Элине сиңген эмгеги,
Сыйлаган дайым эл жерди,
Тоодой болгон салмагы,
Тобокел байкем турбайбы,
Аны жаздым ырыма,
Жазганым ары уланды.
***
Өмүрү өттү мал менен,
Өрнөктүү эмгек сиңирген.
Бата алган карыдан,
Алкыш алган жашынан.
Баардык журтка таанымал.
Жылкыларын жыйра айдап,
Койлорун айдап мааратып.
Өмүрүнөн шаң таратып.
Ээрчишкен эки асылдар
Бекен, Оторчу абалар.
***
Өмүргө болсун салабат,
Таанымал болгон калкына,
Тааныш агам Саламат.
Жашоонун болуп үзүрү,
Жакшынакай өмүр сүрдү.
Аман болсун агалар,
Алдыңкы күндө бакыт бар.
Ээ болуп алар урматка,
Элеси эсте бул чакта.
***
Бир мугалим бар эле,
Өтө токтоо жан эле.
Мектепте жанын сабап иштеген,
Терин төгүп, дитинен эмгектенген.
Бөтөн жерлик сыйлуу адам дебеди,
Эч нерсеге татыбады эмгеги.
Жок дегенде алакандай кагазга,
Ал кагаздын кереги жок такыр ага.
Кагазды ала албайт парасыз,
Ал үчүн кой, торпок алпарыңыз.
Же болбосо кулун берип алыңыз.
Акыры кете берди өз жерине,
Алыстагы Ак Суу деген элине.
Мейли ал кагазды деле албасын,
РайОНОдогулар кагазын катып алсын
Кагаз менен кир жерин сүртүп салсын.
Балдарга берген билимин,
Жумшаган сонун эмгегин.
Беккулу досум турбайбы,.
Муну унутуп салганда,
Мени кудай урбайбы.
***
Бир кезекте бизди окутуп билим берген
Сыйлыкты Саяк агай ала албады,
Жада калса Кашый, Токтокан эжей албады,
Карагул, Эркиндик агалар кур калды.
Пара берсе алар небак алышмак,
Пара менен баардык бийлик жашаган.
Кадырмандар албаган ошол сыйлыкты,
Рай ОНО догулар катып алсын артына,
Дат басып чирип жатсын артында.
***
Балакет болуп катүгүн,
Бир агам ырга жазылбай.
Унутуп бара жатыпмын,
Калган экем байкабай.
Адамга баш бербеген,
Жини чукул неме эле,
Хансыңбы, бексиңби,
Карабас жагы бар эле.
Ал Абдынын Максүтү,
Шоңконун уулу сүйүктүү.
Эмгекчил болгон жашынан,
Күлкүлүү болуп жоругу,
Куудул болчу башынан.
Жездекеми ырга салдым,
Сөзүм менен жамактадым.
Келип ушул учурум,
Бир жумуштан кутулдум.
***
Энеми сыйлап энемдей.
Атамы сыйлап атадай.
Биздин үйдө чоңоюуп,
Бир тууган бир баладай.
Атам кайтып жатканда,
Арманга батып аябай,
Атакелеп ыйлаган.
Энем өтүп жатканда,
Эсине салып өткөнүн,
Энекелеп ыйлаган.
Көгүлтүр тоо салтанат,
Көчтү ашырып аркалап.
Чоң ашууну бирге ашып,
Сыртты жайлап бир болдук,
Жайык төр, Калак Ташта,
Жанаша бирге отурдук.
Бул кайсы адам айткыла?
Элге болгон кең мекен
Жусу деген абакем.
***
Аска зоодой керилген
Аралаш жашап эл менен.
Улуу тоодой керилген,
Урмат алган элинен.
Кремилдей керилген,
Киресин айдап жол келген.
Ысык Көлдөй жайкалган,
Ырысы толо жайпалган.
Байкагыла ырымды,
Окшош болду чыныгы.
Кеңеш менен Жылкычы,
Эми сөздү тактайын,
Эки агамы айтайын.
***
Саруунун эки уланы,
Салтанаты айылдын.
Берешен эмгек сиңирген,
Белдүү адамы баарынын.
Көп жигиттин ичинен
Көркүн ачкан аймактын.
«Көнөчөк» элдин ичинде,
Көйкөлтүп тапкан бактысын.
Төрөдөй Төлөнбай агалар
Бактыбек, Кыдыр уландар,
Баарыңарга таанымал.
***
Туулган жерин кеп кылат,
«Туум ушул»– деп бел тутат.
Ырыстуу жердин кулуну,
Ысабек белдүү атаны,
Ысымын дайым кеп кылат.
Ураалынын күйө баласы,
Үй-бүлөсү баардыгы,
Тубаса Темир- Канаттык.
Урматтап багып чоңойткон,
Уул- кызынын атасы.
Жандыргыла бул ырды,
Жамакта ким жазылды.
Акмат байкем турбайбы,
Анын жайын билбесеңер,
Анык кудай урбайбы.
***
«Кара көйнөк» айлында,
Калыстык менен таанымал.
Кара жаак ырчы мындан көп,
Калкына небак айтылган.
Калтырбай ырын айтканда,
Калык калат тиякта.
Ойлонуп сөздү чыгарса,
Осмонкул калат биякта.
Корунбай ырдап киргенде,
Коргол калат арт жакта.
Эринбей ырдап киргенде,
Эстебес калат тай чабым.
Айныбай сөздү баштаса,
Алымкул калат ат чабым.
Карга канат какканча,
«Калың китеп жазат»,-деп уктум.
Жору туруп учканча,
«Жомок жазат»-деп уктум.
Айланып чымчык конгончо,
«Аңгеме жазат»,-деп уктум.
Уулу кеткен урумга,
Кызы кеткен кырымга.
Бели бекем бай болгон,
Абдылда деген атанын,
Алдыңкысы окшогон.
Алынып журтка таанымал,
Аманкелди акын бар.
Аны мен ырда калтырбай,