Шамалдай учкан жылкыны,
Шагылдуу тоодон кайырган.
Күлүктөрүн жарышта,
Күйүктүрүп айдаган.
Дүңгүрөткөн тоолорду,
Бийик тоонун ырчысы.
Өмүрү өтүп мал менен
Өрнөгү өскөн жылкычы.
***
Адамга унутулбай эң жаркын күндөрү эсинде калат. Ошондой күндөрдү бири мен үчүн Балыкчыда үйлөнө элек курагымдагы Бекболот байкем менен Керез жеңемдин үйүндөгү жашаган күндөрүм болду. Экөө тең кең пейил бакубат, жаркын ойлуу пакиза, адамдын көңүлүн эч убакта калтырбаган эң сонун пенделер экенин билдим. Ошол жылдары мени алар үйүндө кадимкидей конок катары сыйлады десем болот. Алардын үйүндө жаман сөз угуп көңүлүм калып иренжиген жок. Мындай мээримдүү адамдар тагдырда өтө сейрек кездешет. Жеңем шаардык оруканада жакшы кызматта иштеди. Байкем колунан көөрү төгүлгөн темир усталык менен узанып, көп элдин алкоосуна ээ болду. Жакшы адамдын эмгегин эстөө эң сонун иш. Экөө мен үчүн табылгыс ыйык адамдар. Туугандарым ырас эле көп, бирок экөөнө эч бири жете бербейт. Экөө тең кудай берген өтө кең пейил ыйык адамдар. Менин алгачкы чыгармачылыгымдын көп бөлүгү ушул үйдөн башталган. Аны эч убакта унутпайм. Алардын ыймандуу жакшылыгын ар дайыма эстеп, унутпай келем, Бирок алардын карызынан такыр кутула албай келатам. Баардыгынан ошол арман экен. Бирок менин кандайдыр бир ийгиликке жеткеним ошол ийгиликтин арасында алардын да ийгилиги бардыр деп ойлойм. Санаамда аларга жакшы ийгиликти каалап, балдары менен аман эсенчиликти каалап тукумдары биз жептпеген бийиктикке жетсе деген таттуу ойдомун. Элде « Жакшы санаа жарым ырыс» дейт. Ал эми алардын жакшылыгын жакшы ырга айлантуу баардык эле адамдын колунан келе бербеген жумуш.
БЕКБОЛОТ АГАМА ЖАНА КЕРЕЗ
ЖЕҢЕМЕ
Наныңы жеп даам татыдым тузуңдан,
Ошол үйдө мээримдүү сөз угулган.
Жарык чачып ынтымактуу убактар,
Жаркын элес жакшылыктай туюлган.
Ошол учур жылып кетти кармалбай,
Отурчу элек бир столдун четинде.
Ден соолук үчүн стаканды көтөрүп,
Деми күчтүү ал мезгилдер эсимде.
Анча-мынча кемчиликтер болгондур,
Ал көрүнүш эч нерсеге татыбайт.
Жакшы күндөр келе берет алдыдан,
Жаркын убак шоолалана жаркылдайт.
Көңүлүбүз такыр эле калбаптыр,
Ошондуктан ырга айланып жатпайбы.
Эң бир сонун ал кездеги курактар,
Эстей берем жеңем менен агамды.
Туугандыкты бекем сактап калыппыз,
Мезгил өтүп ал учурлар ыраактайт.
Узак жашка өмүр сүрүп баргыла,
Улам-улам силерге айтам ырахмат
***
Экөө тууган болгон соң,
Чачып турду жарыгын.
Жүздөшкөндө аяшкан жок,
Жүрөктөн жанган жалынын.
Бир-биринен аяшса,
Жалындарын чачпаса,
Эңсеген ой ашпаса,
Экөө тууган болбостур.
***
Төдөнбай деген почточу болгон,
Гезит, журналды жакшы ташыган.
Өз ишин аябай жакшы иштееп,
Өрнөгүн өз элине калтырган.
Ушу дүйнөдө жакшы иштеген адам,
Унутулбай кайра-кайра эскерилет.
Чымыркана терин төккөн пендебиз,
Чын дүйнөдө да, жакшы эмгектенет.
***
Күлүк жорго чаптырсам,
Күн артынан ай келет.
Ак бозуму таптасам,
Ай артынан жыл кетет.
Күлүк болуп күн учат,
Күн артынан ай туулат.
Айлампа салып ай учат,
Ай артынан жыл узайт.
Кечөөкү Кыдыр, Март байкелер
Жап-жаш болгон жигит эле.
Алардын оордун биз басып,
Карып кеттик тез эле.
Капырай ай, бул өмүр,
Кайда учуп ашыгат?
Элес калбай артыбызда,
Эмнеге мынча шашылат.
Күлүк жорго чаптырсам,
Күн артынан ай келет…
Күүгүм салып токтобой,
Күн артынан жыл кетет.
Күн артынан жыл келсе,
Өмүр кайда ашыгат,
Кайран өмүр ашыгып,
Кайда кетип баратат…
***
Жегич менен паракордун баардыгы,
Жалгыз гана шордуу элдин азабы.
Шабырата келип караламан элди жейт,
Ата-журтту бычаксыз гана кескилейт.
Ал экөөнөн көргөн жокпуз пайданы,
Эл байлыгын килемиштей жеп жатат.
Аларга-өлүм, же түрмөгө салалы,
Ата-журттун калкы андан азайбайт.
***
Аталар конгон конушка
Сапар барып кономун.
Азыр болсо көч менен
Ат үстүндө жолдомун.
Бабалар конгон конушту,
Кантип таштап кетемин.
Алардын жолу жалгызсырап,
Арманга батса кантемин…
***
Эки бакыр бир тукур
Кызык экен бу турмуш.
Кези келип калганда
Кээде утуш, уттуруш.
Уттуруп ийгенимде,
Чабалактап кыйналдым.
Бирөөн утуп алганда,
Бийиксинип мактандың.
Эки бакыр, бир тукур,
Эл тилеги бузулгус.
Таалайлуу жагы арбыса,
Таттуу болоор бул турмуш.
Таттуу болсо бул турмуш.
Таалайлуу жандай жашайлы.