Выбрать главу

– Бүгүн мен жылкы кайтарып келейинчи.

Аялы көңүлдөнбөй:

– Жылкыны жылкычылар эле кайтарат, сен ооруп жүрөсүң эки жакка көп чыкпа жаның кыйналып турат.

– Ошондой болсо да кайтарып келейин, жылкы кайтарганды сагындым.

– Бүгүн эле кайтарып келем.

Ал ооруса да жылкычылар менен жылкы кайтарып жүрдү.

Атам замандан бери кыргыз эли душманынан сактанып, ары бир удургуп, бери бир удургуп көчүп жүрдү. Алар жөн эле көчпөй азык аш тамагы малы менен көчүп жүрдү. Жанында Камбар Ата баласы колдогон жылкы. Чолпон Ата тукуму колдогон уй болду. Аларсыз кыргыз эли бир жерден экинчи жерге көчпөйт эле. Ошолорду багып, ачка кезде ошолорду азык кыла тамактанып жеп жүрдү. Жылкы баласын жылкычылар багып, аны душман көзүнөн сактайт. Аларды жөн эле бакпайт, алардын жүрөгүндө байыртадан келаткан кыргыз эли жараткан кыргыз ырлары болгон. Алардын жан дүйнөсү ошол ырлар менен байланыша кан-жанына ширелген. Кыргыз эли байыртадан бери ошол ырлар менен жашап келген. Шок жигиттер жылкы үстүндө жүрүп алым сабак ыр айтып, же шырылдаң ырын созуп жиберип жатышты.

Султан аттуу шырылдаң,

Шырылдаң биздин шыйкыбыз.

Бүгүн канды уйкубуз.

Эсен болсо жылкыбыз,

Эртең канаар уйкубуз.

Мырзакулмырза жылкы четинде ушул ырды эстеди. Өзү да ыр ырдап ушул ырды созуп калаар эле. Жылкы четинде жүрүп, анын эсине өткөн элестер закымдап келе берди, келе берди… Ал окуялар кандай болду эле…

Жылкы четинде далай жайкы түндөр өттү. Жаадыраган сонун күндөр өттү. Жылкы четинде туруп жаратылышты кароо кандай сонун. Адамдын өлбөс өмүрү акырындап закым салып токтобой өтө берет. Ар бир жаратылыштын өзүнчө өлбөс түбөлүктүү ыры бар. Эки жакты карагылачы, жаратылыш койнун ачып түгөнбөй мемиреп келе берет. Жайдын сулуу түнү бат эле атып, улуу тоодон күн жаадырап чыга келет. Анан жаратылыш эне өзүнүн ырын ырдап кирет. Талааны эш туткан талаа канаттуулар учуп жүрөт. Учкул канаттуу айры куйрук асманда сызып баратса, курк-курк этип, азык издеп кузгун кайдадыр бир жакка шашылат. Түз жерде сары чычкандар ийин казып өзүнүн тиричилигин өтөйт. Дөбөлүү жерде суур ийин казып, чоп издеп ары-бери томураңдап чуркайт. Тигинде чакчыгай таш үстүнө чыгып өзүнүн өлбөс ырын ырдап жатат. Ушунун баары баатырдын көңүлүн көтөрүп турду. Ушул ыргак менен ал өткөн таттуу өмүрүн эстеп, унутпай кайра-кайра эскере бергиси келет. Бирок анын ич оорусу кийинки күндө улам күчөп кара жанын кыйнап келет. Дагы эмнелер өттү эле, өткөн баянды дагы эле көз алдынан сыдыра эскере бергиси келет. Баса анын күлүк таптаган жылдарычы. Баатыр Камбар Ата тукумуна өтө ынак болуп калды. Ал чабандес менен биригип, күлүк таптай баштады. Алгачкы таптаган күлүктөрү анча жеңишке жетип байгени алган жок, бирок кийинки күлүктөрү байгени бербей зымырап чыгып келип баатырдын атын алыска таратты. Ал жылкы кайтарып жүргөндө ар бир кулунду байкоого алып, анан ошол күлүктү кичине чоңойтуп саяпкерлер менен кеңешип таптоого алчу. Ошондо анын күлүктөрү казак, калмак, жана башка жерде жарышка түшүп байге алып бүтүндөй элди дүңгүрөтүп келгени анын эсине кайта-кайта, келип-кетип турду. Анын Алажорго, Актуяк, Торукашка, Алабайтал, эмне деген күлүктөрү бар эле. Айрыкча Мырзакулмырза Алажоргону минип башында кундуз тебетей, кийгени карышкыр ичик, бутунда өзбектерден алып келген маасы, колунда жылан боор камчы, жол менен жорго салдырып баратканда суктанбаган адам болгон эмес экен. Ошондон мындай деген ыр жаралыптыр.

Мырзакулдун Алажорго,

Миң жылкыгы бергис жорго.

Канаттуу күлүк экен деп,

Кабары кеткен оң солго.

Мырзакулдун Алажорго

Чуркаганда караандатпайт.

Арыбай чуркап алганда,

Артында гана чаң калат.

Башкаларга алмашкыс

Баасы бар анын миң аттык,

Айбандан башка жаралган

Алажорго тулпар жарыктык.

Ошол Алажоргону кимдер гана сурабады. Баардыгы сурашты бирок бир да кишиге бербеди. «Алажорго минген айдыңдуу кез өткөн экен»– деди. Ал жылкынын жанында туруп көп нерсени ойлонуп жатты. Анын Актуяк, Торукашка күлүгү дубан жарган биринчи күлүктөрдөн болду. Бир жолу биринчи байгеге жүз кой, он беш жылкы алган күнү эсинен кетпей калыптыр. Мырзакулмырза ошол байгенин баардыгын элге таратып берип, журттун алкышын албадыбы. Баатырдын күлүгү чыгып келгенде токмо акын аны туура бир саат мактап ырдаган. Ошол төкмө акындын ыры элдин эсинде унутулбай калыптыр. Баатыр токмо акынга байгеден алган жыйырма кой жана бир жылкыны бөлдүрүп бергени анын эсинен кетпей калыптыр. Байгени алган жер Нарындын Ийри Суусу деген аймак эле. Ошол байге алган жерден, баатырдын турагы Калак Ташка чейин анын жигиттери айлананы дүңгүрөтүп улак тартып келгени жалпы жумурай журттун эсинен кантип кетсин. Кетпейт го.