Выбрать главу

– Айланайын эл журт бир балакет болбосо экен, бул тозок адам пендесине көрүнүп, жер үстүндө киши задиси кызыл кыргын, кара сүргүнгө кабалып азап тартпсын. Жер бетиндеги жазыксыз адамдарды тирүү койсо экен. Көзү ачык бакшы жаны тынбай секирип баардык жерге ушул сөзүн айтып чыгыптыр. Кыраакы бакшы туура эле айткан окшойт. Ошол бала төрөлөөрдө энеси бир кызык түш көрүптүр. Бала жөрмөлөп отуруп туу чокуга чыгат. Тоонун этегинде эл быкпырдай кайнап, журт балага ийлип таазим кылат. Тоонун башында ак кар көк муз эрип суу ташкындап кыян агып жаткан имиш. Бала сууга кылыч, найза, жаа салып агызып жатат. Суу элге жетип, алиги куралдар калың журтту өзүнөн-өзү эле өлтүрүп кирет. Өлгөн адамдарды быкпырдай кылып суу агызып жаткан экен. Агып жаткан суу суу эмес эле, кандуу дарыяга окшошот. Азаптуу сууда адамдын баштары, буту, колу, денеси агып жаткан болот. Чынгыз хандын энеси Оолун суу башында туруп, баласына карап:

– Темүчүн бул эмне кылганың, адамдар тынч өмүр сүрсүн!

– Жок эне мен ааламга чаң чыгарыш үчүн төрөлгөм, ошол бойдон калам. Ааламдагы элдер мага баш ийиш керек эгерде баш ийбесе суу кан болот.

– Антпе балам, адамдарга тынчтык керек, алар тынч жашасын. Алар тынч жашап жакшы өмүр өткөрүш үчүн төрөлгөн. Жараткан эгем да ошону каалайт!

– Жок мен туу чокуга жетем, мен кан агызып отуруп бийликке барам. Мен ааламды башкарып анын эгеси болом!

– Кой, уулум антпе, биз тынч жашайлы, сенин атаң, анын атасы да кийинки аталар да тынч жашап келген. Сен тоодон түшүп кел,кан акпасын!

Ушул кезде Оолун ойгонду аябай тердеп кетиптир.

Жанагы көзү ачык бакшы боло турган окуяны чын эле болжолдогон окшойт.

Темүчүн желмогуз ошентип эр жетип чоңоёт. Чоңойгондо эле ал аскер курап, баш ийбеген журтка кан агызып, тынч жаткан тайпаларды багындырып кырып келатты.

Отургандардын баардыгы катуу санаага чырмалат. Алардын бул ойлонуусунда «Эми биздин тагдырыбыз эмне болот?»– деген божомолдор бар эле. Улуу Кемжет кем (Жогорку Эне Сай) Кичи кем ( Кичи Эне Сай) дарыяларына, Миң Суу өзөнүн мекендеген туягы курч, шамал эшкен басканда арыбас, күлүк аттарын минип курч кылыч, калкандарын колуна кармаган журт, ааламды басып алууга аракет кылган Темүчүндүн жүз миңдеген жоокерлеринин келишин билгенде тымтырс болуп ойлонуп жатышты…

Дагы бир абышка кайталап сурады:

– Анын жети атасы каргыз дедиңби, кайталап айтчы, түшүнбөй калдым?

– Ооба анын ата теги санжыра боюнча кыргыз дешет.Биздин ушул эле Миң Суу өзөнүн жердеген Маалик деген адам бир себеп менен туткунга түшүп, монголдорго кетет. Ал ошол жерде жашап, чыныбы, калпыбы алиги аял менен байланышат. Ургаачы улама боюнча ал кишиден үч бала төрөп алат. Баарысы тең азырка Темүчүнгө окшош чачы сары, көк көз Темүчүн ошол жети атасын тартып калса керек. Өңүнө караганда аны биздин тукум деп эсептөөгө болот,– бул сөздү укканда баарынын өңүндө кубанычтын элеси чачырай түштү.

Дагы бирөө күлүп:

– Биздин тукум болсо, эмне бизге каршы кол аттантып жатат. Эми биз менен каршы күрөшөбү.

Баары күлүп калышты.

– Кыргыз каны менен монголдун каны бириксе, көк бет болуп, бүткүл ааламды чаңызгытып бушайман кылбайбы.

– Алар жер жайнаган кара кытайларга да коркунучтуу душман болуптур.

Отургандар жоонун каардуу, сүрдүү, күчтүү, жеңилбес экенин билип ойлонуп отуруп калышты. Алар «эмне болобуз» деп өз күнүн ойлонот. Булардын келечегине кандайдыр бир шектүү жаман окуялар башын кылтыйтып турду.

Бирөө:

– Чектеш Тумат эли менен биригип, Темүчүндүн колуна каршылык кылсак эмне болот.

Демейде чечкиндүү ажо Ырыс, Алдиер, Олебектер да тунжурап отурушат.

Олебек:

– Едине келсин ал эмне айтаар экен. Ошонун пикирин угалы.

Отургандар эт жеп, кымыз ичип анан тарап кетишти.

Кыргыз билермандары кечинде жыйын курмай болуп, баардык жерге кабар таратышты.

Түн кирип эртеси таң атты. Дагы бир күн өттү. Түн кирип дагы таң атты. Эки күн өттү. Касиеттү кыргыз эли. Миң Өзөн жергеси. Токой жолу. Асманы ачык, ай жарык. Жери жер, суусу суу болуп жайкалат. Калың токой анын арасында түркүн куштар үн безеп сайрашат. Жайыттан ат кишенеп, кой маарайт. Токойдун арасындагы булактан эки бугу суу ичип, чар тарапты абайлай карап, калың черге кирип кетишти. Тээ береги жайык талаа. Ал чоң карагайдан кураштырып салынган үйдүн жанында бийик даракта көгүш желек желбирейт. Береги мелтиреген жып-жылма улуу аска, байыркы замандан бери ичине сыр катып жаткансыйт. Асканын жанында улуу карагай ыргалып, анын канча жашка чыкканы белгисиз. Анын башына кыраан бүркүт жылда уялайт. Анын уясы ар кандай чычырганак, талдан жана башка бадалдан бекем салынып, жаныбардын жүнү менен жылууланат. Азыр бүркүт эне уяны басып, кыраан ата ага ар кандай азыктарды ташып берип, балапанын учуруп кеткен. Эки бүркүт балапандарын аман-эсен басып чыгарсын. Бар бол туулган жеримдин кыраан бүркүттөрү! Сенин шаңшыган сүрдүү үнүң биз жашаган жерден алыска-алыска угулсун! Биз сени менен сыймыктаналы! Бар бол касиеттү Эне Сайжерим!