Выбрать главу

Арбын жерин чийип салдым.

Кайта баштан улам оңдоп,

Катасын карап тактадым.

Бир саптан кошуп отуруп,

Төрт китебим жаралды.

Жараткан жардам бердиби

Жазымышымбы, тагдырбы?

Туугандарым мага айтчу:

«Чоң болуп ал бир жерге.

Билимиң сенин жетишет,

Бийлик жүргүз элиңе.

Же болбосо башкарма бол!

Байыйсың анда тез эле.

Селсебет болуп иштөөдө,

Сен теңдүүлөр бу кезде.

Кара жигит иштеп жүрөт

Кем эмесиң сен андан.

Билимиң элге таанылган.

Ыр кылып туулган жерди,

Китебиң бар жазылган.

Пара берип бат эле,

Райком болуп алсаңчы.

Бакжайып элге көрүнүп,

Баарына көз салсаңчы».

Тагдыр мага буюрбаптыр,

Башкарма боло албадым.

Алып жутуп кесип жейт,

Алар элдин байлыгын.

Сонун ашка батырат,

Курсагын такыр ачырбайт.

Кабат -кабат тамак ичип,

Казы-карта чайнашат.

Конок болуп көп жерде,

Ичкендери арак-шарап.

Кези келсе жылмаят,

Келин-кызга көз кызат.

Аз эле жылдын ичинде,

Алды чыгып бөрсөйүп.

Эшиктерден араң кирип,

Курсагы калат көлтөйүп

Эл башкарган чоңдордун,

Бирөөнүн аты калбаптыр.

Убакыт жылган сайын,

Унут боло баштаптыр.

Туугандар мени кечиргиле,

Чоң болбодум башкалардай.

Ал өнөрлөр чыны менен

Алыстап менден качкандай.

Кыргыз элдин кыйрында,

Калыгулдун аты аталат.

Арстанбек улуу акын,

Айды карай сызып жатат.

Ыр жазып келем тажабай,

Жаманбы же жакшыбы.

Урматтаймын келечекти,

Ушул өнөр жактыбы.

Ырыстуу жерден күү чыкса,

Ыр жазууну ойлондум.

Кадырлуу жерден ыр жаңырса,

Кантип жазбай коёмун.

Ырга салып сууларды,

Ыр жазганды үйрөндүм.

Алтын чак бала күнүмдөн,

Акын болом деп жүрдүм.

Кайта эле менден сурашат:

– Кантип жаздың ырларыңы?

Калың кагаз бетине,

Кандай төктүң сырларыңы?

Бир азыраак ойлондум,

Аларга айтаар жообум бул:

– Ошол Темир-Канатта,

Кылымдар жашап эл менен.

Бугу уруудан тукум бар,

Будур белди жердеген.

Куттуу энеден жаралган

Куржун, Торгой атам бар.

Береги Торгой атанын,

Беккулу деген уулу бар.

Бек атадан жаралган

Курумшу, Шоңко, Бүтөбай.

Байырлап Темир- Канатты,

Баяным менин бир далай.

Үч атанын балдарын,

Даңктап жаздым ырыма.

Сыйдалап улам мактабай,

Сындап жаздым ырымда.

Калк аралап көп жүрүп,

Карылар менен сүйлөштүм.

Жарпым улам жазылып,

Жаштар менен үндөштүм.

Ак элечек энеден,

Эчен ирет бата алдым.

Сыйын көрүп алардын

Сыймыктуу деп атадым,

Таалайлуу жер кагылайын,

Такыр кетпей түшүмөн.

Ысымы дайым жүрөктө,

Ыйык жер ушул деп жүрөм.

Белден ары созулган,

Беккулу деген айлым бар.

Көп жерге болгон таанымал,

«Көзгө чабаар» даңкым бар.

Тектирден ары созулган,

Темир-Канат жерим бар.

Калкка болгон таанымал,

«Кара көйнөк» атым бар.

Сапырылып бал татыган,

Сабаа толгон кымыз бар.

Көп жерге болгон таанымал,

«Көнөчөк» деген атым бар.

Элди ырдап, жерди ырдап,

Ыр жаратып калгамын.

Алардан алдым кубанычты,

Ал жагын мен танбаймын.

Элди, жерди аралайм,

Эчен ырлар жаралат.

Тулпар кылган өзүмдү,

Туулган жерге ырахмат

Мен айылдан узак жылдар боюу алыста жашап калдым Мезгил өтүп, курак жылган сайын, айылдагы жаркын адамдардын элесиэсиме кайрылып келип турат. Ким эле айылдагы бала чагын эстебесин.Айылдагы бала чагымы эстегенде, Кинодогу экранга тартылгандай,туугандарыңын элеси бадырая чыга келет. Алар жөнүндө бул китептеэскердим. Эми алардын жакшы жагы 4- китепте дагы эскерилмек. Эер убакыт болсо, айылга барып китептердин кем-карчын дагы толуктап жазабыз го. Менин айтайын дегеним Кененбай байкем жана Батма жеңем жөнүндө. Бала чагымда алар менен аралаш жашап калдым. Экөө тең ата-энеме өтө жакын адамдар эле. Айрыкча жеңеме байкем бирдеме десе,энем аны бат эле жоошутуп, ийге салып койчу. Экөө тең ырысы тоодой сонун адамдар болчу. Тээ эле 1980-жылдары байкеме арнап, «Жылкычы» деген ырымыжазгам. «Жылкычынын жана жылкынын образын толук сонун берипсиң» деп сынчылар мактаган Бул ыр китепке кирип газетага бир канча жолу чыккан. Эмесе ошол ыртөмөндөгүдөй.

ЖЫЛКЫЧЫ

Жылкычы агам Кененбайга

Үйүр –үйүр жылкыны

Үркүтүп тоодон айдаган

Желе-желе бээ байлап,

Желпиништен кайырган.

Кейип-кепчип койбостон,

Керме-Тоону жай кылган.

Карк кылып элин кымызга,

Калкына кызмат аткарган.