Кылжыр эки жигити менен сый көрүп, жүрө берди.
Ошондо калмактын көзү ачыгы Дорбуга айтты:
– Байым бобу жигитте бакыттын жышаанасы төгүлүп жатат муну ордого алып кетсек эмне болот. Аны колунун жана бетинин бырыштарынан байкоого болот.
– Кой болбойт, бул Тагай бийдин кичүү уулу чоң чыр чыгып кетет. Бий ушул уулун бел таяныч кылып кармап жүрөт. Биз кыргыздар менен достук абалда турушубуз керек. Керек болсо, алам десе кыздарыбыздан берели.
– Анда кандай кылабыз.
– Бул жигиттен бакыттын жышаанасы төгүлүп турса, өзү бийдин баласы болсо, кыздарыбызды берип күйө бала кылып алышыбыз керек. Биз дагы бул эл менен тынчтыкта жашашыбыз зарыл. Курама темир курч болот дейт, булардан оңой бала төрөлбөйт.
Бай калмак хандын эң жакын көргөн кишиси эле, анын кызы жок болчу. Акыры бай кыз издеп отуруп, тектүү жерден чыккан Санбирга деген кызды тапты. Кыздын энеси кыргыз ал эми атасы калмак болгон экен. Санжыра уламачылар аны кыргыз тилин суудай билген ал акылдуу бийдин баласын жарашыктуу жар болгон. Тагай бий кудаларын сыйлап, өзү дагы аларды ыраазы кылып узатты. Эки ортодо достук байланыш далайга чыңалып жакшы уланды.
Кылжыр атанын биринчи аялы эки бала төрөп, ал эл арасындагы тарган оорудан чарчап калыптыр. Экинчи аялы төрөөрдө Кылжыр ата бир сонун уламалуу түш көрөт. Түшүндө кыраан кара куш салып жүрүптүр. Шумкарынын тумшугу, буту кызыл экен. Жарыктык жаныбардын көзүнөн нур чачырап, адам баласы кыраанды тик багып карай албайт. Шаңшып добуш салса, үнү бир тоодон экинчи тоого жайма-жай угулуп, ал тоонун маралдары да, бул тоонун маралдары да дүрбүп качат. Канаттуулар тынч албай жан соогалап асманда уйгу-туйгу учуп жүрөт. Бир эле тоодон эки дарыя башталып агып жатыптыр. Дарыялар терең жаныбар же адам өтө алгыс болуп аккан суусунун үнү алыска-алыска тай чабым жерге угулат. Ошол эки дарыяны өрдөп, кадырлуу ата куш салып баратат. Бир дарыянын башында он алты айры мүйүздүү бугу мүйүзүнө алтын бешик илип алып жарыктыктын денесинен алтын нур чачырайт. Бир түзөң жеринде боз үй тигилип, анда ак калпак кийген аталар, ак элечек кийген энелер отурат. Бешикке умай эне аппак бала бөлөп жатыптыр. Ал эми экинчи дарыянын башында кыраан көк жал турат. Анын сүрүнөн адамдар да жандыктар да коркуп турат. Эки дарыянын башында асман тиреген аска зоолор зоңкоёт. Ошол жерде булуттар менен тең болуп касиеттүү ата турган экен. Жана Кылжыр ата кубанып ойгонду. Ал «азап тозоктуу көп эле түш көрдүм эле, бул түшүм ал түштөргө такыр окшобой турат. Ушул көргөн түшүм, жоголуп кетпей менин тагдырыма келеби, же жөн эле бир келген соороткон элеспи», деп чочулады. Түшүмө көз тийбесин деп эч кимге жада калса койнунда жаткан аялына да айтпады. «Түшүм ишке ашса экен» деп Теңирге жалынып-жалбарып бата тилеп жүрдү. Ошондон көп өтпөй аялы эркек бала төрөйт анын атын Орозбакты деп коюушту. Андан кийин дагы жылдар өтүп дагы эркек балалуу болду анын атын элибизге дөөлөт, бакыт келсин деп Дөөлөсбакты аташты. Бирок көргөн түшүн атасына айтып бергиси келди. Ал касиеттүү киши эмеспи, башкалар укпаса да ошол жорусун деди. Тагай бий:
– Балам эки дарыя эки балаң, ошол дарыялар сыяктуу сенден тукум тарайт экен. Алардан балким көп эл тарай турган шекилденет. Бир суунун башында бугу турса ошол бугу ошол элдин колдоочусу окшойт. Экинчи суунун башында көк жал турса ал ошол элдин коргоочусу шекилденет. Эртеси Тагай ата акбоз бээ чалып батасын берсин деп калың журтка тамак берди бирок түш жөнүндө эч кимге айтпады.
Анан дагы бир укмуш окуя болуптур. Жайдын толуп турган чагы. Айланада канат кагып түркүн көпөлөк, калдыркандар учуп турат. Карлыгачтар адамдарга жакын келип кайкып кетет. Коо -коодо жол боюнда сары кызыл гүлдөр ыргалат. Жоогасындар эрке желге боюн керип термелет. Жай айы, айлана айтып бүткүс чоң керемет. Кылжыр ата мал саак баарыга боорукер жан болчу. Бир койдун буту сынып, ошого шак-шак байлап коюуп, дөңдө жатып, түш ченде уйкусу канып ойгонду. Боз үйдөн ары Орозбакты менен Дөөлөсбакты көпөлөк кубалап ойноп жүрүшөт. Анын көзүнө бир укмуш элес көрүндү. Арыда он алты айры мүйүздүү бугу менен көк жал чуркап келатат. Таң калды. Бугу менен көк жал кандайча бир жүрөт. Бир-бирин жеп албайбы. Экөө чуркап отуруп эки балага келди. Бугу Орозбактыны ээрчисе, көк жал Дөөлөсбактыны ээрчийт. Алар эки баланы ээрчип жанында жүрөт. «Бул экөөнүн колдоочусу ушулар тура. Балким алардын укум-тукумун ушул ыйык жаныбарлар ар дайыма колдоп жүрөөр»– деген таттуу ойго чөмүлүп дөң үстүндө жатып дагы уктап алгысы келип, көзүн жуумп таттуу уйкуга көшүлдү.
Дөөлөсбакты кийин бой керип чоңойду. Ал жашынан эле түпкү аталарын тартып баатыр чалыш болду. Жаратканым ага бойду, темирдей булчуңду жана жоодон коркпос кайратты берген экен. Анын жоокер бумдары дайыма шай болгон. Өзү дагы элди коргоого журт таламын жактоого даяр бологн Дөөлөс баатыр жунгар, ойрот, калмактар менен күрөштө колду баштап барып нечендеген эрдиктерди көрсөткөн. Бир канча жолу эр сайышка чыгып, калмак баатырларын далай жолу учура сайып, ченемсиз баатырдыкты жасаган.Бабалардын сүргөн санжыра боюунча Дөөлөсбактынын: Токой, Жантай, Элчибек, Манап деген уулдары болгон экен. Ушул төрт уулу тең арстан менен тең болуп, жоо менен күрөштө көп эрдиктерди көрсөткөн. Булардын ичинен айрыкча, Манап бийдин эрдиги укмуштуудай баяндарда айтылат. Ошол кезде калмактар, жунгарлар кыргыз жерин басып алганга далай жолу аракет кылган. Бирок талбас кайраттын, эрдиктин аркасында кыргыздар өз жерин сактап калышкан. Тарыхчы, санжырачылар Манап бийдин эрдиктерин уламаларда айтып, баяндап, кол өнөрчүлөр ага көп жерде ат мингизипэстеликтерди тургузушкан.Айрыкча Манап бийдин уулу Жарбаң баатырдын эрдиги жөнүндө уламаларда көп айтылат. Манап бийдин Жарбаң, Сүтөй деген уулдары болгон экен. Жарбаң баатыр Манап бийдин улуу уулу. Манап бийдин аялы Кызбийке баатырды төрөөрдө каза болгон. Ошондо көзү ачык « Ушул баланы аман алып калгыла, бул силерге чеп болот» деп айткан. Эненин курсагын жарып баланы аман алып калышкан. Балага Сүтүке деген атты коюушат. Бирок эненин курсагын жарып алгандыктан Жарбаң болуп аталып калган. Бала жаш чагынан эле эстүү, акылдуу, кайраттуу болуп чоңойгон. Манап бий жунгар калмактарына каршы күрөштө атасынын оң канат колун баштап барган. Аябай кыл чайнашкан согуштарда ага калмак баатырларынын эрдиги ага тең келген эмес. Калмактар менен кыргыздар далай жылдар согушуп келген. Калмактар да аябай көп болгон. Алар Теңир-Тоону басып алып, кыргыздарды сүрүп чыкканга аракет кылган. Ошондо 1727-жылы жунгар баскынчылары 65-миң өтө көп кол менен согуш ачып, кыргыздар жеңилип калган. Бирок кыргыздар ошону менен эле токтоп калбаган кайра-кайра согуш ачып кээде жеңилип, кээде жеңип турган. Жунгарлар кыргыздар менен кошо казактарды да сүрүп чыгарган. Кыргыздар калмактардан качып, Фергене, Тажикстанга кеткен.