Бээ байлап жылкы саадырган.
Ар дайыма мал менен
Агайын тууган эл менен.
Журтуна эмгек сиңирген.
Жалдуу тулпар ат минген.
Малын тосуп теминген.
Кана ылдам табыңар,
Бул кайсы абалар.
Ишенбек менен Көчкүн байкелер.
Билбесеңер билип алыңар.
***
Коңур Өлөң элинин,
Кутту күйө баласы.
Жалгыз өсүп жашынан,
Бир атанын баласы.
Эмгеги менен таанылган,
Достору көп башынан.
Эмгекчил өстү жашынан.
Андай адам бизде бар,
Ал Айылчы абаңар.
***
Темирди жешип сомдогон
Карала болуп көрүнүп,
Тракторун оңдогон.
Эң эле катуу айдабай,
Эреже сактап жолдордон.
«Көңүлү калып калат»– деп
Шыбырап жай сүйлөгөн.
Жашынан эле ал адам,
Адептүү болуп үйрөнгөн.
Кээде куудул сөз айтып,
Адамды койгон каткыртып,
Шамеш байкем турбайбы,
Муну ырыма кошпосом,
Мени кудай урбайбы.
***
Өмүр боюу тракторду,
Тыркылдатып айдады.
Кээде таш ташыса,
Кээде саман ташыды,
Жок эле болбой калганда
Толтура салып силосту,
Чабандарга алпарды.
Трактору дүкүлдөп,
Тынбай иштеп күн-түндөп.
Бул кайсы абаңар,
Конок байке турбайбы,
Аны ырга салбасам,
Таарынгансып калбайбы.
***
Бай болуп жакшы жашады
Жүз коюун айдап алдына.
Уйлары анын арбын эле,
Дайыма жетип айранга.
Боюу узун эң эле,
Жанында туган адамдар,
Кодогой тартып калчу эле.
Эки метр арышы,
Жанында баскан кишилер,
Чуркаганда жете албайт.
Бак-бак этип катуу айтат,
Кемчилдикти бетке айтат.
Тапкыла бул ким эле?
Бул адамдын баяны,
Аскербай жээним баягы.
***
Тажаалданып сүйлөгөнүн,
Такыр көргөн эмесмин
Ачуусу келип айкырганын,
Анысын да уккан эмесмин.
Мулуңдап ушак айтканын,
Мунусун да көргөн эмесмин.
Адамдаргага тарбия берип,
Аырын сүйлөйт назиктенип.
Эмгеги менен баар тапкан,
Дайыма бай жашаган.
Бул ким болот кудай ай?
Атын таппай кыйналам,
Ойлонуп жатып кыйладан.
Ысыкен байке ушу эле.
Өтө назик киши эле.
***
Ак эмес кып-кыпзыл,
Картошка тигип талаага.
Элден журттан кем калбай,
Эмгекчил болуп жашады.
Далай жыл кой багып,
Ак эмгектен сый алган.
Сыртты карай мал айдаган,
Сырдана тарткан башынан,
Атын журту сыйлаган,
Дайыма жакшы кеп кылган.
Бул байкенин чоо жайын,
Айтпасак кудай урбайбы,
Сыйын көргөн башка жандын,
Сыдыш байкем турбайбы.
***
Балыкчыда бирөө жашап,
Айлында бирөө жашап,
Бата алган элинен
Экөө тең эмгек сиңирген.
Кыпчактын белдүү уланы,
Жазбасам болбойт буларды.
Аты калып айлында,
Атагы кетип далайга.
Тукумдары тарады,
Алып элден батаны,
Өттү далай баяндар,
Булар өзүм сыйлаган,
Жээнтеай, Жеембай агалар.
***
Кубантып жылмая
Куудул сөз айтып дайыма.
Жаркылдап маанай шат берген,
Жанында жүргөн адамга.
Анын айткан сөздөрү,
Макал болуп кетчү эле.
Күлкү менен адамды,
Кубанычка бөлөгөн,
Кусмидин жезде жашынан
Шайыр болуп төрөлгөн.
Эмгеги сиңип калкына,
Чоң бакытка бөлөнгөн.
***
Жорго таптап желдирген
Кулпунтуп чепкен кийинген..
Жоргону жолдо салдырып,
Догору жак менен желдирген.
Өмүр боюу жакшы жашады.
Элинен алып сыйларды.
Ыскак байкем турбайбы,
Ырым аны киргизбесем,
Жазганымын баардыгы
Жаман чыгып калбайбы.
«Мен китепте жок экем»– деп,
Ыскак байкем таарынбайбы,
Аны ырыма салайын,
Карызыман кутулайын.
***
Келе жаткан жылкыны,
Керүү жакка айдаган.
Адырдагы жылкыны,
Алкымдан тосуп кайырган.
Тоодогу топоздору,
Торпуга барып жыйылган.
Жайылып жаткан койлорду,
Жайылмага кайырган.
Алынып калган калкына,
Азамат жигит бу дагы,
Кенебес эмгек сиңирген,
Жолдошу Батма жеңемин,
Батасын алган элинин,
Кененбай байкем турбайбы.
Байкеми ырга салбасам,
Мени кудай урбайбы.
***
Карала атын желдирип,
Капчыгай менен бир келип.
Көк ала атын желдирип,
Көк торпу менен бир келип.
Бир жигит келди эле,
Сылык сыпаа жан эле.
Сындуу жагы бар эле.
Сырдана тарткан адамга,
Сыйкырлуу сөзү бар эле.
Ачык айтып, ак жүргөн,
Ак көңүл жагы бар эле.
Сабалата сөз айтсам,
Садырдын уулу Качкынбай.
Элине сиңген эмгеги,
Таалайлуу адам ушундай.
***
Бир агам бар эле,
Жакшы көрөт мен аны,
Жашап жаткан бүт калкы.
Төрөлгөн жердин сыймыгы,
Ага арнайм ырымды.
Ичимдеги сырымда,
Жаш кезимде мен көрдүм,
Тарбиясын үйрөндүм,