күтүрөтүп жылкыны,

Күдүр жакка айдаган.

Берешен болуп элине,