Выбрать главу

Ошол окуя ошол болду.

МЫРЗАКУЛ БААТЫР

Мырзакулдай баатыр бар,

Атпай журтка дакталган.

Ата-баба санжырасында

Аты өчпөй сакталган

Күндөр өтүп, айлар жылып, Орозбакты атанын аялынын төрөтү жакындап келе берди. Ата сүйүнүп:

– Кудай берет деген ушул, жоо жакадан алып турганда кыргыз журту өсө берсин. Мындай капсалаңда эл бөксөрүп кетпесин,– деп жакшы санаасын билдирди.

Анан жыйырма күндөй өтүп, эненин толгоосу башталды. Атанын Жылуу- Булак айлында шашылыш жумуштары бар эле. Жоош тору атын минип ошол жакка жөнөп калды. Ал жерде бир күндөй болуп, анан айлына кайта келаткан. Жолдо Айбулактын баласы Шаран жеерде атын минип катуу келатканын көрдү. «Эмнеге келатат, деги бейкуттук болсо экен,-деп санаага батып ойлонуп келатты. Жакындаганда баланын өңүн караса кубанычтын элеси чачырайт. Ата кубанып кетти, «Жакшылыкты кабарлаганы келаткан окшойт».