Выбрать главу

болуп иштеген Жамансарт курбума

Бапырап келип ээрчишкен,

Бала кезде курбу элек.

Сайды бойлоп гүл терип,

Сайроон менен өтчү элек.

Тапырап ойноп жүргөн кез,

Такыр эстен кетпеген.

Бирок мени көргөндө эле,

Завуч болуп калганда эле

Бала кезде Жамансарт жок

Башкача болуп каласың.

Өткөн чакты унутасың,

Бала кезги Жакемди.

Кайдан издеп табамын.

Ушунчалык капамын

Сар-санаа болуп жатамын.

Ат минбей, төө минип,

Албаң-шалбаң теминип,

Олбуй-солбуй камчы уруп,

Ойку-кайкы желдирип,

Оң тетири теминип,

Жети күнү тынч албай,

Жердин үстүн кыдырып,

Жети күнү тынч албай,

Жердин астын сыдырып,

Бери карай бир келип,

Ары карай бир кетип,

Унааны улам желдирип.

Камчылана теминип,

Аны издеп тапканы,

Мекеге кетип баратам.

Бала кезде досумду,

Жолдон издеп табайын.

Жолдон такыр таба албай,

Үмүтүмө жете албай

Какыр чөлдүн өзүндө.

Желмаян төөнүн үстүндө

Бөөдө өлүп калбайын.

Кудайыма жалынып,

Байгамбардан бата алып.

Сапар кетип баратам

Жумакадыр уулу Шайлообек курбума

«Башкарманын баласы» деп,

Бир кезекте суктангам.

Андан бери мезгил өттү,

Ала-сала чубалган.

Жолукканда экөөбүз

Калчу элек сүйлөшүп.

Кеткен өмүр жөнүндө,

Кеп салыша үндөшүп.

Адан бери жолукпадык.

Мейли кайда жүрбөйлүк.

Алыстан бакыт арнаша,

Аман-эсен жүрөлүк.

Мезгил убак келгенде

Жолугаарбыз кайталай.

Улгайган чак бизге кирип келатат

Баягыдай жакшынакай карыйлык

Башкарманын баласындай балпайып.

Мукамбет уулу Бексултан абама

жана апама

Эскерип жатам Бексултан абамды

Аралады кандуу согуш майданды.

Баатыр жоокер жана ардактуу мугалим,

Көчөгө аты коюулуп даңк алды.

Апам болсо токтоо жана калибет,

Баатыр эне мактаганга сөз жетпейт.

Жайнап күлүп жоогасындай жылмайса,

Жакшылыгы көз алдыман түк кетпейт.

ЭНЕМ СЕЙДИМГЕ БАКАЛБАЙ

КЫЗЫНА

Уктап жатсам майдын сонун түнүндө

Жан энекем кирди менин түшүмө.

Ал мени көз жүгүртүп улам карады.

Ак жоолугун салыныптыр баягы.

«Сени бирөө капа кылып жүрөбү,

Эмне мынча жүдөп кеттиң уулум,– дейт?»

Анда-мында түшкө кире калса да,

Арман дүйнө ай, көз кырынан кетирбейт.

Болот жана Кубан инилериме

Эки бирде инилерим дага бар,

Өмүр улап келе жаткан артымда.

Мен алардын жардамына таянсам,

Жардамдамып аябады алар мага.

Өмүр улап келатабыз жолду улап,

Жашоо чиркин уланат тура алдыга.

Ак кардагы жолумду улап тартынбай,

Ага инилер экөө келет артымда.

В. И. Ленин жана Токчулукова Кашый

Эжеме

Түндө мен түш көрүп жатыпмын,

Кашый эжем сабак берип жатыптыр.

« Ленин ата өлбөс улуу адам» деп,

Балдарга баян айта баштаптыр.

Кашый эжемин Лениндин ата унутулбай

Ар дайыма кирет менин түшүмө.

Ал экөө тең мен үчүн улуу акылман

Баян айтып «Алгала!» дейт бул күндө.

Бири болсо жөп-жөнөкөй мугалим,

Бүт өмүрүн арнап койгон балдарга.

Экинчиси аты чыккан улуу адам

Ыйык даңкы тарап кеткен ааламга.

Ленин ата унутулгус улуу адам,

А мен аны түбөлүккө унутпайм.

Кашый эжем жана Ленин атаны,

Тизе бүгүп түбөлүккө урматтайм.

ЛЕНИН ЖӨНҮНДӨ ЫР

Атакем мага айтчу эле:

« Улуу акылман Ленин

Келечекти улам ойлоп,

Кеменгери эл- жердин.

Энекем мага айтчу эле:

« Калкка калыс караган адам,

Баардыгын бирдей сыйлап,

Бакыт чачты канчалаган.

Айгаларым айтчу эле:

Билим берди жалпызга.

Адамзатты алып келди,

Ачык нурлуу таалайга.

Мен да аларга кошулуп,

Ленинди улам кадырлайм.

Улуу адам Ленин ата,

Урмат менен таза сактайм.

КУЛУКЕ АГАЙГА

Агайымдын жакшынакай элеси

Асылданып кирип жатат түшүмө.

« Келгиниң» өз жанына отургузуп,

Кеңеш айтат жазган ырым жөнүндө.

Үйрөттү эле ыр жазганды ал мага,

Акыл айтчу китеп берип дайыма.

Ар жагымда өзүмүн да шыгым бар,

Ар дайыма ырахмат айтам агайга.

Мен ырларды газетага бербедим,

Жарыялап чыгарганды каалабайм.

Башым жерде кайра- кайра оңдоймун,

Башкаларга жарыялап мактанбайм.

Андан бери өткөн экен көп заман

Мезгил жылып учкул убак арылаган.

«Ыр жазгының» дайым берген кеңешин

Эсиме келет сүйкүмдөнүп ал агам.

Азыр деле мен бала бойдонмун,