Выбрать главу

– Менин ата-бабам касиеттүү жерден экен,-деди Карачоро.

Балдар көл бойлоп келе жатып бир карыяга жолукту:

– Ата, Тагай бийдин конушу кайда?

– Бобул көлдүн жээги менен жүрүп отурсаңар, көп айылга, жана шаарга кезигесиңер, дагы жүрүп отурсаңар Барскон деген шаар бар ошол Тагай бийдин ордосу болот.

Балдар жүрүп отуруп, адамдардан сурап отуруп, акыры капкалуу Барскон деген шаарга келишти. Ал жерден Тагай бийдин кабарын сурашты. Тагай бий азыр чоң жайлоодо эс алып жатканын айтышты. Балдар ошол жайлоого сапар жөнөштү. Алар капчыгай өрдөп, кенен жайык өрөөнгө туш келишти. Ошол жерде кереметтүү чоң боз үйлөрү бар, ыйык жайлоого туш болушту. Тагай бийдин жайлоодогу конушу ушул экен. Кара аргымак минген балдар боз үйлөргө жакындап келишти. Алар туурда отурган бүркүттөрдү, куштарды көрүштү. Дөңдө сүйлөшүп бир топ карыялар отурушат. Адамдар канаты бар кара аргымактарга суктанышты. Бул жөн балдар эмес, теңиримдин өзү колдогон балдар экенин билишти. Уландар боз үйлөргө жакындап, аларды жигиттер тосуп алып аттан түшүрүп, аргымактарды кермеге байлашты. Балдар дөбөгө чыгып отургандарга ийлип:

– Ассаломуалекум аталар,-деп салам беришти.

– Алекумаассалом, балдар,– дешти отурган карыялар.

Жолочулар дөңдөгү кадырмандардын аягына келип отурушту. Карыялардын алдында калың көлдөлөң салынып, бир олутту баянды куруп жаткансыйт. Эң төрдө сакалы белине жеткен үч карыя адам отурат. Андан бери ар түрдүү курактагы адамдар жайланышкан. Кыраакы адамдар балдардын алыс жактан келатканын сезишти. Алар уландарга көп деле көз салган жок, чарчап келгенгер эс алсын анан аңгемени улайбыз,– деп ойлонушту.

Балдар тамак ичип эс алышты. Анча-мынча убакыт өттү. Карыялар баягы чоң дөбөгө чогулушуп, балдарды жанына чакырышты. Сакалы белине жеткен бир карыя айтты:

– Жол болсун балдар кайсы тараптан келатасыңар?

– Ыраакы Кашкар тараптан, Султан Саид хандын ордосунан чыгып келатабыз,-деп Карачоро айтты.

Отургандар Могол хан дегенде баардыгы тең сестене түшүштү. Жолочуларды алыс жайдан келаткан экен дешти.

– Жол болсун эмне жумуштап, кимди издеп чыктыңар эле.

– Мен Кашгарда төрөлүпмүн атам ушул Ала Тоонун арасында экен. Аты Тагай бий ошону издеп келатам. Бала чоңойгондон кийин ата-тегин табыш керек экен,– дап Карачоро маанилүү баяндады.

– Бар бол балам, сен ата-тегиңди издеп жолго чыккан бала турбайсыңбы, аның жакшы, ата-тегиң сенин келечегиң.

Тагай бийдин сакалын ак чалып, жаш курагы бир топко барып калган сыяктуу, кайраттуу узун бойлуу бүркүт мурун, ал жоон үнү менен сүйлөп турду:

– Болуптур ыраакы жактан келатыпсыңар, жолуңар болуп таалайыңар ачылсын!

– Энем Зулайка айткан атаң Ала Тоодо жашайт мен ошону издеп келатам.

– Ырас айтасың мен ошол Тагай бийдин өзүмүн менин балам экениңди аныктаган эмне белгиң бар?

Карачоро куржунун аңтарып карап, шайы чүпөрөккө өрөлгөн күмүш бычакты, жана жаңы өгөөнү алып чыгып Тагай бийге сунду.

Бий аны ары имерип бир карап, бери имерип бир карап, өңүнөн кубанычтын нуру тамчылады.

Бий эмне деп сүйлөөр экен деп карыялар анын оозун карап калды. Ал көп жылдан бери жоголгон буюмун таап алганына кубанып, күмүш бычакты суктана карап:

– Ооба балам, бул менин таштап кеткен аманат белгим болчу. Сен энеңин курсагыңда калган элең, атың Карачоро болчу жараткан эгем үмүтүмдү актады дагы бир балам алыстан аман-эсен кайтып келди,– деп өгөө менен бычакты өөп касиеттүү буюмдарды колун сунуп, карыяларга узатты.

Карыялар ыйык табылганы ары имерип бир карап, бери имерип бир карап суктана кубанып жатышты.

Бий тагдырына аябай ыраазы болуп толкундана, жоголгон нерсесин таап алагансып турду.

– Болуптур сен менин алыста калган балам экенсиң а бул балдарым ким болот?

Ошондо сууга чөгүп аман-эсен калган бала тизелеп отуруп сүйлөй баштады:

– Менин атам көр оокат кылган адам эле биздин жердин байы аны сабап, аябай ыза кылат. Кордук көргөн атам, жини келип байды өлтүрүп салат. Байдын туугандары ата- энеми, мени жип менен оор ташка байлап, өлсүн деп кирип турган терең сууга салат. Атам менен энем сууга чөгүп өлүшөт. Кудайдын барманы менен мен тирүү калдым. Берекем ата-энем жок болду, түбөлүк жоготтум. Мен Карачоронун азыгын кармап келатам. Өзүм дагы курсагым ачып, жегенге азык издеп жүрүп, Карачорого жолуктум, -деп токтоно албай ыйлап жиберди. Баланын армандуу тагдырын угуп, карыялар ойго батып, тымып калышты. Тагай бий кайрат айтып:

– Кой, балам ыйлаба, кайратыңы жоготсоң жаман болот.

Ал эми бу балам ким болот,-деп андан кийинки балага кайрылды.

Экинчи бала тизелеп отура калып, башындагы арманын айтып кирди:

– Биздин жердин эли ынтымагы жок болуп эки жааташып согушту. Менин ата-энем ошол капсалаңда өлүп жок болду. Мен кайда жашаарымды билбей селсаяк болуп тентип жүргөм. Барбаган жерим, көрбөгөн элим калбады. Жетимчиликтин айынан эмне кордукту гана көрбөдүм. Мени көргөн адамдар «баягы селсаяк» деп жанына жолотпой калды. Акыры Карачорого жолугуп ушуну менен бир келатам,– деп бышактап ыйлап жиберди.