Выбрать главу

– Орозбакты ата сүйүнчү тай үйрөтө, куш салаар эркек балалуу болдуңуз.

– Алатуяк айгырдын үйрүнөн мине турган бир жабага алгын.

Бала күлүп:

– Ата ал аздык кылат го.

– Анда бир эле кулундуу бээ алчы.

Ата ойлонуп калды: «Айбулакты тартып баласы да купшуңдаган шумурай неме болот го» -деди оюунда жылмая.

Ата жол улап келатты. Жолуккандар «Бешик бооң, бек болсун», деп куттуктап жатышты. «Айтканың келсин» деди ата. Жараткандан бата алып, баланын атын берки балдарына уйкаштырып, Мырзакулмырза деп койду. Бала олбурлуу болуп төрөлүп, үнү да жоон болчу. Ата ойлоноор эле « Балам ушундай күндө эл коргоор баатыр болсо» деп кыялданчу. Кудай берип ошол кыялы ишке ашчудай болду. «Бешик баласы беш түлөйт болуп» уландын ден соолугу чың тарта бат эле чоңоё берди. Анын денеси чымыр, кең далылуу тартып, өзү теңдүү балдарды күрөшкөндө оңой эле көтөрүп чаап жеңип койчу. «Жоо жакадан алып турат» -деп жигиттерди найза сайганды, кылыч чапканды деги койчу ар андай душман менен согушуунун айла-амалдарын үйрөнүшчү.

Мезгил өтүп, айлыр жылып Орозбакты ата беш балалуу болду. «Балдарым элге теек болобу»– деп кубанчу. Кубанбаганда эмне кылат. Быякта тоодон ары калмактар, бизден нары ала чапан кийип өзбектер, түштүктө аттын жалы менен ойноп уйгурлар, түндүк тарабыбызда кээде тууган, кээде душман болуп, казак эли турат. Ал эми кара кытайлар такыр элдешкис журт. Ушундай ойлорду ойлоп, Орозбакты ата санаага батып: «Элди-жерди коргогон баатыр азаматтар керек болуп жатпайбы» деп, түбү уюуткулуу байыркыдан бери келаткан кыргыз элин сактагысы келет. «Ушул уюуткулуу эл душманга туруштук бере албай жок болуп кетеби?»

Санжырачылардын айтымы боюнча Орозбакты кыраакы, ата-бабанын баянын түп-нускасына чейин билген сөзмөр, чечен, өтө сыпаа адам болуптур. Ал береги Нух пайгамбар, Кам, Яфас, Сам, Искак, Смагул, Муратай жөнүндө баяндарды, Монгол заманындагы чабуулдарды, уйгурлардын капшабын, түрктөрдүн басып кирүүлөрүн, Култегин, Барс бек жана башка баяндарды козгоп, карыялардын үнүндөй добушу коңур жаралып, сөздөрү бир-бирине кынапталып, эң эле уккулуктуу болчу. Анын санжыра айтып жаткандагы добушу комуздун миң кайрыгына окшошуп кетеер эле. Карыялар байыркы бабаларыбыздын санжырасын айтып, кеп сөздөрүн ачыкка чыгарып, бир кумардан канышчу. Алардын жанында балдары отуруп, ак сакалдардын кеп, сөзүн тыңшап отура беришчү. Абышкалар муну да жактырып, «Жаштарыбыз угуп калсын, алар бизден кийинки муундарга айта барышсын, биздин баяндарыбыз унутулуп калбасын»» дечү. Карыялар дөң үстүндө чогулушуп, узак сөзгө кириши жаштар үчүн өзүнчө бир майрам шаңга айлангангандай окуя болчу.

Бул кезде Орозбакты ата беш балалуу болуп калган. Ал күлүңдөп:

– Балдарыбыздын баарыдыгы мырза болду. Эми ушул ысымды булгабай жүрүшсө экен. Абышкасынын сөзүн угуп кемпири:

– Ата-бабанын арбагы колдоп, эсен-соо эле болсо болду. Баса кара карга баласын аппагым,– дейт экен. Эне кантип эле ушуларды жаманчылыкка кыйсын. Жада калса, колдун беш бармагы да ар түрдүү болот экен. Беш баланын кыялын беш башка жаратып койгон тура. Арыкмырза эл башкарып акыйкаттуу адам болуп, анын сөзүн калыстыгын башкалар эң туура жактырышчу. Мырзакулмырза баатыр чалыш ага кудайым ошондой күч ыйгарыптыр. Асманмырза менен Карамырза аңчылыкка, Токочмырза жер иштетип, мал бакканга шыктуу эле. Аларды тагдыр ошондой кылып койсо керек. Ошол кезде көлдүн ары чыгышындагы калмактар жер талашып алар анда-мында майда чапкынды пайда кылып турду. Бирин-экиндеп кыргыздардын жылкысына тийип, малын чаап, ар кандай кабалаңдарды алып келет. Текес, Сары Жаз андан аркы чыгыш тарпаптагы калмактар кыргыздарды чаап ат ойнотуп таптырбай кетип жатты. Ошол калмактар Орозбакты атанын малына тийип чаап турду. Баарынан эң тозогу калмактын беш мергени чыкты. Алар көзгө атаар өз журтуна аты чыккан мергендерден эле. Тоо кайберендерин кой бирин-экин малды атып, алып кетип турду. Кээ бир кыргыз адамдарына кол салып аларды түп оорду менен жок кылып жатышты. Тээ төмөнкү айылдан эки мерген өткөн күздө жок болду. Алардын шегин ушул калмактын беш мергенинен көрүп жүрүштү. Өткөн эле жылы Ат- Жайлоого конгон кыргыздардын эки жигити мал-жаны менен жок болду. Алардын жок болгонун ушулардан көрүп жатышты. Иши кылып алар бир четинен шек билгизбей ушундай азап-тозокторду жаратып жатты. Алар жөнүндө мындай ыр бар эле:

Калмактардын беш мерген,

Мылтыгын түз мээлеген.

Катылгандар такыр оңбогон,

Шыпшайдар сындуу сомдогон.

Орозбакты ата ошолорду кандай кылып жоготууну ойлоп жатты. Алардын капшабы жалпы калайыкка тийип жатпайбы.

Мырзакулмырза далай аң терилерин берип отуруп, казак туугандар аркылуу орус көпөстөрүнөн бат атма сонун эки мылтык сатып алган. Бир күнү Мырзакулмырза иниси Карамырзага кайрылды: