Анан асмандан жымыңдап ай нуру төгүлүп түн келип, алтын казык жылдызы түндүктөн жол көрсөтүп чачырайт. Түндө адамдар да, канаттуулар да эс алууда. Бир гана түн ээси үкү азык издеп ары-бери чабыттап учкан болот. Түн канаттуусу жарганаттар бир жерден экинчи жерге далдалактап сызганын токтотпойт. Бобул кабат-кабат эки тоонун ары жагында калмактардын конушу бар. Эки эл бири-биринен шек санап турушат. Канчалык тынч жашайлы десе да тынчтана албай коюшту.
Азыр ай чыга элек. Ай отуруп анан чыгууга маал келет. Назик жел чөптөрдү жалбырактарды аймалап өтүп, сүйкүм шыбырт таратат. Түнкү жаныбарлар ар кандай шыбырттарга кулак төшөйт. Түн тынч турган менен баары бир кыймыл уланат. Ал убактылуу гана тынч турат. Тигине асмандан кулап дагы бир жылдыз жок болду. Ал жылдызды кайсы адам көп карайт болду экен. Ушул түндө тээ береги ак кар, көк муз жамына челген ашуудан калмактардын он бештей жигити караңгы түндү төтөлөп кыргыздар отурган конушка акырын жылып келатты. Өткөндө кыргыздар калмактарды чаппадыбы ошонун кегин кубалап келатышат. Калмак жигиттери токтобой желип-жортуп, жылгадан жылганы, адырдан адырды, коктудан-коктуну сыдырып ач карышкырдай жылкы айдап алганы келатышат. Түнкү кошуунду Батман калмак баштап келатат. Ал далай жолу түнкү жортуулга чыгып алчы-таасын жеген пенде эле. Ал жеке эле кыргыздарга жортуулга чыкпастан казактарга, уйгурларга, монголдорго чейин жортуулга барып же деп машыгып алган жан эле. Булар кыргыздардын малына тийип, каршылык кылса, боз үйлөрүн чаап кордук көрсөтүп кетиш керек эле. Кыргыздардын аз эле жигиттери жылкыларды жакын эле жерде жайып жүргөн, калмактар ал жигиттерге карама-каршы келип, бат эле малды айдап кетишти. Калмакар боз үйлөргө чабуул койгону келген жок.
– Калмактар.
– Боз үйлөргө чабуул коюп келбесин.
– Жан соога болсун кудай.
– Баланы сактагыла!
– Жакшылык кайдасың балдарды кара!
– Момун бери кел!
– Тотуя эмне эле туруп калдың баланы алып качалы!
Жыйылган топ жигиттер аттарды жайдак минип, курал жарактарын алып жылкыларды кайрып келүү үчүн кетишти.
– Ата кайдасың мага жардам бер!
– Калмактар менен өлбөгөн жерде калабыз.
Караңгыда ат издеген жигиттер ары-бери делпелектеп чуркашат. Жардам сураган үндөр. Айлана ушундай кооптуу дабышка толуп кетти. Бермет таякелерине келип, бешиктеги Сарбагышты да кошо ала келген. Ага жардам берүүчү Тотуя деген аял да кошо келген. Эки жигит эки атты энеге алып келди:
– Эже силер аттарды минип өйдөкү кечүүдөн өтүп, аркы өйүздөгү боз үйлөргө бара тургула аяк тынч силерди эртең бул жакка чыгарып алабыз. Суу терең экен өйдөкү жалгыз талдын жанынан кечкиле!
Бермет эне атка минип бешикти өңөрүп, Тотуя бир атка минип кечүүгө карай жөнөштү. Алар кечүүдөн көп эле өтүп жүрүшкөн баарын билиш керек болчу. Атчан аялдар өйдө карай жөнөп калышты.
Эне:
– Суунун аркы өйүзөндө таякелерибиздин боз үйлөрү бар. Эл тынчтангыча ал жакка бара туралы, аңгыча журт бир жакшылыкка жетишеер.
Эки атчан капталдай кечүүгө кетип баратышты. Айсыз көзгө сайса караңгылык. Жада калса бир карыш укум жер да көрүнбөйт. Атчандар сууга жакындап калышты. Арттан кыргызыбы же калмагыбы топурата жылкы үстүндө чаап өттү. Аялдар «куугунчулар келаткан экен» деп катуу коркуп кетишти. Аттарын камчыланып сууга киргенче ашыгып бат эле жээкке жете келишти.
– Бермет эне өйдөкү кечүүдөн кечели бул жердин суусу өтө терең эле.
Айым күңдү жактырбай:
– Ага кантип жетебиз ал үчүн кычыкты айланышыбыз керек го.
Күң каршылык кылып:
– Суу катуу кирип жатат бешикти агызып албайлы.
– Кудайым сактасын эмне кылабыз, артта куугунчулардын дабышы чыгып жатпайбы, калмактарга туш келсек торойто чаап унааны алып кетет аттар тың кудайым сактаса кечип кетеер.
Күң да буга макул болду. Ал башкача кыла албайт эле эненин тилин алыш керек. Алдыда чамынып күрүлдөп-шарылдап агып жаткан тентек суу. Эки атчан тентек сууга туш келип такалды. Бул жер кечмелик эмес эле, жаныбарлар да ошону билип, өйдөкү кечмеликке карай бурулуп туруп алышты.