Выбрать главу

Абадандын Маамбегинен: Мустапа, Кемел, Жамашбек, Жанбала. Мустападан: Кедеймат, Табылды. Жамашбектен: Рыскелди, Калыбек, нурбек, Качкын. Маамбектин Жанбаласынан Камчыбек.

Балбактын Чынгышынан: Элчибай, Жоомарт. Жоомарттан: Султанбай, Кудуш, Тынымсейит. Султанбайдан Кудайберген, андан Табылды. Кудуштан Аттокур. Тынымсейиттен: Табылды, Кабылды, Эрмек, Элдияр, Жарты.

Шоңконун Сүйөр уулунун тукумдары.

Сүйөрдөн Шүкүркан. Шүкүркандан: Эсенгул, Боркөтөн. Шүкүркандын Эсенгулунан: Ыманалы, султан, Абак, Апыш. Ыманалыдан: Мазен, Зыя, Жакып.

Мазенден : Доктурбек, Өзүбек, Казыбек, Кыжыбек, тынчыбек. Зыядан Аскарбек, Өмүрбек. Аскарбектен: Таалайбек, Марат, Мурат. Өмүрбектен: Нурлан, Тилек, Алтынбек.

Эсенгулдун Султанынан: Болот, Кудайберген.

Эсенгулдун Апышынан Акжолтой.

Шүкүркандын Боркөтөнүнөн: Урдөөлөт, Рысменде.

Урдөөлөттөн: Эдилбай, Бурганак, Данияр. Рысмендеден: Асирдин. Булар Ак Суу районунда турушат.

Автор жөнүндө маалымат

Кадыр Абакиров Тоң районундагы Темир –Канат айлынын Иймек кыштоосунда малчынын үйүндө төрөлгөн. Балалыгы, окуучулук кези ушул айылда өткөн. Атасы кой багып, жайында жайлоодо, кышкысын кыштоодо күн өткөрүп көчүп жүргөн. Малчы Ат-Жайлоо, Чоң-Таш, Арпа-Тектир, Тешик-Көл, Жылуу-Суу, Кара-Каман жайлоолорунда көчүп мал багып жашаган. Автордун балалыгы жайлоодо жүрүп жаратылыштын ыйыктыгын эртелей сезген. Анын болгон чыгармаларында ушул ыйык жерлер ар бир сабында кездешет. Автор өзү өткөргөн балалык кезин кубануу менен сөз кылат. Анын балалыгы жаратылыш менен биригип калган. Чыгармачылыкка үчүнчү класстан баштап кирише баштаган. Анын биринчи ыры « Көгүчкөн» деген ыр эле. Мектепте окуп жүргөндө «Эмгекчил» газетасына ар кандай кабарларды жаза баштаган. Анын биринчи китеби 1980-жылы жарык көргөн. Республикалык газета, журналдарга чыгармалары жарыяланган.

Ал акын, жазуучу, сатирик, санжырачы, педагог болуп эсептелет. Анын ыры, аңгемелери, поэмалары бар. Андан сырткары «Педагогдун асыл ойлору» деген эки томдуктун автору. Автор ошондой эле обондуу ырларды жараткан. Мындан сырткары ар кандай сыйлыктын ээси. Акын өзүнүн туулган жери жөнүндө санжыралап төрт китеп жазып чыкты. Азыркы учурда 10 томдуу чыгармаларын даярдап жатат.

Ал Чүйдө Токмок шаарында жашап, ошол жерде чыгармачылыкта эмгектенет.